Пенсионер Анаркүл Араева

Президенттик шайлоого дагы 5 киши арызын берди. Арасында пенсионер айым бар

1489
(жаңыланган 12:58 14.11.2020)
Ушуну менен талапкерлердин саны 40ка жетти. Буга чейин 35инин тизмеси жарыяланган. Президенттик шайлоо 10-январда өтөт.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 14-ноябрда, президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына дагы беш киши арызын берди. Бул тууралуу БШКнын сайтына жарыяланды.

Талапкерлердин тизмеси:

  • Анаркүл Араева, 60 жашта, пенсионер;
  • Орозбек Мадинов, 52 жашта;
  • ЖК депутаты Каныбек Иманалиев, 51 жашта;
  • Темирлан Ормуков, 44 жашта.

Мындан сырткары, премьер-министр Садыр Жапаров дагы бүгүн арызын берди.

Ушуну менен талапкерлердин саны 40ка жетти. Буга чейини 35инин тизмеси жарыяланган.

1489
Белгилер:
талапкер, шайлоо, президент, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021 (45)
Тема боюнча
Шайлоого катыша тургандардын саны өсүүдө. Курсан Асанов да талапкерлигин койду
Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арызын берди
ЖККУнун  жыйыны. Архив

ЖККУнун коргоо министрлеринин отуруму өттү. Талкууланган маселелер

8
(жаңыланган 19:43 01.12.2020)
Кыргызстандын атынан Генералдык штабдын жетекчиси Таалайбек Өмүралиев катышты. Отурумдун аягында бир топ документтер кабыл алынды.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Бүгүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу Генералдык штабдын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кыргызстандын атынан Генералдык штабдын жетекчиси Таалайбек Өмүралиев катышты. Иш-чара Россиянын коргоо министри Сергей Шойгунун төрагалыгы алдында өттү.

Жыйын видеоконференция форматында уюштурулду.

"Иш-чаранын жүрүшүндө ЖККУнун БУУ менен өз ара кызматташуусу, аталган уюмдун алдында тынчтык орнотуучу иштерге катышуу боюнча маселелер талкууланып, пикир алмашуу болду", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, жыйындын соңунда ЖККУнун Жамааттык күчтөрүн материалдык-техникалык жана медициналык жактан биргелешип камсыздоо боюнча бир нече документтер макулдашылган. Буга авиациялык тармактын өнүгүшү жана аны изилдөө маселелери, аскердик кызматташууну өнүктүрүүнүн планын кароо кошулган.

Келерки жылы төрагалык кылуу Тажикстанга өтмөкчү.

8
Белгилер:
кызматташуу, ЖККУ, Кыргызстан
Тема боюнча
Кооптуулуктун таасири талкууланды. Мусаев ЖККУ жыйынына катышты
Президенттин кеңешчиси Чыңгыз Айдарбеков. Архив

Чыңгыз Айдарбеков президентке кеңешчи болбой калды

94
(жаңыланган 19:14 01.12.2020)
Мурдагы тышкы иштер министри иштен кетүү арызын өзү жазган. Ал бул кызматка бир ай мурдараак, Садыр Жапаровдун тушунда келген болчу.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Чыңгыз Айдарбеков президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон.

Айдарбеков иштен кетүү арызын өзү жазган.

Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков президенттин стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси болуп 22-октябрда дайындалган. Ал кезде өлкөнү убактылуу Садыр Жапаров башкарып турган.

94
Белгилер:
кызмат, бошотуу, кеңешчи, президент, Чыңгыз Айдарбеков
Тема боюнча
Дастан Дүйшекеев президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнө жетекчи болду