Ала-Арча мамлееттик резиденциядагы жыйын залы. Архив

Кимиси качан 61 жашка чыгат. Президенттикти мелжегендер тууралуу фактылар

1298
(жаңыланган 19:07 25.11.2020)
Статистикага ылайык, Кыргызстандын жети жараны президент болууга үчүнчү аракетин жасап жатат. БШКнын эшигин каккандардын саны 63кө жеткени менен аны рекорддук көрсөткүч деп атоого болбойт. Мурда мындан дагы көп арыз бергендер болгон.

Sputnik Кыргызстан мамлекет башчылыкты мелжегендер тууралуу фактыларды даярдап, буга чейин эки шайлоодогу (2011 жана 2017-жылдагы) көрсөткүчтөрдү да салыштырып көрдү.

63 талапкердин арыз бергени рекорд эмес

Кечээ, 14-ноябрда, саат 23.59дан кийин Кыргызстандын президенти болууну эңсегендердин арызын кабыл алуу токтотулду. Бул ирет тизме 63кө барып токтоду. Бирок бул рекорддук көрсөткүч эмес, себеби 2011-жылы каалоочулардын саны 83кө жеткен. Ал эми 2017-жылкы шайлоодогу статистикадан ашып түштү. Үч жыл мурда 59 адам президенттикке талапкерлигин койгон.

Белгилей кетчү жагдай, президент болууга ниеттенген 63 жаранды талапкер деп айтууга болбойт. Алар алгач экзамен тапшырып, 30 миң адамдын колун топтоп, 1 миллион сом күрөө коюу менен дагы башка бир катар эрежелерди аткаргандан кийин гана БШК талапкер катары каттайт. Бул жагдайларды эске алганда өлкөнү башкарууга ниеттенгендердин бардыгы эле тизмеге кире калбайт. Алсак, 2011-жылы ар кандай себептерден улам 67 каалоочу шайлоодон четтетилип, 16сы калган. Ал эми 2017-жылы бюллетенге 13 гана талапкердин аты-жөнү жазылган.

Ажо болуу кыялынан кайра тартпагандар

Жогоруда айтылган 63 жарандын жетөө үчүнчү ирет, 10 киши экинчи жолу президенттикке талапкерлигин көрсөтүп жатат. Жаңы бийликти колго алган Садыр Жапаров да 2017-жылы арыз берген. Өзү ал учурда абакта отурган, бирок БШК 2013-жылы соттолгонун эске алып, аны шайлоодон четтеткен.

Президенттик шайлоого катышууну каалагандар:

  • Адахан Мадумаров – 2011-жыл, 2017-жыл;
  • Арстан Алай (Абдылдаев) – 2011, 2017;
  • Назарбек Нышанов – 2011, 2017;
  • Токтайым Уметалиева – 2011, 2017;
  • Арсланбек Малиев – 2011, 2017;
  • Бакир уулу Турсунбай – 2011, 2017;
  • Бакыт Керимбеков – 2011, 2017;
  • Кубан Чороев – 2017;
  • Канат Исаев – 2017;
  • Улукбек Кочкоров – 2017;
  • Садыр Жапаров – 2017;
  • Санжарбек Энназаров – 2017;
  • Сазыкбай Турдумалиев – 2011;
  • Нурлан Мотуев – 2011;
  • Жеңишбек Байгуттиев – 2011-жылы бир тууганы Сейтек Байгуттиев койгон;
  • Жамбылбек Камчиев – 2011;
  • Жаныбек Суйуналиев – 2011;
  • Кубанычбек Исабеков – 2011.

Жаш курагы

Президенттик жарышка аттанып жаткандарды карай келгенде, орточо курагы 49 жашты түзөрү анык болду.

  • 40 жашка чейинкилер — 13 адам;
  • 40-50 жаштын ортосундагылар — 15;
  • 50-60 жаштын ортосундагылар — 24;
  • 60-70 жаштын ортосундагылар — 11;

Негизи 35 жаштан жогорку жарандар гана президенттикке талапкерлигин көрсөтө алат. Алардын эң кичүүсү Илгиз Товкеев 5-ноябрда туулган күнүн белгилеп, 35 жашка толору менен шайлоого аттанган.

Андан кийинки сапта Султан Ажиматов менен Мирлан Калыбеков. Экөө тең 1985-жылы март айында туулган.

