Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев катышкан ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитет жыйынында

Кооптуулуктун таасири талкууланды. Мусаев ЖККУ жыйынына катышты

61
(жаңыланган 22:16 17.11.2020)
ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитети тарабынан бир нече чечимдин долбоорлору каралып жактырылган.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев катышкан ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитет жыйынында аталган уюмга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна учурдагы коркунучтардын тийгизген таасири  талкууланды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

  • Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев катышкан ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитет жыйынында аталган уюмга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна учурдагы коркунучтардын тийгизген таасири  талкууланды
    Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев катышкан ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитет жыйынында аталган уюмга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна учурдагы коркунучтардын тийгизген таасири  талкууланды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев tuv
  • Мусаев согуш аракеттери токтобой, курч кризистик кырдаал жаралган жерлердеги террорчулуктун, радикализмдин башка жактарга жайылуусу ЖККУ жоопкерчилигин алган аймакта коопсуздук үчүн олуттуу көйгөйлөр болорун белгилеген
    Мусаев согуш аракеттери токтобой, курч кризистик кырдаал жаралган жерлердеги террорчулуктун, радикализмдин башка жактарга жайылуусу ЖККУ жоопкерчилигин алган аймакта коопсуздук үчүн олуттуу көйгөйлөр болорун белгилеген
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев tuv
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев tuv
Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев катышкан ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитет жыйынында аталган уюмга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна учурдагы коркунучтардын тийгизген таасири  талкууланды

Мусаев согуш аракеттери токтобой, курч кризистик кырдаал жаралган жерлердеги террорчулуктун, радикализмдин башка жактарга жайылуусу ЖККУ жоопкерчилигин алган аймакта коопсуздук үчүн олуттуу көйгөйлөр болорун белгилеген.

Жамааттык коопсуздуктун алкагында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө өз ара кызматташууну күчөтүү, аскердик, аскердик-техникалык кызматташууну кеңейтүү боюнча чаралар иштелип чыккан. Эл аралык террорчулукка, террордук жана аны менен байланышкан экстремисттик идеологиянын жайылышына каршы аракеттерди координациялоо боюнча да маселелер көз жаздымда калган эмес.

ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитети тарабынан бир нече чечимдин долбоорлору каралып жактырылган.

Алар — аскер жана аскердик-техникалык кызматташуу, ЖККУнун тынчтык орнотуу күчтөрүн, Ыкчам жооп кайтаруунун жамааттык күчтөрүн (ЫЖЖК) жабдуу, ЖККУнун баңгизаттарга каршы стратегиясы жана мамлекеттик бийлик органдары үчүн кадрларды даярдоо.

Эске салсак, быйыл ЖККУга Россия төрагалык кылууда.

61
Белгилер:
Коопсуздук кеңеши, ЖККУ, Рыскелди Мусаев, Кыргызстан
Тема боюнча
Путин Кыргызстандын ички иштерине сырттан кийлигишүүлөргө каршы экенин билдирди
Руслан Казакбаев Москвада ЖККУнун башкы катчысы менен жолукту
УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев. Архив

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары алтын аткезчилиги боюнча суракка чакырылды

92
(жаңыланган 23:02 27.11.2020)
Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев УКМКга алтын аткезчилиги боюнча тергөө амалдарына катышуу үчүн чакырылды. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, иштин чоо-жайы тууралуу тергөө амалдарынан кийин айтылат.

Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

Учурда ал президенттикке талапкерлердин бири Абдил Сегизбаевдин штабын координациялап жатат.

92
Белгилер:
аткезчилик, алтын, Дүйшөнбек Чоткараев, УКМК
Тема боюнча
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканага түштү
УКМК башчысы Матраимовдун өкүл баласын кабыл алды. Видео
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов. Архив

Президенттин милдетин аткаруучу орус тилин макамдан ажыратуу идеясы боюнча үн катты

244
(жаңыланган 21:24 27.11.2020)
Буга чейин Конституциялык кеңешменин мүчөсү Садирдин Төралиев орус тилин расмий тил макамынан ажыратууну сунуштаган. Төралиевди бул үчүн соцтармак сынга алган.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Кыргызстанда тил маселесинин тегерегиндеги саясий оюндарга жана ар кандай жалаа жабууларга жол берилбей турганын айтты.

