Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова

Клара Сооронкулова президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди

146
(жаңыланган 13:39 11.11.2020)
Талапкер буга чейин 4-октябрдагы парламенттик шайлоого "Реформа" партиясынын лидери катары катышкан болчу.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы кабарлады.

Ал БШКга бүгүн, 11-ноябрда, өзүн-өзү талапкерликке көрсөтүү жолу менен кайрылган.

Клара Сооронкулова жыйынтыгы жокко чыгарылган 4-октябрдагы парламенттик шайлоого "Реформа" партиясынын лидери катары катышкан болчу.

Жапаров менен жолуккан Бабанов президенттик шайлоого катышпай турганын айтты

Ушуну менен мамлекет башчылыкка өзүн көрсөтүү ниетин билдирген жарандардын саны 12ге жетти.

146
Белгилер:
арыз, катышуучу, президенттик шайлоо, Клара Сооронкулова
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021 (39)
Тема боюнча
Нурлан Мотуев президенттикке талапкерлигин койду
Канат Исаев президенттик шайлоого аттанган 7-талапкер болуп БШКга кайрылды
Социалдык фонддун жетекчиси Медер Ирсалиев. Архив

Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиев эки айга тергөө абагына камалды

30
(жаңыланган 13:51 24.11.2020)
Ирсалиев кол алдындагы кызматкерлерден мыйзамсыз акча талап кылган деп шектелип, 19-ноябрда кармалган.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Биринчи май райондук соту Социалдык фонддун жетекчиси Медер Ирсалиевдин баш коргоо чарасын тандады.

Маалыматка ылайык, Ирсалиев УКМКнын тергөө абагына 17-январга чейин камалды. Соттун мындай чечими 20-ноябрда кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Соцфонддун төрагасын УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы 19-ноябрда кармаган. Ирсалиев кол алдындагылардан мыйзамсыз акча талап кылган деп шектелүүдө. Анын алдында ушундай эле айыптоо менен Социалдык фонддун аппарат жетекчиси Акылбек Байдылдаев да кармалган.

30
Белгилер:
тергөө, камоо, Медер Ирсалиев, Социалдык фонд
Тема боюнча
УКМК: ИИМдин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды
Жаңы дайындалган Октябрь районунун акими коррупцияга шектелип кармалды
Мурдагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт

Жапаров референдумга Конституция эмес, башка маселени алып чыгууну сунуштады

718
(жаңыланган 10:38 24.11.2020)
Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дагы кандай система менен өтүшү керектигин элдин тандоосуна коюу тууралуу пикирин айтты.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Мурдагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров жаңы Конституцияны кабыл алуу кийинкиге жылдырылганын айтып, алгач эл кандай башкарууну каалап жатканын билип алууну сунуштады.

Анын айтымында, мындай суроо менен президенттик шайлоодо референдум өткөрүлүшү керек.

"Былтыр депутат Курманкул Зулушев "Парламенттик же президенттик башкарууну каалайсыңбы?" деп референдум өткөрүүнү Жогорку Кеңештин кароосуна киргизген. Мен ошол суроону президенттик шайлоого кошуп референдумга койсо деп суранып кетет элем. Көчөгө чыгып эки тарап болуп кыйкырышып жатышат, жалпы элдин пикирин угалы. Андан кийин ошого карап бүгүн талкууланып жаткан Конституцияны кабыл алалы", — деди Жапаров.

Ошондой эле ал экинчи графа менен "ЖК депутаттарын шайлоо бир мандаттуу жана партиялык тизме мененби же мурдагыдай эле партиялык тизме боюнча болсунбу?" деген суроону да элдин тандоосуна коюуну сунуштады. Аралаш шайлоодо 35и бир мандаттуу, 55и партиялык тизме менен парламентке келет.

718
Белгилер:
башкаруу, тандоо, эл, шайлоо, референдум, Садыр Жапаров
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум
Тема боюнча
Конституциялык кеңешмеде Кыргызстандын аталышын өзгөртүү сунушталды
Курултайды элдин 51 пайызы колдойт. Конституциялык кеңешме эмнени талкуулады
Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы тынчтык митинги өтүүдө

Антонина Шевченконун учакты башкарып, асманда калкыган видеосу

0
UFC уюмунун кыргызстандык мушкери Антонина Шевченко бир моторлуу учакты өзү баштарып, чакан авиациядагы жолу тууралуу кеп кылган берүү даярдалды.

"Путь Пилота" YouTube каналына "Пантера" каймана аты бар мушкер кыздын чакан авиациядагы жолу, өзү сатып алган учагы жана кантип учкуч болуп калгандыгы тууралуу айтып берди.

Спортчунун айтымында, ага учкуч болуу идеясы келгенине көп болгон. Бирок ал кыялын ишке ашырууну АКШга барганда көздөй баштаган. Былтыр февраль айында Лас-Вегас шаарында учкучтар мектебине барган. Алгачкы ирет сентябрь айында өз алдынча учуп, декабрда жеке учкучтун сертификатын алган.

Антонина Шевченко — UFC уюмунун кыргызстандык мушкери, белгилүү спортчу Валентина Шевченконун бир тууганы.

0
Белгилер:
Берүү, видео, Учкуч, Антонина Шевченко
Тема боюнча
Майянын кашын жарып салды. Шевченко чемпиондугун коргогон беттештин видеосу