Шайлоо учурунда киши добуш берит турат. Архив

ЖКнын шайлоо босогосу менен күрөө көлөмү кыскарды. Мыйзамга кол коюлду

395
(жаңыланган 19:02 11.11.2020)
Кабыл алынган мыйзам элдин кызыкчылыктарын билдирген саясий күчтѳрдүн парламенттеги ѳкүлчүлүгүн кеңейтүү үчүн укуктук шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчынын милдетин аткаруучу Садыр Жапаров "Президент жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты.

Мыйзам 2020-жылдын 22-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам элдин кызыкчылыктарын билдирген саясий күчтѳрдүн парламенттеги ѳкүлчүлүгүн кеңейтүү үчүн укуктук шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.

Садыр Жапаров ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлерине КРдеги шайлоо таза өтөрүн айтты

Аталган мыйзам менен киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, төмөнкүлөр каралган:

  • Өлкө аймагында толугу менен 2-форма аркылуу арыз берүү жокко чыгарылды. Кыргызстандын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн шайлоочулар гана 2-форма менен арыз берүүгө укуктуу;
  • шайлоо күрөөсү Президенттикке талапкерлерге, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партияларга добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 1 пайыздан кем эмесин алгандарга кайтарылып берилет (мурун бул көрсөткүч 5 пайыздан кем эмес болчу);
  • шайлоо күрөөсү 5 млн. сомдон 1 млн. сомго түшүрүлгөн;
  • шайлоо босогосу 7 пайыздан 3 пайызга түшүрүлгөн.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

395
Белгилер:
күрөө, кодекс, шайлоо, Кыргызстан
Тема:
Жогорку Кеңешке боло турган кайра шайлоо (26)
Тема боюнча
БШК парламенттик шайлоону 20-декабрда өткөрүүгө камынууда
Жогорку соттун Конституциялык палатасынын отуруму

КП ЖК мөөнөтүнүн узартылышын мыйзамдуу деп тапты. Жыйында тараптар эмне деди

109
(жаңыланган 19:40 02.12.2020)
Доогерлер парламенттик шайлоонун жылдырылышы бийликти узурпациялоодон кабар берерин айтууда. Ал эми Жогорку Кеңештин өкүлдөрү буга пандемия менен өлкөдөгү кырдаал таасир эткенин билдирип, тараптар кызыл чеке болушту.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жогорку соттун Конституциялык палатасы (КП) парламенттин мөөнөтүнүн узартылышын мыйзамдуу деп тапты. Бул чечим акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт. 

КПнын отуруму бүгүн, 2-декабрда, болуп, акыркы чечим кабыл алынды.

Белгилей кетсек, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону кайрадан өткөрүүнү 20-декабрга дайындаган. Бирок анын эртеси Жогорку Кеңеш шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу, башкача айтканда, БШК таянып иш алып барып жаткан беренени токтото туруу мыйзамын кабыл алды. Ага ылайык, шайлоо күнү конституциялык реформадан кийин, 2021-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөткө белгиленген. Аталган мыйзамга ошол убактагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.

Ал эми БШК өз мөөнөтүндө өткөрүү талабы менен Жогорку сотко чейин даттанып утулуп калган.

КП кимдердин жүйөсүн укту?

Конституциялык палата даттануучулар "Реформа" партиясынын төрайымы Клара Сооронкулованын жана жарандар Нурбек Касымбековдун, Таалайбек Усубалиевдин жана Жогорку Кеңеш өкүлдөрүнүн жүйөсүн укту. Ошондой эле президенттик аппарат менен Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү дагы позициясын айтты.

КПга арыз берген Сооронкулова Жогорку Кеңеш Конституциялык мыйзамды коомдук талкууга дагы койбой, бир сааттын аралыгында үч окуудан өткөрүп салганын белгиледи. Ал азыркы парламент легитимсиз отурат деген пикирде.

"Парламенттин мөөнөтүн узартууга пандемияга байланыштуу өлкөдө өзгөчө кырдаал режими күчүндө экени жүйө келтирилген. Эгер андай болсо 4-октябрда парламенттик шайлоо эмнеге өттү? Кантип президенттик шайлоо, референдум өткөрөбүз деп жатышат? Тескерисинче, парламенттик шайлоону биринчи өткөрүш керек эле. Жогорку Кеңештин депутаттары өз укуктарынан аша чаап кетти", — деди Сооронкулова.