Буга чейин Конституциялык кеңешменин мүчөсү Садирдин Төралиев орус тилин расмий тил макамынан ажыратууну сунуштаган. Мындай пикирин ал "кыргыз жаштары эне тилинде сүйлөбөй калды" деп түшүндүргөн. Төралиевди бул үчүн соцтармак сынга алган.

Төмөндө Мамытовдун билдирүүсүн толугу менен сунуштайбыз:

“Кыргызстанда тил маселесинин тегерегиндеги саясий оюндарга жана ар кандай жалаа жабууларга жол берилбейт. Тилдик фактор коомубуздагы туруктуулуктун жана улуттар аралык ынтымактын фактору катары каралышы зарыл.

Мекенге болгон сүйүү жана берилгендик эне тилге болгон сүйүүдөн башталат.

Көз карандысыздык жылдарында кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары ордун жана кадыр-баркын бекемдөө жаатында көптөгөн иштер жасалды. Борбордук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш кагаздарында кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары иштешин камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Мамлекеттик тилди колдонуунун укуктук негиздери өнүгүүдө. Атайын окуу китептери, сөздүктөр жана окуу куралдары, видео жана аудио-материалдар даярдалып, окутуунун заманбап ыкмалары киргизилүүдө.

Эң негизгиси, тил саясаты көп улуттуу мамлекетти жана ачык жарандык коомду өнүктүрүүгө, кыргыз тилинин бириктирүүчү ролун күчөтүүгө жана башка этностордун тилдерин өнүктүрүүгө багытталган.

Орус тили кыргызстандыктарга абдан жакын тил болуп саналат. “Орус жана кыргыз тилдери — бир куштун эки канаты“ деп бекеринен айтылбайт. Ал азыркы Кыргызстандын аймагында 19-кылымдын ортосунан тартып кеңири тараган. Биздин тоолуу аймактын социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсүндө маанилүү ролду ойногон.

Тарыхый жактан да орус тили кыргыз маданиятынын жана билим берүү тутумунун калыптанышында эбегейсиз прогрессивдүү ролду ойногон. Дал ушул орус тили аркылуу кыргыздар дүйнөнү таанып жана, тескерисинче, дүйнө кыргыздарды тааныган. Мунун эң сонун мисалы — Чыңгыз Айтматовдун улуу чыгармалары.

Кыргызстандан Россияга эмгек миграциясынын негизги агымы өлкөнүн аймактарынан барат. Бул кыргызстандыктардын расмий тилди билүүнү каалоосунун бир себеби.

Кыргызстан менен Россия дайыма дос болуп келген жана дос болуп кала берет. Биздин өлкөлөрдүн тарыхый жолу көп жагынан окшош. Кыргызстандын негизги стратегиялык өнөктөшү — Россия.

Бүгүнкү күндө, ЕАЭБдин алкагында, орус тили евразиялык бирикмеде коммуникациянын негизги каражаты экенин эске алганда орус тилин билүүгө болгон муктаждык өсүүдө.

Расмий тил биздин өлкөлөрдүн мындан аркы өз ара кызматташуу жолуна жакшы негиз болуп берет деп ишенем.

Ошондуктан мен Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнүн кыргыз тилин мамлекеттик тил, ал эми орус тилин расмий тил катары бекитүү чечимин кубаттайм.

Биздин негизги милдет — өлкөдө жашаган бардык этностордун тилдерин сактоо менен, Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоонун маанилүү фактору катары мамлекеттик тилдин толук масштабдуу иштешин камсыз кылган, өз эне тилинде, мамлекеттик, расмий жана башка тилдерде эркин сүйлөгөн кыргызстандыктардын жаңы көп тилдүү муунун калыптандырууну камсыз кылуучу натыйжалуу тил саясатын жүргүзүү», — деди президенттин милдетин аткаруучу.

244
Белгилер:
пикир, орус тили, Талант Мамытов
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум
Тема боюнча
Орус тили расмий болуп кала берет. Конституциялык кеңешменин чечими
Артем Новиков депутаттарга кыргыз тилинде сүйлөп кайрылды. Видео
Мамдума депутаты: орус тили — КРде жашаган улуттардын пикир алышкан негизги тили