Ал эми эң аксакалы деп 66 жаштагы куудул Жамбылбек Камчиев, пенсионер Базарбек Темишов жана "Улутман" саясий партиясынын төрагасы Сазыкбай Турдумалиев экенин байкадык.

Шайлоого катышам деген эркектерге салыштырмалуу аялдар жети эсе аз. Ошентип, 8 аял, 55 эркек киши ажолукту эңсеп турат.

Президенттик мөөнөт учурунда 61 жашка чыккандар

Кыргызстандын эгемен тарыхындагы президенттердин баары 61 жашында тактан кулаган же мөөнөтү бүтүп кеткен. Өлкөдө президент алты жылга шайланат. Демек, 2021-жылдын 10-январында шайлоо өтсө, 2027-жылга чейин иштейт.

Жарышка чыккан 63 жарандын ичинен он талапкер 61 жаштан жогорку куракта.

Ал эми он киши алты жылдык президенттик мөөнөт учурунда 61 жашка толот. Тизмектей келсек, төмөнкүдөй:

  • Марат Кайыпов — 2021-жылы декабрда 61ге чыгат;
  • Анаркүл Араева — 2021-жылы июнда;
  • Назарбек Нышанов — 2022-жылы мартта;
  • Бакыт Керимбеков — 2022-жылы июлда;
  • Урустам Кабылбеков — 2023-жылы февралда;
  • Токтайым Уметалиева — 2023-жылы апрелде;
  • Адахан Мадумаров — 2026-жылы мартта;
  • Мыктыбек Арстанбек — 2026-жылы сентябрда;
  • Кубанычбек Токтосунов — 2026-жылы июлда;
  • Саматбек Ибраев — 2026-жылы февралда.

Сегиз "ишсиз" президенттикке аттанды

Мамлекетти башкарууну эңсегендердин катарын сегиз жумушсуз, үч пенсионер, беш мугалим, жети ишкер толуктайт. Ал эми 12си мамлекеттик ишканаларды, облус, райондорду, министрликти башкарган аткаминер жана бешөө Жогорку Кеңештин азыркы жана мурдагы депутаттары. Калганы укук коргоочулар, активисттер, арасында куудулдар да бар.

Эске салсак, Кыргызстанда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына дайындалган. БШК 10-декабрга чейин талапкер болуп катталгандардын тизмесин жарыялап, үгүт иштери башталат.

1298
Белгилер:
арыз, Кыргызстан, каттоо, БШК, талапкер, президент
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021 (46)
Тема боюнча
Президенттик шайлоого катышууну каалагандардын саны 63кө барып токтоду
Садыр Жапаров эмнеге биринчи арызын чакыртып алып, БШКга кайра барганы айтылды
КР президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов

ЖККУ саммитинде маанилүү документтерге кол коюлду. Тизме

21
Бүгүн, 2-декабрда, өткөн саммитке КР президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов катышты. Жыйынга Россия Федерациясы төрагалык кылды.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишим жөнүндө уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин башчылары бүгүнкү жыйында 15 документке кол коюшту.

Бүгүн, 2-декабрда, өткөн саммитке КР президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов катышты.

Сессиянын жыйынтыгында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү тарабынан аларга кол коюуга жеке тартипте киргизиле турган бир катар документтердин долбоорлору жактырылды.

Алар:

  • Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясы;
  • ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин адилеттүү жана туруктуу тынчтык түзүмүн куруу жөнүндө билдирүүсү;
  • ЖККУнун “2021-2025-жылдарга карата Жамааттык коопсуздук келишим жөнүндө уюмуна мүчө-мамлекеттердин аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү планы тууралуу” чечими;
  • ЖККУнун “2021-2025-жылдарга карата Жамааттык коопсуздук келишим жөнүндө уюмуна мүчө-мамлекеттердин баңги заттарга каршы стратегиясы тууралуу” чечими;
  • ЖККУнун “Жамааттык коопсуздук жөнүндө уюмдун алкагында биргелешип иштелип жана өндүрүлүп жаткан аскердик максаттагы продукциялар менен бардык этаптарда камсыз кылуу жана алардын сапатын көзөмөлдөө боюнча комплекстүү жана системдүү мамилелердин концепциясы жөнүндө” чечими;
  • ЖККУнун “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик бийлик органдары үчүн кадрларды даярдоо тутумун өркүндөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө” чечими;
  • ЖККУнун “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Тынчтык куруу күчтөрүнүн кызматкерлерин даярдоо боюнча базалык окуу-методикалык уюму жөнүндө” чечими;
  • ЖККУнун “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин тынчтык куруу контингенттеринин курамы жана жайгаштырылышы тууралуу протокол жөнүндө” чечими;
  • ЖККУнун “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгындагы квоталык кызмат орундарын бөлүштүрүү жөнүндө” чечими;
  • ЖККУнун “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы тууралуу отчёту жөнүндө” чечими;
  • ЖККУнун “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2021-жылга карата бюджети жөнүндө” чечими;
  • ЖККУнун “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” чечими;
  • ЖККУнун “Уюмга төрагалык кылуу, Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө” протоколдук чечими;
  • ЖККУнун аскерлерин (Жамааттык күчтөрүн) материалдык-техникалык жана медициналык жактан биргелешип камсыздоо жөнүндө макулдашуусу (документ эл аралык келишимдерге кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболор бүткөндөн кийин ЖККУнун ЖКК мүчөлөрүнө кол коюуга киргизилет);
  • 2007-жылдын 6-октябрындагы ЖККУнун Тынчтыкты куруу ишмердиги жөнүндө макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколу (документ эл аралык келишимдерге кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболор бүткөндөн кийин ЖККУнун ЖКК мүчөлөрүнө кол коюуга киргизилет).
21
Белгилер:
документ, Талант Мамытов, ЖККУ, Кыргызстан
Тема боюнча
ЖККУнун коргоо министрлеринин отуруму өттү. Талкууланган маселелер
Талант Мамытов ЖККУ лидерлерине президенттик шайлоо таза өтөрүн убадалады

Конституциялык палата ЖКнын мөөнөтүн 7 айга узартууга кантип макул болду? Видео

15
(жаңыланган 21:00 02.12.2020)
Жогорку соттун Конституциялык палатасы (КП) парламенттин мөөнөтүнүн узартылышын мыйзамдуу деп тапты. Бул чечим акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт деп билдирди.

КПнын отуруму бүгүн, 2-декабрда, болуп, акыркы чечим кабыл алынды. Жыйынга Карыбек Дүйшеев төрагалык кылып, палатанын калган жети мүчөсү да катышты.

Конституциялык палата даттануучулар "Реформа" партиясынын төрайымы Клара Сооронкулованын жана жарандар Нурбек Касымбековдун, Таалайбек Усубалиевдин жана Жогорку Кеңеш өкүлдөрүнүн жүйөсүн укту. Ошондой эле президенттик аппарат менен Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү дагы позициясын айтышты.

Андан соң судьялар кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетип, беш сааттан кийин келди.

Белгилей кетсек, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону кайрадан өткөрүүнү 20-декабрга дайындаган. Бирок анын эртеси Жогорку Кеңеш шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу, башкача айтканда, БШК таянып иш алып барып жаткан беренени токтото туруу мыйзамын кабыл алды. Ага ылайык, шайлоо күнү конституциялык реформадан кийин, 2021-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөткө белгиленген. Аталган мыйзамга ошол убактагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон. Азыркы парламенттин беш жылдык мөөнөтү 28-октябрда аяктаган.

Ал эми БШК өз мөөнөтүндө өткөрүү талабы менен Жогорку сотко чейин даттанып утулуп калган.

Буга чейин Конституциялык палата Венеция комиссиясына дал ушул жагдай боюнча кайрылып, жооп алган.

Комиссиянын корутундусунда азыркы парламент өзгөчө чараларды, анын ичинде конституциялык реформаны жүргүзө албай турганы белгиленген. Ошондой эле конституциялык мыйзам токтоп, шайлоонун мөөнөтү жылдырылганына жана демократиялык оюндун эрежелери бузулганына кабатырланган.

Жыйында тараптар кандай жүйө келтиргенин кийинки материалдан окуңуз.

15
Белгилер:
мөөнөт, парламент, чечим, Конституциялык палата
Тема:
Жогорку Кеңешке боло турган кайра шайлоо
Тема боюнча
Садыр Жапаров ЖК кабыл алган шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол койду
КП ЖК мөөнөтүнүн узартылышын мыйзамдуу деп тапты. Жыйында тараптар эмне деди