Парламенттик шайлоону жылдыруу абалды турукташтырды

Жоопкер катары келген Жогорку Кеңештин өкүлү Камила Бейшенбек кызы доогерлердин даттануусун четке кагууну өтүндү.

"Бул мыйзам өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу, тартипти, коопсуздукту сактоо жана социалдык-экономикалык кырдаалды жайгаруу үчүн кабыл алынды. Пандемия маалында тынымсыз митингдердин өтүшүнөн көп адамдын ден соолугуна зыян келип, башаламандыктар токтобойт болчу. Бюджет дефицит болуп, парламенттик шайлоого каражат дагы табылбай жаткан. Ал мыйзам бийликти узурпациялоого багытталган эмес. Андыктан доогерлердин кайрылуусун канааттандырбоону өтүнөм", — деди ЖК юристи.

Ошондой эле ал 22-октябрда мыйзам демилгеленип, ошол эле күнү коомдук талкууга коюлуп, экспертизадан өтүп, комитеттерден колдоо таап, жалпы жыйында үч окууда кабыл алынганын моюндады.

Сооронкулова мыйзам жок дегенде коомдук талкууда бир күн турушу керектигин айтканда ЖКнын дагы бир өкүлү Максат Орозбек уулу парламенттин сайты хакердик чабуулга туш болгондуктан эртерээк чыгарууга мүмкүн болбогонун билдирди.

Элдин талабы...

Андан соң Сооронкулова эмне үчүн президенттик шайлоо менен референдумга табылган каражат парламенттик шайлоого табылбай жатканын таң калуу менен сурады.

"5-6-октябрда митингге чыккан элдин талабы Конституциялык реформа жүргүзүү болгон. Ошондуктан референдумдан кийин парламенттик шайлоо өткөрүү каралган. Шайлоо сөзсүз түрдө июнда эмес, андан эрте да болушу мүмкүн", — деди Бейшенбек кызы.

Деген менен Сооронкулова эл шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн митингге чыкканын айтып өттү. Ал эми жалпы элдин талабы экенин кандай жол менен аныкталганы боюнча суроого ЖКнын өкүлү жооп бере алган жок.

Даттануучулардын бири Нурбек Касымбекова: "Эгер Конституциялык реформа 2021-жылдын июнь айына чейин бүтпөсө, ЖК мөөнөтүн дагы алты айга узартып алышы мүмкүнбү?" — деп сурады. Ага Бейшенбек кызы "ооба, мөөнөтүн дагы узартып алса болот" деп жооп берди.

Президенттик аппараттын өкүлү Таштанбек Чилдебаев судьялардан даттануучулардын кайрылуусун канааттандыруудан баш тартууну сурады.

Ал эми БШКнын юристи Адилет Шаршеналы уулу алгач парламенттик шайлоо 20-декабрга дайындалганын, бирок сот ал токтомду жокко чыгарганын маалымдады.

Референдум болсо шайлоо мыйзамдарын дагы өзгөртүү керек

Аягында жыйынтыктоочу сөз берилип, Клара Сооронкулова жоопкер тараптан ынанымдуу жооп ала албаганын айтты.

"Азыр күлүшүмдү же ыйлашымды билбей турам. Шайлоону жылдыруу зарылчылыгы боюнча мени ынандыра турган бир дагы жүйөлүү аргумент уккан жокмун. Эгер биз пандемия жана өзгөчө кырдаалга таянып баарын жасай берсек, укуктук башаламандыкка кептелебиз. Азыр бийликти узурпациялоо процесси жүрүп жатат. Бул иштерге каршы тура алган, жападан жалгыз күч — Конституциялык палата", — деп көз жашын тыя албай калды Сооронкулова.

Мындан улам башкалар жыйынтыктоочу сөзүн айтып бүткөндөн кийин ал кайра чыгып сүйлөдү. Даттануучунун айтымында, эгер референдум өтүп жарымын бир мандаттуу система менен тандоо кабыл алынса, шайлоо мыйзамдарын дагы өзгөртүүгө туура келет. Муну менен парламенттик шайлоо күзгө чейин созуктурулуп кетиши ыктымал.

Андан соң судьялар кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетип беш сааттан кийин келди.

