Руслан Казакбаев Тажикстанга барып, чек ара маселесин талкуулайт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев. Архив
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш сапардын алкагында Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен кезигет.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. 19-20-ноябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстанга расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Село Максат Лейлекского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Баткен менен Согдинин жетекчилери такталбаган аймакка курулуш курбоону сүйлөштү
Билдирмеге ылайык, иш сапардын алкагында Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен кезигет. 

Жолугушууда саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдө кыргыз-тажик кызматташтыгы тууралуу сөз болору күтүлүүдө.

Мындан сырткары, тараптар кыргыз-тажик чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча маселеге өзгөчө көңүл бурары айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0