Жогорку Кеңештин имараты. Архивдик сүрөт

Депутаттар Рыскелди Момбеков менен Эмил Токтошев дагы суракка чакырылды

239
(жаңыланган 13:30 19.11.2020)
Эки парламентарий тең эртең, 20-ноябрда, саат 17:00гө чакырылган. Ал эми бүгүн депутаттар Жанар Акаев менен Мирлан Жээнчороев сурак бермекчи.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков менен Эмил Токтошев дагы суракка чакыртылды. Маалыматты Sputnik Кыргызстанга эл өкүлдөрү өзүлөрү тастыктады.

Токтошев суракка күбө катары келүү чакыруусун бүгүн, 19-ноябрда, алганын билдирди.

"Кечээ Конституцияны өзгөртүүгө каршы пикиримди ачык айтып чыккандан кийин бүгүн минтип суракка чакырып жатат. Тергөөчү чалып, келип кетүүнү суранды. Бирок кайсы иш боюнча экенин айткан жок. Эртең барганда көрөбүз", — деди Токтошев.

Ал эми Момбеков мындан эки күн мурун ага тергөөчү чалып 5-6-октябрда болгон "Ала-Тоо" аянтындагы митингдер тууралуу күбө катары чакыруу ниетин билдиргенин айтты.

"Мурдагы күнү тергөөчү чалып "сизди суракка чакыралы дедик эле" дегенинен расмий кагаз жибер дегем. Бүгүн эртең менен жардамчыма чакыртма таштап кетиптир. Токтошев экөөбүзгө бир учурда берип жатпайбы. Эгер андай болсо, өкмөттөгү адамдардын өзүнөн башташы керек эле. Алардын баары "Ала-Тоо" аянтында болгон. Эмнеге Баш мыйзамга каршы чыккан депутаттарды чакырат? Тандап чакырганына караганда, бир сыр жаткандай. Булар ушундай, биринчи күбө катары чакырат да, анан күнөөкөр кылып коёт", — деди Момбеков.

Ошондой эле ал бул иштер кечээ Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы билдирүү таратып койгону үчүн жасалып жатат деген пикирин кошумчалады.

Депутат суракка барар-барбасы тууралуу азырынча чечим кабыл ала электигин айтат. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Бакыт Шаршембиевдин доо арызы боюнча Сокулук райондук сотунда иш кайра жанданганын белгилеп, 20-ноябрда ал жакка дагы барышы керектигин билдирди.

Эмил Токтошев кечээ, 18-ноябрда, жаңы Конституция долбоорун жазган автор катары кошулуп калганына таң калып, тизмеден аты-жөнүн чагарып салуу үчүн төрагага кайрылган.

Белгилей кетсек, ИИМ Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев менен Мирлан Жээнчороевди дагы 5-6-октябрдагы башаламандыкты уюштуруу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында суракка чакырган. Алар тергөө кызматына бүгүн барышы керек.

239
Белгилер:
сурак, Рыскелди Момбеков, Эмил Токтошев
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум (191)
Тема боюнча
Бишкектин вице-мэри Абдылдаев Финполго сурак берди. Себеби
Жанар Акаев ИИМге суракка чакыртылды. Сүрөт
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге Түркмөнстанда белек кылынган ахалтекин күлүгү

Түркмөн башы коногу Токаевге "канаттуу" аргымак тартуулады. Видео

104
Учурда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Түркмөнстанда иш сапарда. Дүйшөмбү күнү тараптар саясий-дипломатиялык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге Түркмөнстанда ахалтекин күлүгү менен түркмөн тайганын белек кылышты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Белгилей кетсек, казак лидери Түркмөнстанга эки күндүк иш сапар менен барган.

"Иш сапардын алкагында Токаев Ашхабад шаарынын жанындагы жылкы фермага барып, ал жактан кадырлуу конокко чабандестер шоу-программа тартуулады. Андан соң ага Гурбангулы Бердымухамедов Ганатлы (Канаттуу) аттуу ахалтекин күлүгүн белек кылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле өлкөнүн вице-премьери, президенттин уулу Сердар Бердымухамедов Токаевге түркмөн тайганынын Бриллиант аттуу күчүгүн тартуу кылды.

