Конституция. Архивдик сүрөт

Жаңы Конституцияны кимдер жазды? Демилгечи 80 депутаттын тизмеси

1915
(жаңыланган 10:53 18.11.2020)
Баш мыйзамдын жаңы редакциясын иштеп чыгуунун негизги демилгечиси катары "Кыргызстан" фракциясынан депутат Шаршенбек Абдыкеримов экени көрсөтүлгөн.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кечээ кечинде Кыргызстандын бардык аймагында референдумду 2021-жылдын 10-январына дайындоо боюнча мыйзам долбоору талкууга коюлду. Анда азыркы Конституцияны өзгөртүүнү Жогорку Кеңештин 80 депутаты демилгелегени жазылат

Баш мыйзамдын жаңы редакциясын иштеп чыгуунун негизги демилгечиси катары "Кыргызстан" фракциясынан депутат Шаршенбек Абдыкеримов экени көрсөтүлгөн.

Sputnik Кыргызстан Конституцияны кайра башынан жазган эл өкүлдөрүнүн тизмесин сунуштайт:

  1. Шаршенбек Абдыкеримов;
  2. Алиярбек Абжалиев;
  3. Нургазы Айдаров;
  4. Салайдин Айдаров;
  5. Алмасбек Акматов;
  6. Нурбек Алимбеков;
  7. Айбек Алтынбеков;
  8. Орозбек Алыбаев;
  9. Азамат Арапбаев;
  10. Ниязбек Арзыбаев:
  11. Султанбек Анарбаев;
  12. Гүлшат Асылбаева;
  13. Калдарбек Баймуратов;
  14. Мирлан Бакиров;
  15. Өмүрбек Бакиров;
  16. Аккулу Бердиев;
  17. Айгерим Бешимбаева;
  18. Кенжебек Бокоев;
  19. Искендер Гаипкулов;
  20. Сайдолимжан Жураев;
  21. Абдыбек Дюшалиев;
  22. Акылбек Жапаров;
  23. Камчыбек Жолдошбев;
  24. Тариел Жоробеков;
  25. Кубанычбек Жумалиев;
  26. Адыл Жунус уулу;
  27. Алмаз Жутанов;
  28. Самат Ибраев;
  29. Тазабек Икрамов;
  30. Самат Исманов;
  31. Динара Исаева;
  32. Уланбек Исмаилов;
  33. Аалы Карашев;
  34. Нодирбек Каримов;
  35. Арзыбек Карыбеков;
  36. Сагындык Келдибаев;
  37. Байгазы Кенжебаев;
  38. Канат Керезбеков;
  39. Мээримбек Койчуманов;
  40. Тынчтык Конушбаев;
  41. Абтандил Кулбараков;
  42. Умбеталы Кыдыралиев;
  43. Махабат Мавлянова;
  44. Марлен Маматалиев;
  45. Абдимуктар Маматов;
  46. Илхом Маннанов;
  47. Гүлкан Молдобекова;
  48. Сталбек Молдалиев;
  49. Жылдыз Мусабекова;
  50. Бейшенаалы Нурдинов;
  51. Иса Өмүркулов;
  52. Улугбек Ормонов;
  53. Айнура Осмонова;
  54. Улан Примов;
  55. Бактыбек Райымкулов;
  56. Зарылбек Рысалиев;
  57. Кожобек Рыспаев;
  58. Максат Сабиров;
  59. Урматбек Самаев;
  60. Гүлнара-Клара Самат;
  61. Улугбек Садиков;
  62. Бакирдин Субанбеков;
  63. Акылбек Султанов;
  64. Абдыкапар Султанов;
  65. Бектен Сыдыгалиев;
  66. Нурбек Сыдыгалиев;
  67. Нурлан Сырдыбаев;
  68. Чынара Урумкалиева;
  69. Эрмамат Тагаев;
  70. Таабалды Тиллаев;
  71. Эмил Токтошев;
  72. Бакыт Төрөбаев;
  73. Нурбек Тотонов;
  74. Пархат Тулендыбаев;
  75. Осмон Турдумамбетов;
  76. Азиз Турсунбаев;
  77. Бактыбек Турускулов;
  78. Замирбек Эсенаманов;
  79. Максат Эгембердиев;
  80. Абдумажит Юсуров.