Отурумга КПнын төрагасы Карыбек Дүйшеев жетекчилик кылып, жети мүчөсү (судьялар) катышты:

  • Эмил Өскөнбаев;
  • Жедигер Саалаев;
  • Мээргүл Бобукеева;
  • Латип Жумабаев;
  • Мукамбет Касымалиев;
  • Кырккелди Кыдырбаев;
  • Жамил Шаршеналиев.

Венеция комиссиясы артын салабы?

Буга чейин Конституциялык палата Венеция комиссиясына дал ушул жагдай боюнча кайрылып, жооп алган.

Комиссиянын корутундусунда азыркы парламент өзгөчө чараларды, анын ичинде конституциялык реформаны жүргүзө албай турганы белгиленген. Ошондой эле конституциялык мыйзам токтоп, шайлоонун мөөнөтү жылдырылганына жана демократиялык оюндун эрежелери бузулганына кабатырланган.

109
Белгилер:
мөөнөт, шайлоо, Парламент, чечим
Тема боюнча
Садыр Жапаров ЖК кабыл алган шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол койду
Парламенттик шайлоо жылса өлкөдөгү абал кандай өзгөрөт? Юристтердин пикири
Нефть казуучу платформа. Архив

Нефтини кайра иштетүү боюнча Кытай АКШдан озуп баратат. Мындан Россия утабы?

11
Пекин нефтини иштетүү жаатында күчтөнүп, бензин менен дизель майына басым жасоодо. Кийинки жылы КЭР бул көрсөткүч боюнча АКШдан озуп өтөт.

Америкалыктар ИДП боюнча да артта калары боолголонууда. Бирок айрым аналитиктердин айтымында, кытайлыктарга пандемия тоскоол болушу мүмкүн. Абалга РИА Новости сереп салды.

Лидердин алмашуусу

КЭРдин мамлекеттик статистика бюросунун маалыматы боюнча, октябрда нефтини кайра иштетүү эки жарым эсеге көбөйүп, суткасына 14,09 миллион баррелге жеткен. Бул тарыхтагы рекорддук көрсөткүч. АКШда бул убакытта болгону 13,5 миллион баррель болчу.

Кытайлыктар муну менен эле токтоп калгысы жок. Кийинки жылдын соңунда нефтини кайра иштетүүчү эки завод ачыларын Эл аралык энергетика комитети ноябрдагы докладында айтты. Өндүрүш негизи 2023-жылы ишке кирет деп пландалган болчу.

Мындан тышкары, жалпы кубаттуулугу суткасына 1,2 миллион баррелге жеткен дагы төрт завод курулуп жатат. Мынча көлөмдү, мисалы, Улуу Британия өзү араң өндүрөт.

Кытай ондогон жылдардан бери бензин менен дизелге болгон суроо-талапты канааттандырууга аракет кылып келет. Эми минтип берекесин көрө баштаганы калды.

"2000-жылдан бери өлкө мунай зат өндүрүүнү үч эсе жогорулатты. 2025-жылга чейин суткасына 20 миллион баррелге чейинки көрсөткүчкө жетет", — деди ТелеТрейд маалымат-аналитикалык борборунун башкы экономисти Марк Гойхман.

Маектеш АКШ өткөн кылымдан бери ээлеп келе жаткан биринчи орундан 2021-жылы эле сүрүлөрүн белгиледи.

АКШнын нефтинин кайра иштетүүчү заводдору мунайдын арзандашынан кийин келген төмөнкү маржиналдуулуктан улам жабылууда. Узап бараткан жылы кара алтын минимумун бир нече ирет жаңылаган. Мисалы, 18-мартта Brent үлгүсү 15 пайызга арзандап, 2003-жылдан бери биринчи жолу баррели 24,52 долларга бааланды.

Мунайга дүйнө жүзүндө да суроо-талап төмөндөдү. Андыктан нефтини кайра иштетүү 1,7 миллион баррелге чейин түштү. Мунун басымдуу бөлүгү дал ушул америкалык заводдорго туура келет. "Айрымдары жабылып, дагы бири модернизициялоого муктаж. Кээсин жыл сайын Мексика куймасынын жээгинен өтчү урагандан кийин калыбына келтирүү керек", — деп оюн улантты Гойхман.

Жашыл энергетика: ким жеңип, ким жеңилет

Кытайдын ийгилигинин дагы бир сыры — коронавирус менен натыйжалуу күрөшү. Бул тууралуу "Алор Брокердин" башкы аналитиги Алексей Антонов билдирди. Анын айтымында, КЭР экономикасы калыбына келип, туруктуулугун көрсөтүп жатса, Европа менен АКШ начарлоонун үстүндө.

