Жарандык авиация агенттигине жаңы жетекчи келди. Ким дайындалды?

© Sputnik / Табылды КадырбековНачальник инспекции по безопасности "Авиа Траффик компани Сталбек Шаршеев
Начальник инспекции по безопасности Авиа Траффик компани Сталбек Шаршеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курманбек Акышевди кызматтан алуу боюнча буйрукка өкмөт башчы 13-ноябрда кол коюп кеткен. Жаңы жетекчи бүгүн жамаатка тааныштырылган.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Жолдор жана транспорт министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Мурунку премьер-министр жана президенттикке талпакер Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жапаров дайындаган кадрлар. Кызматка келген достору, үзөңгүлөштөрү
Ага ылайык, аны кызматтан алуу боюнча буйрукка өкмөт башчы 13-ноябрда кол коюп кеткен.

Бүгүн министр Бакыт Бердалиев агенттиктин жаңы жетекчиси Сталбек Шаршеевди жамаатка тааныштырган. Бир нече жыл мурда Шаршеев ушул эле кызматта жетекчинин милдетин аткаруучу болуп иштеп кеткен.

Министр Акышевдин буга чейинки ишине ыраазычылык билдирген. Ал аталган агенттикти 2016-жылдан бери жетектеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0