ЖК депутаты Канат Исаев. Архив

Исаев: жаңы Конституциянын автору Садыр Жапаров, ага депутаттардын тиешеси жок

3419
(жаңыланган 14:40 19.11.2020)
Бүгүн демилгечи катары жаңы долбоорго кол койду делген дагы бир депутат кол тамагасын артка чакыртып алганы белгилүү болду.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Жаңы сунушталган конституциялык долбоордун автору — Садыр Жапаров. Бул туурасында экс-спикер, ЖК депутаты Канат Исаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Ал президенттик башкарууга ыктаган Баш мыйзамга каршылыгын айтып, анын ордуна партиялык системаны өздөштүрүү керектигин белгиледи.

"Эгер ачык айта турган болсок, жаңы Конституциянын автору — Садыр Жапаровдун өзү. Себеби ал буга чейин долбоор даярдалып жатканын, ЖКнын кароосуна киргизилерин айтып жаткан. Бирок бир дагы депутат демилгечи же автор болгон эмес. Мындан улам бул президенттин же өкмөттүн аппаратында жазылган деп ойлойм. Жаңы Конституциянын долбооруна демилгечи делген депутаттар менен да сүйлөштүм. Көпчүлүгү окубай туруп эле кол койгон экен. Бул нерсе парламентте ачык-айкын каралып, авторлору так көрсөтүлүшү керек", — деди Исаев.

Ошондой эле бүгүн "Кыргызстан" фракциясынан демилгечи катары көрсөтүлгөн депутат Бектен Сыдыгалиев кол тамгасын артка чакыртып алганын кошумчалады.

Мындан сырткары, Исаев мөөнөтү аяктаган парламент талаш-тартыш учурунда Баш мыйзамды өзгөртүүгө аракет кылбашы керектигин белгиледи.

"Президенттик башкаруунун аягы эмне болгонун 2005 жана 2010-жылы көрдүк го. Ал эми бир мандаттуу шайлоо болсо бир да аял, жаш муун, майыптар келбейт, жалаң байлар шайланат. Маселе Конституцияда эмес, адамдардын өзүндө. Азыркы мыйзамдар менен башкарууга шарт бар, мында бийлик бутактарынын тең салмактуулугу сакталган", — деди депутат.

Эске салсак, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы жаңы парламенттик шайлоо мөөнөтүн 20-декабрга койгон. Бирок эртеси эле Жогорку Кеңеш мыйзам кабыл алып, ага ылайык, шайлоо күнү конституциялык реформадан кийин, бирок 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес мөөнөткө белгиленген. Ага ошол убактагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.

3419
Белгилер:
долбоор, Канатбек Исаев, өзгөртүүлөр, мыйзам, конституция
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум (40)
Тема боюнча
Жаңы Конституцияны деги ким жазды? Өзгөртүүнү демилгелеген депутаттардын жообу
Дагы бир депутат жаңы Конституцияга автор эмес экенин билдирди
Мамлекеттик кызматкерлер жыйын учурунда. Архив

Конституциялык кеңешменин курамы өзгөрдү. Жаңы кошулган 10 адамдын тизмеси

214
(жаңыланган 21:48 25.11.2020)
Кеңешменин курамына жаңы киргендердин арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары, коомдук ишмер, юрист жана укук коргоочулар бар. Ал эми кеңешмедеги ЖК депутаты Канат Керезбеков үй-бүлөлүк шартына байланыштуу чыгарылган.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Конституциялык кеңешменин курамына өзгөртүүлөр киргизилип, дагы 10 адам кошулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, кеңешменин курамы мамлекет башчынын милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кол койгон жарлыкка ылайык өзгөргөн.

"Конституциялык кеңешменин ишине активдүү катышууну каалагандардын саны көбөйгөндүгү эске алынды. Ошондой эле конституциялык реформа боюнча ишке жарандарды, коомдук уюмдарды жана көз карандысыз эксперттерди тартып, ар кандай пикирлерди толук эске алууну камсыз кылуу максатында, Конституциянын 65 жана 68-беренелери жетекчиликке алынды", — деп жазылат маалыматта.

