Жапаров дайындаган кадрлар. Кызматка келген достору, үзөңгүлөштөрү

© Sputnik / Табылды КадырбековМурунку премьер-министр жана президенттикке талпакер Садыр Жапаров. Архив
Мурунку премьер-министр жана президенттикке талпакер Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Садыр Жапаров премьер-министрликке бекитилип, андан соң президенттин милдетин аткарып жаткандан бери дээрлик бардык кадрлар алмашты, бир катар жаңы дайындоолорго кол койду.

Sputnik Кыргызстандын редакциясы алардын баарын бир сыйра көздөн сыдыра, Жапаров менен кандай тааныштыгы бар экенин эске салууну чечти.

2020-жылдын октябры өлкөнүн тарыхындагы буркан-шаркан түшкөн окуяларга жык мезгил болду. Атап айтканда, парламенттик шайлоо өттү, анын жыйынтыгына нааразы болгон эл толкуду. Шайлоонун тыянагы жокко чыгарылды.

 Новоизбранный спикер Жогорку Кенеша Талант Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Эки тизгин, бир чылбыр! Президенттин ыйгарым укуктары Талант Мамытовго өттү
Бул окуялардын шарданы менен Садыр Жапаров абактан бошотулуп, үч жолку аракеттин натыйжасында өлкөнүн премьер-министри болуп шайланды. Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткенден кийин ал президенттин милдетин аткарып калды. Андан бери бир катар кадрдык дайындоолор жүрдү.

Sputnik Кыргызстандын редакциясы Жапаров менен жаңы дайындалган кадрлардын жолу кандайча кесилишкенин эстеп көрдү. Маалымат ачык булактардан алынды.

Дайындоолордун көпчүлүгү саясий экенин дагы бир ирет сиздерге эскертип, бул материалда Жапаров саясаттын туу чокусуна чыкканга дейре тааныш болгон кадрлар туурасында да сөз кылдык.

Башкы прокурор

2012-жылдын 3-октябрында "Ата-Журт" оппозициялык партиясынын депутаттары "Ала-Тоо" аянтында Кумтөр алтын кени боюнча митинг өткөргөн. Ошол митингде Ташиев Ак үйдү айланта курчаган темир коргондон ашып түшкөн. Ал, Талант Мамытов жана Садыр Жапаров бийликти күч менен басып алуу аракетине шектелип, УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилген. 2013-жылы райондук сот аларды күнөөлүү деп таап, Ташиев менен Жапаровду бир жарым жылга, ал эми Мамытовду бир жылга эркинен ажыраткан.

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаБашкы прокурор Курманбек Зулушев
Жапаров дайындаган кадрлар. Кызматка келген достору, үзөңгүлөштөрү - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокурор Курманбек Зулушев

Кийин Курманбек Зулушевдин төрагалыгы алдында шаардык соттун коллегиясы аларды актап, бирок Жогорку сот биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырган. Ошол эле 2013-жылы Зулушев жана экинчи сот Медербек Сатыев "кылмыш ишин кароодо КР Кылмыш-жазык кодексин одоно бузгандыктары" үчүн деген себеп менен иштен кетирилген.

Жогорку Кеңештин депутаты Зулушевди өткөн айда көзөмөлдөөчү органдын башчылыгына көрсөтүштү. Парламентарийлер анын талапкерлигин жактырышты. Белгилей кетсек, быйыл октябрда мындан жети-сегиз жыл мурунку кылмыш иш боюнча Жапаров, Мамытов жана Ташиевди актоо өкүмү күчүндө калтырылган.

УКМК төрагасы

"Мекенчил" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев менен Жапаров бири-бирин кыйла мезгилден бери жакшы билишет. Жапаровдун айтымында, алар 15 жыл мурда таанышып, бирге иштешкен. Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышына депутат болушкан.

© Sputnik / Табылды КадырбековУКМК төрагасы Камчыбек Ташиев
Жапаров дайындаган кадрлар. Кызматка келген достору, үзөңгүлөштөрү - Sputnik Кыргызстан
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев

Кумтөр маселеси боюнча митингди чогуу уюштурушкан, андан соң бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча ишке шектелишкен. Жапаровго бийликтин жогорку тепкичине чыгууга Ташиев көмөктөшкөнү эч кимге жашыруун эмес. Саясатчы Өмүрбек Текебаев аны "дос-секретарь" деп атады. Эске салсак, мурда өлкөдө идеологияга жооп берчү – мамлекеттик катчы (госсекретарь) кызматы болгон. Ташиев Жапаров абактан чыгарылган күндөн тарта жанында коштоп жүргөндүктөн, ЖК төрагасы Текебаев ага ушундай ылакап ысым ыйгарды. Белгилей кетсек, Ташиев "Мекенчил" партиясы 2010-жылдын июль айында эле түптөлгөнүн, негиздөөчүлөрдүн бири Садыр Жапаров экенин айтканы бар.

