Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров элчилер менен жолугушуу учурунда

Жапаров чет өлкөлүк дипломаттарды жолугушууга эмнеге чакырганын түшүндүрдү

123
(жаңыланган 11:15 13.11.2020)
Президенттин милдетин аткаруучу буга чейинки эки жолку ыңкылапта мамлекет бир топ убакытка чейин укуктук талаага кире албай калгандыгын мисал келтирген.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Бул жолку элдик толкундоодон кийин өлкөдө ички саясий кырдаал турукташып, саясий процесстер конституциялык, мыйзамдык талаага тезинен кайтып келди. Мындай пикирин президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров элчилер менен жолугушуу учурунда билдирди.

Бүгүн Жапаров "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстанда иш алып барган чет өлкөнүн элчилери, ардактуу консулдары, эл аралык уюмдардын жана Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү менен жолугуп жатат.

"Биздин өлкөдө түзүлгөн коомдук-саясий кырдаал тууралуу ар кандай бүдөмүк ойлордун бардыгын ачыктап жана алып салуу үчүн ушундай форматта сиздер менен жолугушууну туура деп эсептедим. Кыргызстан өзүнүн чет өлкөлүк өнөктөштөрү, ошондой эле эл аралык жана регионалдык уюмдар менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө ар дайым кызыкдар. Ошондуктан бүгүнкү иш-чараны өзгөчө жолугушуу деп эсептейм", — деди Жапаров.

Жапаров чет өлкөлүк дипломаттарга октябрда эл эмнеге толкуганын айтып берди

Ошондой эле ал учурда бийликтин легитимдүүлүгү бекемделип, анын аткаруу органдары туруктуу режимде иштөөнү улантып жатканын белгиледи.

"Буга чейин Кыргызстанда болгон эки жолку революцияда мамлекетибиз бир топ убакытка чейин укуктук талаага кире албай калгандыгы эч кимге жашыруун эмес. Бул жолу өзүңүздөр байкагандай, өлкөдө ички саясий кырдаал турукташып, саясий процесстер конституциялык талаага тезинен кайтып келди. Бийликти өткөрүп берүү процедурасы Конституциянын ченемдерине ылайык тынчтык жолу менен өткөнүн баса белгилейм", — деди Жапаров.

Президенттин милдетин аткаруучу соңунда бийлик легитимдүү экендигин жана мамлекетте коомдук-саясий кырдаал толук турукташты деп ишенимдүү айта аларын билдирди.

123
Белгилер:
Кыргызстан, алмашуу, бийлик, дипломатиялык мамиле, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Садыр Жапаров маалымат жыйында эмне деп айтты. Урунттуу учурлар
Садыр Жапаров менен Путин телефон аркылуу сүйлөштү
Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 19-кеңешмеси учурунда

Оор жүктөрдү үзгүлтүксүз ташууну жакшырталы. Новиков ШКУ жыйынында маселе көтөрдү

62
(жаңыланган 22:31 30.11.2020)
Новиков ШКУга мүчө-мамлекеттерге Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөштө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. ШКУ өлкөлөрүнүн ортосунда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен оор жүктөрдүн үзгүлтүксүз ташылышына шарттарды түзүү жана көзөмөл өткөрүү жайларынын толук кандуу иштеши маанилүү. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 19-кеңешмесинде айткандыгын маалымат кызматы билдирди.

Жыйын видеоконференция форматында өткөн.

"Кыргызстан өлкөлөр ортосундагы товар алмашууда "жашыл коридор" механизмин пайдаланууну кеңейтүү жолу менен көзөмөл-өткөрүү жайлары аркылуу жүк ташуучу автотранспорттордун кирип-чыгуу тартибин, процедурасын жөнөкөйлөштүрүүнү кароону сунуштайт", — деген Новиков.

Мындан тышкары, премьердин милдетин аткаруучу санариптик технологияларды, анын ичинде электрондук соода жүргүзүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.

Бул ШКУ өлкөлөрүнүн экономикасынын жогорулашына жана уюм алкагындагы толук кандуу санариптик күн тартипти ишке ашырууда кошумча түрткү болуп бере аларын айткан.

Новиков сөзүн жыйынтыктап жатып, кыйын кырдаалда өз ара колдоо көрсөтүү жакшы коңшулук мамилеге жана жалпы кызыкчылыкка жооп берерин айткан.

"Учурдагы негизги нерсе ─ калктын денинин сактыгы, социалдык-экономикалык туруктуулуктун сакталышы жана жарандарыбыздын эртеңки келечегине ишеними", — деген премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Ошондой эле ал ШКУга мүчө-мамлекеттерге Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөштө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген.

62
Белгилер:
жыйын, Артем Новиков, ШКУ, Кыргызстан
Тема боюнча
Путин: бүгүнкү ШКУ саммитинде өтө маанилүү документтерге кол коюлат
Садыр Жапаров ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлерине КРдеги шайлоо таза өтөрүн айтты
Кыргызстандын президентинин милдетин аткарып жаткан жана ЖКнын спикери Талант Мамытов

Талант Мамытовдун Россияга иш сапары үч күнгө созулат

73
(жаңыланган 21:14 30.11.2020)
Иш сапар туурасында толук маалымат жок. Буга чейин Жогорку Кеңештин спикеринин Россиянын Мамдумасынын төрагасы менен жолугары айтылган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, ЖК спикери Талант Мамытовдун Россияга иш сапары үч күн — 6-8-декабрда болот. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.

Анын сөзүнө караганда, сапар Жогорку Кеңеш менен Россиянын Мамлекеттик Думасынын алкагында болот.

Калган маалыматтар кийинчерээк айтыларын кошумчалады.

Мамытовдун сапары боюнча маалыматты буга чейин Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин билдирген. Ал жолугушуу 7-декабрда болорун айткан.

73
Белгилер:
иш сапар, Вячеслав Володин, Талант Мамытов, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Ак үйдө чек ара маселелери жана президенттик шайлоого даярдыктар талкууланды
Талант Мамытов Россияга расмий иш сапары менен барат