Эл өкүлдөрүнүн демилгеси менен жалпы элдик добуш берүү президенттик шайлоо менен бир күндө, 2021-жылы 10-январда болмокчу.

Баш мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн негизги учурлары менен кенен тааныша аласыздар

1915
Белгилер:
мыйзам, Кыргызстан, Жогорку Кеңеш, депутат, өзгөртүүлөр, референдум, конституция
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум (42)
Тема боюнча
5 жылдан президенттик эки мөөнөт сунушталууда. Жаңы Баш мыйзам долбоору
Президенттин укуругу узарып... Конституциянын жаңы долбоорундагы негизги учурлар
УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев. Архив

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары алтын аткезчилиги боюнча суракка чакырылды

110
(жаңыланган 23:02 27.11.2020)
Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев УКМКга алтын аткезчилиги боюнча тергөө амалдарына катышуу үчүн чакырылды. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, иштин чоо-жайы тууралуу тергөө амалдарынан кийин айтылат.

Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

Учурда ал президенттикке талапкерлердин бири Абдил Сегизбаевдин штабын координациялап жатат.

110
Белгилер:
аткезчилик, алтын, Дүйшөнбек Чоткараев, УКМК
Тема боюнча
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканага түштү
УКМК башчысы Матраимовдун өкүл баласын кабыл алды. Видео
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов. Архив

Президенттин милдетин аткаруучу орус тилин макамдан ажыратуу идеясы боюнча үн катты

260
(жаңыланган 21:24 27.11.2020)
Буга чейин Конституциялык кеңешменин мүчөсү Садирдин Төралиев орус тилин расмий тил макамынан ажыратууну сунуштаган. Төралиевди бул үчүн соцтармак сынга алган.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Кыргызстанда тил маселесинин тегерегиндеги саясий оюндарга жана ар кандай жалаа жабууларга жол берилбей турганын айтты.

Буга чейин Конституциялык кеңешменин мүчөсү Садирдин Төралиев орус тилин расмий тил макамынан ажыратууну сунуштаган. Мындай пикирин ал "кыргыз жаштары эне тилинде сүйлөбөй калды" деп түшүндүргөн. Төралиевди бул үчүн соцтармак сынга алган.

Төмөндө Мамытовдун билдирүүсүн толугу менен сунуштайбыз:

“Кыргызстанда тил маселесинин тегерегиндеги саясий оюндарга жана ар кандай жалаа жабууларга жол берилбейт. Тилдик фактор коомубуздагы туруктуулуктун жана улуттар аралык ынтымактын фактору катары каралышы зарыл.

Мекенге болгон сүйүү жана берилгендик эне тилге болгон сүйүүдөн башталат.

Көз карандысыздык жылдарында кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары ордун жана кадыр-баркын бекемдөө жаатында көптөгөн иштер жасалды. Борбордук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш кагаздарында кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары иштешин камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Мамлекеттик тилди колдонуунун укуктук негиздери өнүгүүдө. Атайын окуу китептери, сөздүктөр жана окуу куралдары, видео жана аудио-материалдар даярдалып, окутуунун заманбап ыкмалары киргизилүүдө.

Эң негизгиси, тил саясаты көп улуттуу мамлекетти жана ачык жарандык коомду өнүктүрүүгө, кыргыз тилинин бириктирүүчү ролун күчөтүүгө жана башка этностордун тилдерин өнүктүрүүгө багытталган.

Орус тили кыргызстандыктарга абдан жакын тил болуп саналат. “Орус жана кыргыз тилдери — бир куштун эки канаты“ деп бекеринен айтылбайт. Ал азыркы Кыргызстандын аймагында 19-кылымдын ортосунан тартып кеңири тараган. Биздин тоолуу аймактын социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсүндө маанилүү ролду ойногон.

