Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев. Архив

УКМК: кызматкерлерден акча алып турган делип Соцфонддун төрагасы кармалды

235
(жаңыланган 15:29 19.11.2020)
Буга чейин Социалдык фонддун аппарат жетекчиси аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилеринен мыйзамсыз түрдө каражат чогулткан деген шек менен кармалган.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев аймактык бөлүмдөрдөн акча талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

17-ноябрда Социалдык фонддун аппарат жетекчиси Акылбек Байдылдаев аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилеринен мыйзамсыз түрдө каражат чогулткан деген шек менен кармалган.

Буга чейин Коррупцияга каршы кызмат сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ишти карап баштаган. Эми ведомство жетекчиси кармалганы кабарланды.

"Териштирилген сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Социалдык фонддун төрагасынын мыйзамсыз акча талап кылууга катыштыгы бар экендиги жөнүндө төгүндөлгүс маалыматтар алынды", — деп айтылат билдирүүдө.

Чогулган материалдардын негизинде кечээ, 18-ноябрда, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде аталган аткаминердин кармалганы кошумчаланды.

"Социалдык фонддун төрагасы И.М.Э. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп билдиришти алар.

УКМКдан учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.

235
Белгилер:
мыйзамсыз ишкердик, өндүрүүчү, акча, кармоо, Социалдык фонд, УКМК, Кыргызстан
Тема боюнча
УКМК: ИИМдин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды
ЖККУнун  жыйыны. Архив

ЖККУнун коргоо министрлеринин отуруму өттү. Талкууланган маселелер

11
(жаңыланган 19:43 01.12.2020)
Кыргызстандын атынан Генералдык штабдын жетекчиси Таалайбек Өмүралиев катышты. Отурумдун аягында бир топ документтер кабыл алынды.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Бүгүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу Генералдык штабдын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кыргызстандын атынан Генералдык штабдын жетекчиси Таалайбек Өмүралиев катышты. Иш-чара Россиянын коргоо министри Сергей Шойгунун төрагалыгы алдында өттү.

Жыйын видеоконференция форматында уюштурулду.

"Иш-чаранын жүрүшүндө ЖККУнун БУУ менен өз ара кызматташуусу, аталган уюмдун алдында тынчтык орнотуучу иштерге катышуу боюнча маселелер талкууланып, пикир алмашуу болду", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, жыйындын соңунда ЖККУнун Жамааттык күчтөрүн материалдык-техникалык жана медициналык жактан биргелешип камсыздоо боюнча бир нече документтер макулдашылган. Буга авиациялык тармактын өнүгүшү жана аны изилдөө маселелери, аскердик кызматташууну өнүктүрүүнүн планын кароо кошулган.

Келерки жылы төрагалык кылуу Тажикстанга өтмөкчү.

11
Белгилер:
кызматташуу, ЖККУ, Кыргызстан
Тема боюнча
Кооптуулуктун таасири талкууланды. Мусаев ЖККУ жыйынына катышты
Президенттин кеңешчиси Чыңгыз Айдарбеков. Архив

Чыңгыз Айдарбеков президентке кеңешчи болбой калды

102
(жаңыланган 19:14 01.12.2020)
Мурдагы тышкы иштер министри иштен кетүү арызын өзү жазган. Ал бул кызматка бир ай мурдараак, Садыр Жапаровдун тушунда келген болчу.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Чыңгыз Айдарбеков президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон.

Айдарбеков иштен кетүү арызын өзү жазган.

Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков президенттин стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси болуп 22-октябрда дайындалган. Ал кезде өлкөнү убактылуу Садыр Жапаров башкарып турган.

102
Белгилер:
кызмат, бошотуу, кеңешчи, президент, Чыңгыз Айдарбеков
Тема боюнча
Дастан Дүйшекеев президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнө жетекчи болду