Токаев казак элине жана жеке өзүнө кырсөтүлгөн сый-урмат, баалуу белектер үчүн ыраазычылык билдирген.

Дүйшөмбү күнү тараптар саясий-дипломатиялык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү айтылды.

104
Белгилер:
Казакстан, Түркмөнстан, Касым-Жомарт Токаев, Гурбангулы Бердымухамедов, белек, жылкы, ит
Тема боюнча
Нурсултан Назарбаев кыргыздардан эмне белек алганын айтты
Өлкө башчы Садыр Жапаров Азербайжандын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оруджевди дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды

Азербайжандын элчиси Гидаят Оруджевдин иштөө мөөнөтү аяктады

35
(жаңыланган 10:06 25.10.2021)
Гидаят Оруджев Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси болуп 2012-жылдан бери иштеп келе жаткан. Ал эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык мындан ары да тереңдей турганына ишеним артты.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров Азербайжандын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оруджевди дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

  • Президент КР Садыр Жапаров во время встречи с чрезвычайным и полномочным послом Азербайджана в Кыргызстана Гидаятом Оруджевым по случаю завершения его дипломатической миссии
    Өлкө башчы Садыр Жапаров Азербайжандын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оруджевди дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Чрезвычайный и полномочный посол Азербайджана в Кыргызстане Гидаят Оруджев на встрече с президентом КР Садыром Жапаровым
    Оруджев Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы кызматташтык мындан ары да тереңдеп жана кеңейе турганына ишенимин билдирди.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Өлкө башчы Садыр Жапаров Азербайжандын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оруджевди дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды

Жолугушууда эки тараптуу мамиленин актуалдуу маселелери талкууланган.

"Мамлекет башчы Азербайжан Кыргызстандын маанилүү өнөктөшү экенин жана өлкөлөр ортосундагы мамиле жалпы тарых, маданият, тил, руханий жана диний баалуулуктардан келип чыккан бекем достук жана бир туугандыкка негизделгенин белгиледи", — деп жазылган маалыматта.

Жапаров Оруджевге жана анын жакындарына чың ден соолук, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгилик каалап, ошондой эле Азербайжан президенти Ильхам Алиевге салам жолдоону өтүнгөн.

Оруджев Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы кызматташтык мындан ары да тереңдеп жана кеңейе турганына ишенимин билдирди.

Белгилей кетсек, дипломат Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси болуп 2012-жылдан бери иштеп келе жаткан.

35
Белгилер:
Кыргызстан, Азербайжан, Садыр Жапаров, элчи, жолугушуу
Тема боюнча
Азербайжандан Бишкекке жардам катары 40 миң доза AstraZeneca келди
Тазабек Икрамов Армения менен Азербайжанга бир элчи дайындоого чакырды. Видео
Балбандар күрөш учурунда. Архив

Кыргызстандык эркин күрөш балбаны Англиянын чемпиону болду. Видео

21
(жаңыланган 13:21 25.10.2021)
Мелдеш 23-октябрда Улуу Британиянын Манчестер шаарында өткөн. Кыргыз балбаны 86 килограмм салмакта ат салышкан.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Англияда жашаган кыргызстандык балбан Мирлан Кенжебаев эркин күрөш боюнча Англиянын ички биринчилигинде таймашып, чемпион болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Күрөш федерациясынын маалымат кызматы билдирип, спортчунун беттештеринин видеосун чыгарды. 

Мелдеш 23-октябрда Улуу Британиянын Манчестер шаарында өткөн. Кыргыз балбаны 86 килограмм салмакта ат салышкан. Спортчу дээрлик бардык атаандаштарын таза артыкчылык менен уткан.

Мирлан Кенжебаев Ысык-Көл облусунун тургуну, Республикалык олимпиадалык резервдер окуу жайын бүтүргөн.

21
Белгилер:
эркин күрөш, Англия, чемпионат, мелдеш, чемпион, Мирлан Кенжебаев
Тема боюнча
U23: дүйнө чемпионатына Кыргызстандан эки балбан кыз барат
Роман Сарыбаев ардагерлердин дүйнө чемпионатынан күмүш медаль алды
Бишкекте Жапаровдун тапшырмасы менен балбан кыздарга спорттук зал курулат