Жогорку соттун алдындагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары митинг учурунда

Атамбаевдин үй-бүлөсү, тарапташтары нааразычылык акциясына чыгышты. Видео

458
(жаңыланган 14:35 16.11.2020)
Суукка карабай Жогорку соттун алдына бир нече адамдар чогулган. Арасында Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева, уулдары, кызы, күйөө баласы жүрөт.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Жогорку соттун алдына митингге чыгышты.

  • Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Жогорку соттун алдына митингге чыгышты
    Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Жогорку соттун алдына митингге чыгышты
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Арасында Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева, уулдары, кызы, күйөө баласы жүрөт
    Арасында Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева, уулдары, кызы, күйөө баласы жүрөт
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Суукка карабай ал жерге бир нече адамдар чогулган
    Суукка карабай ал жерге бир нече адамдар чогулган
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Чогулгандар Атамбаев эң мыкты президент, Ачык жана акыйкат сотту талап кылабыз, Атамбаевге эркиндик деген жазуусу бар транспоранттарды көтөрүп турушат
    Чогулгандар "Атамбаев эң мыкты президент", "Ачык жана акыйкат сотту талап кылабыз", "Атамбаевге эркиндик" деген жазуусу бар транспоранттарды көтөрүп турушат
    © Sputnik / Эркин Садыков
1 / 4
© Sputnik / Эркин Садыков
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Жогорку соттун алдына митингге чыгышты

Суукка карабай ал жерге бир нече адамдар чогулган. Арасында Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева, уулдары, кызы, күйөө баласы жүрөт.

Чогулгандар "Атамбаев эң мыкты президент", "Ачык жана акыйкат сотту талап кылабыз", "Атамбаевге эркиндик" деген жазуусу бар транспоранттарды көтөрүп турушат.

Бир катарлары "Боштондук" деп бир кыйкырышты.

"Конкреттүү жооп алабыз, себеби бүгүн болобу же болбойбу деген көп суроолор бар. Соттун тиешелүү өкүлдөрүнөн чыгып бизге сот канчасында болорун айтып коюшсун", — деди Атамбаевдин тарапташтарынын бири Рита Борбукеева үн күчөткүч менен сүйлөп жатып.

Жогорку соттун маалымат кызматы судьянын ооруп калгандыгына байланыштуу Атамбаевдин соту белгисиз мөөнөткө жылдырылгандыгын билдирген эле.

Жакындары "Атамбаев темир тордун артында мыйзамсыз отурат" деп билдирип, соттук процесстердин жабык өтүп жаткандыгына нааразы болуп, ачык жана таза сот болушун талап кыларын кечээ социалдык тармакка жазышкан.

Белгилей кетсек, Атамбаевди элдик толкундоодо 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак үйдү басып алгандан кийин УКМКнын тергөө абагынан чыгарышкан. 10-октябрда Бишкектеги массалык башаламандыкты уюштурду деген кылмыш ишинин алкагында кайра кармашкан.

Ага чейин кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан бошоткон деген айып менен 11 жылга кесилген. Мындан тышкары, 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча айыптуу катары саналууда.

458
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, Алмазбек Атамбаев, талап
Тема:
Алмазбек Атамбаевдин кармалышы (139)
Тема боюнча
Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүнүн мөөнөтү узартылды. Судья алмашат
Талибан согушкери Кабулда. Архивдик сүрөт

Афганистандагы абал Борбор Азиянын келечегине кандай таасир этет? Пикир

78
(жаңыланган 19:50 16.09.2021)
Эксперт бүгүнкү күнү биринчи орунга коопсуздук маселеси чыкканын айтып, эми чек араларды бекемдеп, коопсуздукту камсыз кылууга ири көлөмдө ресурстар керектелип, сарпталарына токтолгон.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Афганистандагы окуялар Борбор Азия мамлекеттерине жаңы геосаясий реалдуулукту жаратты. Бул тууралуу саясий серепчи Эдил Осмонбетов билдирди. 

Политолог Эдил Осмонбетов во время видеомоста в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Саясий серепчи Эдил Осмонбетов

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Афганистандагы кырдаалдын Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугуна таасири" аттуу видео көпүрөгө катышкан.

Осмонбетовдун айтымында, аймактын коопсуздугу бүгүнкү күндүн орчундуу темасы.

"20 жыл аралыгында Борбор Азия өлкөлөрүнүн социалдык жана экономикалык маселелерди, керек болсо тышкы саясий маселелерди чечүү менен алектенүүгө геосаясий мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок бүгүнкү күнү биринчи орунга коопсуздук маселеси чыкты. Эми чек араларды бекемдеп, коопсуздукту камсыз кылууга ири көлөмдө ресурстар керектелип, сарпталат", — деген серепчи.

Анын айтымында, азыр "Талибан"* кыймылы башка мамлекеттердин алардын бийлигин таануусун талап кылып жатат. Бирок процесске таасир этчү бир дагы мамлекет талибдердин бийлигинин легитимдүүлүгүн таанууга даяр экенин айта элек. Эксперт жаңы геосаясий реалдуулуктун шартында бир топ маселе дүйнөлүк жана аймактык оюнчулар аркылуу чечиле турганын кошумчалаган.

2021-жылдын июнь айынан бери "Талибан"* кыймылы активдешип, августта Афганистанды толук каратып алган. Кийин Афганистанда 20 жылга созулган согуш аяктаганын билдирген. Убактылуу өкмөт куралып, ушу тапта Өзбекстан, Казакстан жана Кытай кызматташууга даяр экенин расмий жар салды.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.