Вице-премьер

Биринчи вице-премьерликке Артем Новиковдун талапкерлигин Жапаровго өкмөттүн аппараты сунуштаган. Бирок вице-премьерлердин дагы бири Равшан Сабиров жакындагы эле шайлоого "Мекенчил" партиясынын катарында катышкан. Ташиев, Жапаров жана Сабиров Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаттары болушкан.

© Sputnik / Табылды КадырбековБиринчи вице-премьерликке Артем Новиков
Жапаров дайындаган кадрлар. Кызматка келген достору, үзөңгүлөштөрү - Sputnik Кыргызстан
Биринчи вице-премьерликке Артем Новиков

Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары

Медербек Сатыев да Зулушев сымал 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун судьясы болгон. Ал Жогорку Кеңештин ошол учурдагы депутаттары Жапаров, Ташиев жана Мамытовду актаган коллегиянын курамында эле. 2020-жылдын 20-октябрында мурдагы сот президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басарлыгына дайындалган.

Өкмөттүн аппарат жетекчиси

© Sputnik / Табылды КадырбековӨкмөттүн аппарат жетекчиси Бактыбек Аманбаев
Жапаров дайындаган кадрлар. Кызматка келген достору, үзөңгүлөштөрү - Sputnik Кыргызстан
Өкмөттүн аппарат жетекчиси Бактыбек Аманбаев

Мурдагы журналист Бактыбек Аманбаев коомчулукка көбүрөөк акыйкатчы катары белгилүү. Акыйкатчылыкты ал 2013-жылдан 2015-жылга дейре аркалаган. Парламенттик шайлоого Аманбаев "Мекенчил" партиясынын атынан катышкан. Октябрдын экинчи жарымында министрлик деңгээлдеги өкмөттүк аппараттын жетекчиси болуп дайындалган.

Президенттин маалымат кызматынан жетекчиси

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттин маалымат кызматынан жетекчиси Нургазы Анаркулов
Жапаров дайындаган кадрлар. Кызматка келген достору, үзөңгүлөштөрү - Sputnik Кыргызстан
Президенттин маалымат кызматынан жетекчиси Нургазы Анаркулов

Нургазы Анаркулов кезегинде Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов мүчө болгон "Ата-Журт" партиясынын басма сөз кызматын жетектеген. 2012-жылы 4-октябрда, аталган депутаттар камалган күндүн эртеси, дал ушул сыпатта ал маалымат жыйынын өткөргөн.

Соңку убакта Анаркулов "Мекенчил" партиясынын маалымат катчылыгын аркалап келген.

Мамлекеттик миграция кызматынын башчысы

21-октябрда Таштанбек Каймазаров Мамлекеттик миграция кызматынын төрагалыгына дайындалды. Ал парламенттик шайлоого аттанган "Мекенчил" партиясынын тизмесинде 42-сапта эле. Талапкерлер тизмесинде Каймазаров "Мадина" ЖЧКсынын администратору деп көрсөтүлгөн.

Эки губернатор

© Фото / Зульфия ТургуноваӨкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев
Жапаров дайындаган кадрлар. Кызматка келген достору, үзөңгүлөштөрү - Sputnik Кыргызстан
Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев

Октябрда Абсаттар Сыргабаевди өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү, ал эми Нарын облусуна Сабыркул Ашимбаевди дайындашкан. Экөө тең Жогорку Кеңеш депутаттыгына "Мекенчил" партиясынан талапкер эле. Белгилей кетсек, Сыргабаев Ташиевдин кичи мекени – Сузак районунун Барпы айыл округун башкарган.

Сөз соңунда

Өкмөт үйүин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү кайсы окууну бүтүп, кандай кесипке ээ? Тизме
Президент жана премьер-министр Жогорку Кеңештин спикерин дайындоого укугу жок. Бул — парламентарийлерге таандык ыйгарым укук. Бирок Канат Исаев отставкага кеткенде мыйзам чыгаруу органынын төрагалыгына Мамытов шайланды. Жогоруда белгилеп өткөндөй, жаңы спикер Жапаров жана Ташиев менен биргеликте "Ата-Журт" партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болгон. Үчөө тең өйдөдө аталган кылмыш ишинде фигурант болгон.

4-ноябрда Мамытов ("Республика — Ата-Журт" фракция) төрага болуп шайланды. Ал эми жакында эле Жапаров биринчи маалымат жыйынында ал өзү шайлоого катышууга отставкага кеткенде жаңы шайланган спикер мамлекет башчысынын милдетин аткарарын жар салды.

Жаңылыктар түрмөгү
0