Новый исполняющий обязанности президента Кыргызстана, торага Жогорку Кенеша Талант Мамытов во время обращение к кыргызстанцам.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун элге кайрылуусу

559
(жаңыланган 00:22 15.11.2020)
Конституцияга ылайык, өлкө президентинин милдетин аткаруу ыйгарым укугу Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго өттү.

БИШКЕК, 15-ноя. – Sputnik. Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруу ыйгарым укугун өткөрүп бергендигине байланыштуу, Конституцияга ылайык, өлкө президентинин милдетин аткаруу ыйгарым укугу Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго өттү. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Төмөндө Мамытовдун элге кайрылуусу:

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бүгүн, 14-ноябрда, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына президенттик шайлоого катышуу үчүн документтерин тапшырды.

Ошондуктан ал президенттин ыйгарым укуктарын мыйзам чегинде өткөрүп берип, ошондой эле премьер-министрлик ыйгарым укуктарын токтотуп, катардагы жаран катары шайлоого катышарын билдирди.

Ушуга байланыштуу бүгүндөн тартып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-беренесине ылайык, жаңы президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын аткаруу милдети Жогорку Кеңештин төрагасы катары мага жүктөлдү.

Урматтуу мекендештер!

Көп сыноолордо такшалган, эркиндикти, адилеттүүлүктү туу туткан элибиз 5-6-октябрдагы элдик толкундоолордон кийинки курч саясий кризистен ыкчам жана тынч жол менен чыгып, биримдигибиз бекемделди.

Азыр Кыргызстанда саясий жана социалдык туруктуулук орноду. Укук коргоо органдары, соттор, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары штаттык режимде иштеп жатышат.

Коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган чечкиндүү кадамдар жасалууда. Чакан жана орто бизнести коргоо, өнүктүрүү иштери колго алынды. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча профилактикалык иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Кыргызстан жакынкы жана алыскы өлкөлөр менен өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да тереңдетүүгө даяр, ошол эле учурда бардык эл аралык милдеттенмелер, буга чейинки эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдер жана макулдашуулар толугу менен аткарылууда.

Элдин талабын аткаруу максатында конституциялык реформалар даярдалууда. Эң башкы милдет — 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоону ачык жана мыйзам чегинде өткөрүү. Бардык талапкерлер үчүн бирдей шарт түзүү менен элдин эркин тандоосун камсыз кылуу.

Ошондуктан өлкө башчысынын милдеттерин аткарууга киришип жатып, эл алдындагы, мамлекет алдындагы жеке жоопкерчилигимди сезип жатам.

Конституциялык укуктарымдын алкагында президенттин милдетин аткаруучу катары элдин тынчтыгын, өлкөнүн бүтүндүгүн коргоо үчүн бардык аракетимди жасайм.

Менин аракеттеримди өлкөнүн акыл-эстүү жарандары толугу менен колдойт деп ишенем.

Ар бирибиз сырттан карап турбай, кыйынчылыктан чогуу чыгалы.

Өз миссиябызды аткарып, эл алдында жүзүбүз жарык, алгылыктуу иш алып барабыз деп ишенем.

Мындан ары да бекем ынтымакты, ширелген биримдикти, нукура тилектештикти көрсөтөлү.

Жоопкерчилик — ар бирибизде.

Кудай буюрса, коомчулуктун колдоосу менен, ынтымак жана тынчтыктын негизинде бардык кыйынчылыктарды жеңебиз.

Мен сиздерге ишенем, урматтуу мекендештерим.

Журтубузга ак ниет кызмат кылуу, мекенибиздин көз карандысыздыгын, элибиздин эркиндигин, жерибиздин бүтүндүгүн сактоо — ар бирибиздин ыйык парзыбыз.

Элибизде аманчылык, жерибизде тынчтык болсун!

559
Белгилер:
укук, президент, Талант Мамытов, Жогорку Кеңеш
Тема боюнча
Эки тизгин, бир чылбыр! Президенттин ыйгарым укуктары Талант Мамытовго өттү

Крымдан улам НАТО Россия армиясына тыюу салууга кыялданып келет

10
Йенс Столтенберг НАТО Россиянын кадамдарына карап, ага жооп иретинде Кара деңизге көбүрөөк күчүн жайгаштыра тургандыгын айтты. Бирок Түндүк атлантикалык альянстын башкы катчысы аскердик блоктун күчтөрү Россиянын чек арасында эмне кылып жүргөндүгүн түшүндүргөн жок.

Андан сырткары, Россия эмне үчүн өзүнүн аймагын НАТО тараптан улам арбыган коркутуп-үркүтүүлөрдөн коргобошу керек дегенге да жооп бере алган жок.

Акыркы учурда альянс тараптан Россия чек арасына жакын аймактарда көбөйүп кеткен агрессиялык аракеттер арбыгандыктан, Россия өзүнүн коопсуздугун камсыздаганга аргасыз.

10
Белгилер:
чагымчыл, чек ара, Крым, НАТО, Россия, АКШ
Тема боюнча
НАТО Кара деңизге чыгууда. Альянс Крымда Россияны кысымга алмакчыбы?
Грузиядагы "Татыктуу өнөктөш-2020" аяктады. НАТО аскерлери өлкөдө эмне кылды
Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев. Архив

Артем Новиков Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевге сөгүш берди

59
(жаңыланган 19:04 04.12.2020)
Өлкөнүн башкы салыкчысынын сөгүш алышына "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрмө пунктундагы иштер себеп болушу ыктымал.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Өкмөттүн маалымат кызматы Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевге сөгүш берилгенин билдирди.

Анда Абдалиев өзүнө жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы белгиленет.

Тийиштүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгон.

Жакында эле өкмөт башчынын милдетин аткаруучу "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрүү пунктунда Салык кызматынын төрагасынын орун басары Искендер Асылкуловго каарын төккөн. Анын ачуусун келтиргени — ноябрдын аягында ишке кирип, товарлардын эсебин ала турган системанын алигече үкөктөн чыгарылбай турганы болгон.

Бирок кийин салык кызматы ал иштерге башка мамлекеттик органдар жооптуу экенин айтып билдирүү тараткан.

59
Белгилер:
Мамлекеттик салык кызматы, сөгүш, өкмөт
Тема боюнча
Новиковго жооп бере албай буйдалган салыкчы. Видео
Новиковдон кагуу жеп буйдалган жетекчи. Салык кызматы түшүндүрмө берди