Тарыхый жактан да орус тили кыргыз маданиятынын жана билим берүү тутумунун калыптанышында эбегейсиз прогрессивдүү ролду ойногон. Дал ушул орус тили аркылуу кыргыздар дүйнөнү таанып жана, тескерисинче, дүйнө кыргыздарды тааныган. Мунун эң сонун мисалы — Чыңгыз Айтматовдун улуу чыгармалары.

Кыргызстандан Россияга эмгек миграциясынын негизги агымы өлкөнүн аймактарынан барат. Бул кыргызстандыктардын расмий тилди билүүнү каалоосунун бир себеби.

Кыргызстан менен Россия дайыма дос болуп келген жана дос болуп кала берет. Биздин өлкөлөрдүн тарыхый жолу көп жагынан окшош. Кыргызстандын негизги стратегиялык өнөктөшү — Россия.

Бүгүнкү күндө, ЕАЭБдин алкагында, орус тили евразиялык бирикмеде коммуникациянын негизги каражаты экенин эске алганда орус тилин билүүгө болгон муктаждык өсүүдө.

Расмий тил биздин өлкөлөрдүн мындан аркы өз ара кызматташуу жолуна жакшы негиз болуп берет деп ишенем.

Ошондуктан мен Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнүн кыргыз тилин мамлекеттик тил, ал эми орус тилин расмий тил катары бекитүү чечимин кубаттайм.

Биздин негизги милдет — өлкөдө жашаган бардык этностордун тилдерин сактоо менен, Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоонун маанилүү фактору катары мамлекеттик тилдин толук масштабдуу иштешин камсыз кылган, өз эне тилинде, мамлекеттик, расмий жана башка тилдерде эркин сүйлөгөн кыргызстандыктардын жаңы көп тилдүү муунун калыптандырууну камсыз кылуучу натыйжалуу тил саясатын жүргүзүү», — деди президенттин милдетин аткаруучу.

260
Белгилер:
пикир, орус тили, Талант Мамытов
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум (42)
Тема боюнча
Орус тили расмий болуп кала берет. Конституциялык кеңешменин чечими
Артем Новиков депутаттарга кыргыз тилинде сүйлөп кайрылды. Видео
Мамдума депутаты: орус тили — КРде жашаган улуттардын пикир алышкан негизги тили
Медициналык бет капчан фужер кармап турган официант. Архив

Маданият министри таксист менен официанттарды окутуу курсун ачууну сунуштады

0
Туристтерди аэропорттон биринчи болуп тосуп алган жана тейлеген адистерди атайын окутуу демилгеси көтөрүлдү.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков таксисттерди жана коомдук тамактануучу жайларда кардар тейлеген официанттарды окутууну сунуштады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Министр туризм бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөн. Тараптар өлкөнүн туризм тармагын, анын ичинде кышкы туризмди калыбына келтирүү жана андан ары өнүктүрүү, ошондой эле COVID-19 пандемиясынын шартында пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулашканы айтылат.

"Балким, такси айдоочулары үчүн жалпы кабыл алынган эрежелерди жана эл аралык этикеттин нормаларын үйрөтүүнү биргелешип уюштуруу максатка ылайыктыр. Анткени алар чет элдик туристтерди аэропорттон биринчи болуп тосуп алышат. Ошол эле курстарды официанттар жана гиддер үчүн уюштуруу керек. Алардын жүрүм-турум маданиятынын деңгээли жана тейлөө маданияты өлкөнүн, элибиздин биринчи элесин чагылдырат. Чет элдик туристтерди көбүнчө сертификат алган адистер тейлеши керек. Мындай тажрыйба өнүккөн өлкөлөрдө бар", — деди Кадырбеков.

Ошондой эле ал туризм бизнесинин өкүлдөрү тарабынан айтылган сунуштар менен идеялар дагы каралып, сөзсүз түрдө иштелип чыгарын белгилеген.

0
Белгилер:
окутуу, тейлөө, таксист, официант, Нуржигит Кадырбеков
Тема боюнча
Бишкектин кинотеатрлары качан ачылары айтылды
Мырзабеков: кышкы туризм дагы кризиске кептелүү коркунучунда