Добуш берип жаткан жаран. Архив

Президенттик шайлоо. Саясий кампания кандай жүргүзүлөрүн календарь менен баяндайбыз

344
(жаңыланган 16:29 15.11.2020)
Президенттик шайлоонун жол-жобосу жакындан түшүнүүгө жардам берүү үчүн биз календарды хронологиялык тартипте кыскача баяндадык.

Президенттикке талапкерлерден арыздарды кабыл алуунун мөөнөтү аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясы 63 кишинин тизмесин жарыялады, бирок бул алардын бардыгы бюллетенде көрсөтүлөт дегенди билдирбейт.

Андан ары шайлоо төмөнкү планга ылайык өткөрүлөт:

  • 3-декабрь саат 00:00гө чейин талапкерлер 30 миңден кем эмес колдоочуларынын кол тамгаларын чогултуп, кол топтоо баракчаларын тапшырышы керек, ошондой эле шайлоо күрөөсүн төлөшү шарт (миллион сом);
  • 6-декабрга чейин талапкерлер өмүр баянын камтыган анкета тапшырышы керек;
  • 14-декабрда (бул күндү кошо эсептегенде) БШК талапкерлерди каттоого алат жана акыркы тизмени жарыялайт;
  • 15-декабрда шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат;
  • 9-январда үгүт иштери аяктайт, талапкерлердин бардык каржылык операциялары токтойт;
  • 10-январь добуш берүү күнү болот;
  • 12-январга чейин БШК добуш берүүнүн жыйынтыгын жана катышкан шайлоочулардын тизмесин жарыялайт;
  • 24-январга чейин шайлоо өткөнү же өтпөгөнү расмий жарыяланат (мыйзам бузууларга жараша).
  • Шайлоочулар азыртан баштап эле өздөрүн tizme.gov.kg расмий порталындагы тизмелерден текшере алышат. Шайлоочулардын тизмеси 18-ноябрга чейин шайлоо участкаларына илинет. Эгерде сиз ката тапсаңыз же тизмеде жок болуп калсаңыз, анда арыз менен участкалык шайлоо комиссиясына кайрылсаңыз болот (форма №1), бирок бул 29-декабрга чейин жасалышы керек.

Sputnik сайты шайлоонун жүрүшү тууралуу маалымдап турат. Эгерде сиз маанилүү маалыматтарды гана алгыңыз келсе, анда биздин Telegram каналыбызга жазылыңыз.

344
Белгилер:
Кыргызстан, талапкер, президенттик шайлоо, календарь, план
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021 (42)
Тема боюнча
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун элге кайрылуусу
Садыр Жапаров БШКга тапшырган документтерин чакыртып алып, кайра тапшырды
Өнөр жай, энергентика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган Вероника Исаева. Архив

Вероника Исаева Өнөр жай мамлекеттик комитетинин төрага орун басары болду

60
(жаңыланган 09:31 27.11.2020)
Тиешелүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгон. Жаңы жетекчинин өнөр жай тармагында 15 жылдык тажрыйбасы бар.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Вероника Исаева Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгон. Кечээ аны комитеттин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев эмгек жамаатка тааныштырган.

Вероника Исаева акыркы үч жылда жеке бизнесте өнөр жай долбоорлорун ишке ашырып келген. Жалпысынан бул тармакта 15 жылдык тажрыйбасы бар.

60
Белгилер:
дайындоо, кызмат, Кыргызстан
Тема боюнча
Ализа Солтонбекова министрлик ишине расмий киришти

Артем Новиков депутаттарга кыргыз тилинде сүйлөп кайрылды. Видео

422
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков депутаттардын алдында кыргыз тилинде билдирүү жасады.

Ал кечээ парламентке эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Ализа Солтонбекованын талапкерлигин тааныштырган. Новиков аны бул кызматка Садыр Жапаров премьер-министр болуп турган учурда сунуштаганын кыргыз тилинде айтты. Ошондой эле тийиштүү эки комитеттен жактырылганын белгилеген. Андан соң Солтонбекованын таржымалын орус тилинде баяндоого өттү.

Эске салсак, Солтонбекова 2018-жылдын ноябрь айынан ушул күнгө чейин эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп иштеп келген. Кечээ парламентте министрлик кызматка талапкерлиги каралып, колдоо тапкан.

422
Белгилер:
Ализа Солтонбекова, кыргыз тили, Артем Новиков
Тема боюнча
Новиков Кыргызстан чет жактан канча карыз алып, кайда жумшаганын айтты
Парламент 2021-жылдын Республикалык бюджетин биринчи окуудан колдоду
Өкмөт 2021-жылы салык менен бажыдан канча акча чогултат? Долбоор
Кыргызстанда Ош облустар аралык биргелешкен клиникалык ооруканасында биринчи ирет TAVI (аорталык клапандын имплантациясы) технологиясын колдонуу менен жүрөккө операция жасалды

Бейтап ойгоо болгон. Кыргызстанда уникалдуу операция жасалды. Видео

0
(жаңыланган 12:02 27.11.2020)
ТАВИ технологиясы – бул аорталык клапандын биопротездик имплантациясы. Ал адистештирилген катетердин (жеткирүү системасы) жардамы менен сандагы артерия аркылуу жасалат.

БИШКЕК, 27-ноя. – Sputnik. Кыргызстанда Ош облустар аралык биргелешкен клиникалык ооруканасында биринчи ирет TAVI (аорталык клапандын имплантациясы) технологиясын колдонуу менен жүрөккө операция жасалды. Бул тууралуу кардиохирург Талант Эралиев Facebook баракчасына жарыялады.

Операцияны Талант Эралиев, Олег Крестьянинов, Канат Аширов жана башка дарыгерлердин тобу жасаган.

Клапандын имплантациясы 86 жаштагы бейтапка кан тамыр аркылуу жасалып, жүрөктүн согушу токтогон эмес.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Zhanylmyrza Alibaeva (@zhanylmyrzaalibaeva)

"Бейтап ойгоо болгон, ага ооруну сездирбей турган дары куюлган. Бул операциянын уникалдуулугу — бейтап ооруканада көпкө кармалбайт. Ал тез эле үйүнө жиберилип, кадимки толук кандуу жашоого кайтат", - деди кардиохирург.

ТАВИ технологиясы – бул аорталык клапандын биопротездик имплантациясы. Ал адистештирилген катетердин (жеткирүү системасы) жардамы менен сандагы артерия аркылуу жасалат. Бул учурда адамдын жүрөгү иштей берет. Мында канды жасалма жол менен айландыруу техникасы колдонулбайт жана операция үчүн адамдын денеси кескиленбейт.

0
Белгилер:
артерия, оорукана, Ош
Тема боюнча
Былтыр кайсы оорулардан кыргызстандыктар көп каза тапкан. Статистика