Ага ылайык, кеңешмеден үй-бүлөлүк шартына байланыштуу ЖК депутаты Канат Керезбеков чыгарылган.

Кеңешме курамына 10 киши кошулду. Алар:

  • Чолпонбек Абыкеев — коомдук ишмер;
  • Мурат Укушев — көз карандысыз эксперт, конституционалист;
  • Алмамбет Шыкмаматов — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
  • Төлөйкан Исмаилова — "Бир дүйнө – Кыргызстан" укук коргоо уюмунун директору;
  • Мурат Карыпов — тобокелдиктерди жана кырсыктарды алдын алуу боюнча эксперт, "Плюрализм" гезитинин редактору;
  • Айдарбек Мамбеткадыров — көз карандысыз эксперт-юрист;
  • Асел Абакирова — юридика илимдеринин кандидаты, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин конституциялык жана административдик укук кафедрасынын доценти;
  • Кантемир Мурзабеков — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
  • Муратбек Иманкулов — Кыргыз билим берүү академиясынын билим берүү жаатында социалдык-гуманитардык көйгөйлөр лабораториясынын башчысы;
  • Таалайбек Шамурзаев — Кыргыз-орус славян университетинин Жазык процесси жана криминалистика кафедрасынын башчысы, профессор, юридика илимдеринин доктору.
214
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум (40)
Тема боюнча
Конституция жөнүндө мыйзам долбооруна лингвистикалык экспертиза жүргүзүлөт
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова

Ализа Солтонбекова министрлик ишине расмий киришти

148
(жаңыланган 22:21 25.11.2020)
Кызматка дайындалган аткаминер 2018-жылдын ноябрь айынан ушул күнгө чейин министрдин орун басары болуп иштеп келген.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Ализа Солтонбекова эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына расмий түрдө киришти. 

Аны дайындоо жөнүндө жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Султанбекованын талапкерлиги премьер-министр тарабынан сунушталып, бүгүн парламенттен колдоо тапкан.

Солтонбекова 2018-жылдын ноябрь айынан ушул күнгө чейин эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп иштеп келген.

Белгилей кетсек, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров 27-октябрда жумуштан бошотулгандан кийин анын ордуна жаңы эле кызматын тапшырган вице-премьер Аида Исмаилова сунушталган. Бирок анын талапкерлигин ЖК депутаттары колдобой койгон.

148
Белгилер:
Ализа Солтонбекова, жарлык, дайындоо, министр
Тема боюнча
"Алмашкыс" орун басар ордуна кайтканда. Байгончоков Финансы министрлигине барды
Легендарлуу футболчу Диего Марадона. Архив

Легендарлуу футболчу Диего Марадона көз жумду

0
(жаңыланган 22:50 25.11.2020)
Аргентиналык спортчу 60 жашта болчу. Ал 30-октябрда медициналык көзөмөлдөн өтүү үчүн ооруканалардын бирине жаткырылган.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Футбол боюнча 1986-жылы дүйнө чемпиону болгон легендарлуу футболчу Диего Марадона көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости Аргентинанын TN телеканалына таянып кабарлады.

Аргентиналык спортчу 60 жашта болчу.

30-октябрда "Химнасия жана Эсгрима" футбол клубуна башкы машыктыруучулук кылып жаткан Марадона бир катар текшерүүлөрдөн өтүү үчүн ооруканага жаткырылган. Кийинчерээк анын мээсине операция жасалгандыгы кабарланган. Марадона ооруканадан 12-ноябрда чыгарылганы айтылган. Футбол адисинин акыркы жылдары басканы оорлошуп, өзүн начар сезип калган.

0
Тема боюнча
Роналду, Зидан, Марадона... Дүйнөлүк футболчулардын атын алган кыргызстандыктар