Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров

Садыр Жапаров президенттин милдетин ким аткарып, премьерлик кимге өтөрүн айтты

767
(жаңыланган 18:42 12.11.2020)
Буга чейин Жапаров президенттик шайлоого катышууга камынып жаткандыктан, 14-ноябрда учурда аткарып жаткан кызматтарын өткөрүп берерин айткан.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруу Жогорку Кеңештин спикерине тиет, ал эми өкмөт башчылык кызматты биринчи вице-премьер аткарып калат. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров журналисттерге өткөргөн маалымат жыйында айтты.

Буга чейин Жапаров президенттик шайлоого катышууга камынып жаткандыктан, 14-ноябрда учурда аткарып жаткан кызматтарын өткөрүп берерин айткан.

Президенттин милдетин аткарган кызматын тапшыргандан кийин ал милдет автоматтык түрдө ЖКнын төрагасына, тагыраагы, Талант Мамытовго өтөрүн айтты.

ЖКнын шайлоо босогосу менен күрөө көлөмү кыскарды. Мыйзамга кол коюлду

Ал эми өкмөт башчылык кызматты биринчи вице-премьер Артем Новиков аткарып калат.

"Тагыраак айтканда, мыйзам боюнча шайлоого катышуу үчүн өкмөт башчылыгымды мен да тапшырышым керек", — деди Жапаров.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2021-жылы 10-январда өтөт. Конституция президенттин милдетин аткарып жаткан адам шайлоого катыша албайт.

767
Белгилер:
президенттик шайлоо, Талант Мамытов, Садыр Жапаров, Кыргызстан
Тема боюнча
Садыр Жапаров ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлерине КРдеги шайлоо таза өтөрүн айтты
Депутат ЖК 6-го созыва Омурбек Текебаев, лидер фракции Ата Мекен. Архивное фото

Сот Текебаев эмнеге депутаттык мандатынан ажырап жатканын түшүндүрдү

0
Сот Текебаевге мандатын кайтарып берүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы чыгарган токтомун жараксыз деп тапкан.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бишкек шаардык административдик соту Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевди мандатынан ажыратуу боюнча чыгарган чечимине түшүндүрмө берди.

Анда сот кечээ, 23-ноябрда, Текебаевге мандатын кайтарып берүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы чыгарган токтомун жараксыз деп тапканы айтылат. БШК өзүнүн токтому менен "КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык мыйзамды бузганы белгиленет.

Аталган токтомдо жазылгандай 2017-жылы Текебаевге карата соттун айыптоо өкүмү чыкканына байланыштуу анын депутаттык укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, мандаты партиянын кийинки тизмесинде турган талапкерге берилген. Бирок 2019-жылы Текебаевге чыккан өкүм Жогорку сот тарабынан жокко чыгарылып, жаңы жагдайларга байланыштуу ишти кайра кароого жөнөтүлгөндүктөн БШК мандатын кайтарып берген.

Ошондой эле Текебаев мандат алышы үчүн Жогорку Кеңештин бир депутаты кызматын тапшырганы кошумчаланган.

"Деген менен "КР президентин жана Жогорку Кеңешти шайлоо жөнүндө" Консититуциялык мыйзамдын 5-беренесинин 3-бөлүгүндө депутат мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетсе, анын ордуна партиянын кийинки тизмесиндеги адам мандат алышы керек. Ал эми Өмүрбек Текебаев андан кийинки сапта турган эмес. Дал ушундай мыйзам бузуу аныкталганы үчүн сот БШКнын токтомун жокко чыгарды", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин активист Темирлан Ормуков саясатчы мыйзамсыз түрдө мандатын кайтарып алганын айтып сотко кайрылган.

Өмүрбек Текебаев "Коррупция" беренеси боюнча соттолгонунан улам ажыраган мандатын кайтарып алуу боюнча арызын берген. Буга ага карата чыккан өкүм жокко чыгарылып, ишти кайра башынан кароого жөнөтүлгөнү негиз болгон. Борбордук шайлоо комиссиясы саясатчынын арызын 15-октябрда канааттандырып, Текебаев кайра депутат болуп парламентке кайтып келген.

0
Белгилер:
депутат, мандат, чечим, сот, Өмүрбек Текебаев
Социалдык фонддун жетекчиси Медер Ирсалиев. Архив

Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиев эки айга тергөө абагына камалды

33
(жаңыланган 13:51 24.11.2020)
Ирсалиев кол алдындагы кызматкерлерден мыйзамсыз акча талап кылган деп шектелип, 19-ноябрда кармалган.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Биринчи май райондук соту Социалдык фонддун жетекчиси Медер Ирсалиевдин баш коргоо чарасын тандады.

Маалыматка ылайык, Ирсалиев УКМКнын тергөө абагына 17-январга чейин камалды. Соттун мындай чечими 20-ноябрда кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Соцфонддун төрагасын УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы 19-ноябрда кармаган. Ирсалиев кол алдындагылардан мыйзамсыз акча талап кылган деп шектелүүдө. Анын алдында ушундай эле айыптоо менен Социалдык фонддун аппарат жетекчиси Акылбек Байдылдаев да кармалган.

33
Белгилер:
тергөө, камоо, Медер Ирсалиев, Социалдык фонд
Тема боюнча
УКМК: ИИМдин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды
Жаңы дайындалган Октябрь районунун акими коррупцияга шектелип кармалды