78
Белгилер:
Афганистан, серепчи, пикир, кырдаал, Борбордук Азия, коопсуздук
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Афганистан боюнча позициясын билдирди
Душанбедеги ЖККУ жыйынында Афганистандагы абал талкууланды
Сот балкасы. Архив

Жогорку сот Улуттук банктын экс-төрагасынын өкүмүн жокко чыгарды

131
Курманбек Бакиев президент болуп турган тушта өмүрүнө кол салуу болгон журналист Сыргак Абдылдаев өзүнүн Facebook баракчасына "сыр" деген гриф менен Бакиевдердин реабилитациясы жүрүп жатканын жазды.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Улуттук банктын мурдагы төрагасы Марат Алапаевге карата чыккан соттун өкүмү жокко чыгарылды. Иш кайра каралат. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.

Курманбек Бакиев президент болуп турган тушта өмүрүнө кол салуу болгон журналист Сыргак Абдылдаев өзүнүн Facebook баракчасына "сыр" деген гриф менен Бакиевдердин реабилитациясы жүрүп жатканын жазды. Ал ошондой эле Жогорку сот Алапаевге карата чыккан соттун чечимин (15 жылга кесилген) кайра кароону тапшырганын маалымдады. Алапаев "Ысык-Көл" банкын рейдерлик менен басып алууга айыпталган. Абдылдаев ушул эле иш боюнча Максим Бакиев менен Жаныш Бакиев сыртынан камалганын да белгилеген.

"2021-жылдын 18-августунда Жогорку соттун кылмыш иши жана жоруктар боюнча коллегиясынын ачык соттук жыйынында адвокат Мощиндин өтүнүчү жана Башкы прокуратуранын прокурорунун жаңы ачылган жагдайлардан улам Марат Алапаевдин ишин кайра кароо боюнча корутундусу талкууланган", — деп айтылат Жогорку соттун маалыматында.

Анын жыйынтыгында Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2015-жылдын 20-октябрында чыгарган чечими менен Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштер жана административдик эреже бузуулар жөнүндөгү соттук коллегиясынын 2016-жылдын 8-февралындагы чечими жокко чыгарылды. Алапаевге карата козголгон кылмыш ишинин материалдары сотко чейинки өндүрүшкө алуу үчүн прокурорго берилди.

"Белгилей кетсек, бул кылмыш иши ачык соттук жыйында каралып, "сыр" деген грифке тиешеси жок. Ошондой эле бул иш боюнча айыпталган башка фигуранттардын иши кайра каралган жок", — дешти Жогорку соттон.

Максим Бакиев — Курманбек Бакиевдин уулу, ал эми Жаныш — анын бир тууганы. Үчөө тең түрдүү иштер боюнча сыртынан соттолгон.

 

131
Белгилер:
Кыргызстан, Курманбек Бакиев, Башкы прокуратура
Тема боюнча
Соттордун чечими жокко чыгып, Келдибековдун иши кайра каралмай болду
Ош шаардык соту Кылыч Саркарбаевди актады. Прокуратура облустук сотко даттанат
Ыйлаган кыз Архивдик сүрөт

Психолог: балага кол көтөрбөш керек, жазанын башка түрлөрү бар

0
Адистин айтымында, баланы жазалоонун негизги максаты — ката кетиргенин сездирип, кийинкиде туура чечим кабыл алууга үйрөтүү.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Баланы жазалоо үчүн эч качан ур-тепкиге албаш керек. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине маек куруп жатып психологдор Александр Колмановский жана Екатерина Кес айтты.

Алгач адистердин бири жазанын негизги максатын түшүндүрдү.

"Баланы жазалоонун негизги максаты — ката кетиргенин сездирип, кийинкиде туура чечим кабыл алууга үйрөтүү. Мисалы, канткенде туура эмес болорун, анын аркасынан ата-эне кандай санаа тартып, үйдө кандай абал түзүлөрүн түшүндүрүү зарыл. Анткени бала өзү көп нерсени түшүнө элек, жашоо тажрыйбасы аз, ага азыр оюн эле болсо болду. Ошондуктан "экинчи минтпейсиң же антпейсиң" деп жалаң коркутуп сүйлөп, ур-тепкиге алганда, ал эч нерсени түшүнбөй калат. Анализ кыла албайт. Жөн гана коркуп, жек көрүп же жалакайлык мүнөз калыптанат", — деди Екатерина Кес.

Адистер бала алгачкы жолу ката кетиргенде түшүндүрүү жолу менен маселени чечип, кийинкилеринде чектөө коюуну сунуштаган.

"Айткан тилди укпай, кайра эле катасын кайталай берсе, жөн гана ал жакшы көргөн нерселерден оолактатып коюу керек. Мисалы, компьютердик оюндарга, көчөгө ээн-эркин чыгып ойноосуна чек коюп койсо, жаза таасирдүүрөөк болот", — деди Кес.

Ал эми Александр Колмановский адистердин бул кеңешин айрым ата-энелер туура эмес кабыл алышы мүмкүн экенин айтат.

"Муну уккандардын айрымдары "бизди ата-энебиз урушуп, уруп тарбиялаган. Сопсонун эле киши болбодукпу" деп айтышы мүмкүн. Бирок биз сопсонун, телегейибиз тегиз экенин кантип далилдей алабыз? Көпчүлүк адамдардын өксүгү, комплекси бар. Мунун баары балалыктан калган психологиялык жарааттын изи", — деди адис.

Буга чейин психолог баланы жоопкерчиликке кантип үйрөтсө болорун айтып берген.

0
Белгилер:
уруш, психология, тарбия, ата-эне, бала
Тема боюнча
Баланы жоопкерчиликке кантип үйрөтсө болот? Адистин кеңеши
Өч алууну ойлоно берем. Жолдошу таштап кеткен аялдын каты