Кытайлыктардын нефть иштетүүдө эле эмес, металлургияда да алдыда экени кокусунан эмес. Гойхман ушундай эле тенденция Индияда, Жакынкы Чыгышта да байкалып жатканын белгиледи. Мындай көрүнүш бүгүнкү күндүн талабына жооп бербей калган Батыштын, керек болсо Азиянын да компанияларынын жабылышын шарттап жатат.

Мындан тышкары, АКШ менен Европа акырындап көмүр суутегинен баш тартып, энергиянын альтернативдүү булактарына ыктоодо. Кытай болсо экологиялык милдеттемелерден бош.

"Кошмо Штаттар жашыл энергетикага басым жасап, КЭРди кирдеген өнөр жай аянтчасы катары көрсөтүү далалатында. Экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөр жаңылаган ресурстарга өтүүнү башкалардын эсебинен каржылап, аларды "экологиялык салык" төлөөгө да мажбур кылышат. Ак үйдө бул маселе менен саясий лөк, жаңы президент келгенден кийин климат маселелери боюнча атайын өкүл боло турган Жон Керри алпурушмакчы", — дейт Hamilton инвестициялык компаниясынын эксперти Антон Гринштейт.

Нефтиден көз каранды болгон Россия үчүн жашыл сценарий компаниялардын карызга батышын жана кирешенин азайышын шарттайт. "Чийки зат структурасын сактоо менен Россия экономикасы үчүн нефтини кайра иштетүү тармагында АКШнын лидерлиги алда канча пайдалуу", — дейт маектеш.

Марк Гойхман Россия 15-20 жылдан кийин нефтиден түшкөн кирешесинин ордун жаба турган башка булактар тууралуу ойлонушу кажет экенин белгиледи.

Жакынкы аралыкта Кытай мунай затты арбын колдонорун эске алып сырьену ушул багытта экспорттоого басым жасоо зарыл.

Пандемия: азиялык сценарий

Бирок бардык нерсе качандыр бир кезде соңуна чыгат. 2025-жылы КЭРдин өндүргөн продукциясынын көлөмү суроо-талаптан ашып кетиши толук ыктымал. Кытайдын CNPC нефть-газ корпорациясынын маалыматы боюнча, беш жылдан кийин нефть продуктулары суткасына 1,4 баррелге ашык өндүрүлө башташы мүмкүн.

"Азыр кытай нефть өндүрүүчүлөрү тышкы соодадагы чектөөсү үчүн АКШдан өч алып жаткандай. Мындай аракет менен өлкөнүн кадырын арттырууга да жан далбас жасалып жатат", — деп боолголоду Алексей Антонов.

Демек, алдыдагы 3-5 жылга саресеп салып отуруп, нефтини кайра иштетүүчү тармакта эле эмес, экономиканын башкы көрсөткүчү болгон ИДП боюнча да лидердин алмашуусу күтүлүп жатканын болжолдоого болот.

"Пандемияга чейин Кытайда АКШ экономикасын озуп өтүү үчүн беш жыл керек эле. Эми коронавируска каршы майнаптуу күрөшүүнүн негизинде кытайлыктар алдыга эртерээк чыга алышат", — деди Гринштейн.

Ал эми АКШ позициясын алдырууга даярбы? Бул башка маселе. Америка истеблишменти көйгөйдү экономикалык жактан да, дипломатиялык жол менен да чечүүгө аракет жасаган. Бирок ишке ашкан жок. Эми бийликке бизнесмен-президенттин ордуна саясатчы-президент келе турган болду.

Анын үстүнө Кытайда кайра иштетилген мунай затка суроо-талаптын өсүшү эпидемиологиялык абалдын жакшырганынан кабар берет. Бирок экинчи толкун Азиядан кыйгап өтөрү күмөн. Индонезия, Япония жана Түштүк Кореяда оору катталып жатат. Мындай көрүнүш тараза ташын оодарып жибериши мүмкүн.

11
Белгилер:
пандемия, экономика, завод, Мунай, нефть, Россия, АКШ, Кытай
Тема боюнча
Доору бүтүп баратабы? Мунай жаатында эсти оодарчу окуя күтүлүүдө