Садыр Жапаров Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүПрезидент Узбекистана Шавкат Мирзиеев
Президент Узбекистана Шавкат Мирзиеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Садыр Жапаров коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөштө Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу үчүн Өзбекстан башчысына ыраазычылыгын айтты.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 14-ноябрда, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өлкөлөрдүн эки жана көп тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелери талкууланган.

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев жана Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токаев менен Мирзиёев Кыргызстанга жардам көрсөтүүнү көздөп жатат
Ошондой эле Садыр Жапаров коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөштө Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу үчүн Өзбекстан башчысына ыраазычылыгын билдирген.

Жапаров Кыргызстан үчүн оор мезгилде өзбек тарап дары-дармек, жеке коргонуучу каражаттар, медициналык жабдыктар жана азык-түлүк түрүндөгү гуманитардык жардам жибергенин белгиледи.

Садыр Жапаров кыргыз тарап Өзбекстан менен стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдеп, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө даяр экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0