Конституция долбоору каада-салтка каршы келген ЖМК жана иш-чараларга тыюу салат

© Sputnik / Табылды КадырбековВнеочередное заседание Жогорку Кенеша в госрезиденции
Внеочередное заседание Жогорку Кенеша в госрезиденции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конституциянын авторлору "жалпы таанылган ыймандык баалуулуктар" дегенде эмнени түшүнүү керектигин жана аны ким аныктай турганын так жазган эмес.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы Баш мыйзамдын жаңы долбооруна ылайык, жалпы таанылган ыймандык баалуулуктарга жана каада-салтка каршы келген коомдук иш-чараларды уюштурууга жана ЖМКлар аркылуу жайылтууга тыюу салынат.

Кечээ күнү Жогорку Кеңештин 80 депутаты Конституциянын жаңы долбоорун коомдук талкууга алып чыгышты. Анын биринчи бөлүмүндөгү акыркы берене коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынып жатат.

23-беренеде төмөнкүлөр жазылган:

Депутат Эмил Токтошев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат Токтошев: жаңы Конституцияга автор экенимди соцтармактан билдим
1. Кыргыз Республикасында жалпы таанылган ыймандык баалуулуктарга, Кыргызстан элинин каада-салттарына, ошондой эле эл аралык стандарттарга карама-каршы келген басылмаларга, анын ичинде электрондук алып жүрүүчүдөгү басылмаларга, оюн-зоокторго жана коомдук иш-чараларга тыюу салынат.

2. Мазмуну Кыргызстан элинин маданиятына жана элдин ыйманына зыян келтириши мүмкүн болгон маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында таратууга мыйзамга ылайык тыюу салынат же чектелет.

Анткен менен "жалпы таанылган ыймандык баалуулуктар" дегенде эмнени түшүнүү керектигин жана аны ким аныктай турганы так жазылган эмес.

Соцтармактын колдонуучулары бул берене Кыргызстанда цензурага тыюу салынганына карабастан айрым ЖМКларды ооздуктоого шарт түзүп калышы мүмкүн деп чочулап жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0