Эки тизгин, бир чылбыр! Президенттин ыйгарым укуктары Талант Мамытовго өттү

© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша Новоизбранный спикер Жогорку Кенеша Талант Мамытов
 Новоизбранный спикер Жогорку Кенеша Талант Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам боюнча, Мамытов президенттик шайлоо өткөнгө чейин мамлекет башчынын милдетин аткарып турат. Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп иштей берет.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Өлкө башчынын милдети Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытовго өттү. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты.

Садыр Жапаров элге кайрылуусунда, мындан ары президенттин милдетин баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов аткарарын билдирген.

Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров менен кошо камалган. Талант Мамытов тууралуу 9 факты
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоого аттанып, Борбордук шайлоо комиссиясына арызын жазды.

Мыйзам боюнча, Мамытов президенттик шайлоо өткөнгө чейин мамлекет башчынын милдетин аткарып турат. Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин спикери болуп дагы иштей берет.

Талант Мамытов Жогорку Кеңештин спикери болуп 4-ноябрда шайланган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0