Садыр Жапаров БШКга тапшырган документтерин чакыртып алып, кайра тапшырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВыдвижение кандидатуры Садыра Жапарова на должность президента КР
Выдвижение кандидатуры Садыра Жапарова на должность президента КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Садыр Жапаров БШКга документтерин эртең менен тапшырган, бирок түндө арызын чакыртып алып, кайра тапшырды.

БИШКЕК, 15-ноя. – Sputnik. Президенттикке талапкер Садыр Жапаров БШКга шайлоого катышуу боюнча арызын чакыртып алып, кайра тапшырды.

Бул тууралуу маалымат БШКнын сайтына түндө жарыяланды.

Жапаров документтерин алгач эртең мененки саат 10:00дө тапшырган. Бирок кийинчерээк ал президенттик ыйгарым укуктарын тапшырбаганы жана премьерлик укуктарын токтото электиги аныкталган.

Маалымат катчысы Галина Байтерек Жапаров ыйгарым укуктарын тапшыргандан кийин кыргызстандыктарга кайрылуу жасай турганын кабарлаган. Жапаровдун элге кайрылуусу саат 21:00дө жарыяланган.

Эми Жапаров БШКнын тизмесиндеги 63-сапта турат. Буга чейин 37-сабында болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0