Россия Кыргызстанга каржылык жардам көрсөтүүнү кайра жандантмай болду

Жазылуу
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалдын учурдагы абалын талкуулашкан.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Артем Новиков РФ президентинин администрация жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалдын учурдагы абалын талкуулашкан.

"Жолугушууда Новиков парламенттик шайлоодон кийин КРдеги ички саясий кырдаалды турукташтырууга жардам бергени үчүн Россиянын бийлигине ыраазычылык билдирди", — деп жазылат маалыматта.

Жолугушуунун соңунда Россиянын КРге каржылык жардам көрсөтүүсүн этап-этабы менен баштоо маселеси макулдашылганы кошумчаланды.

Белгилей кетсек, биринчи вице-премьер Россияга расмий иш-сапары менен барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0