Жапаров Райым Матраимов кармалганда эмнени өтүнгөнүн айтып берди

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРРайымбек Матраимовдун кармалышы. Архив
Райымбек Матраимовдун кармалышы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
20-октябрда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов кармалган. Кийин ал бюджетке келтирген зыяндын ордун толтура баштаганы кабарланган.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райым Матраимов сыртка чыгарган мүлкүн кайтарып, келтирилген чыгымдын ордун толтуруп берейин деп сунуштады. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Ага журналисттер Райым Матраимовдун бошотулушу боюнча суроо беришкен.

"Матраимов аны камагандан эч кандай пайда чыкпасын айтып, андан көрө сыртка чыгарылган каражатты кайтарып, чыгымдын ордун толтуруп берүүнү сунуштады. Аны камап койгонубуз бюджетке бир тыйын алып келбейт. Мен УКМКнын жетекчилигине кайрылып, бул тууралуу өтүнүч кылгам. Бул дүйнөлүк практика, алган нерсени кайтарып бериш керек", — деди Жапаров.

Эске салсак, 20-октябрда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов кармалган. Кийин ал бюджетке келтирген зыяндын ордун толтура баштаганы кабарланган. Сотто баш коргоо чарасы каралып, сыртка чыкпоо боюнча тил кат менен үйүнө жиберилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0