Мамытов Конституциялык кеңешме эмнеге түзүлүп, кандай иштей турганын айтты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаПрезиденттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов. Архив
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
17-ноябрда коомдук талкууга коюлган жаңы Конституциянын долбоору коомчулукта кызуу талкууга алынып, сын-пикирлер көп айтылууда.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Конституциялык кеңешме Баш мыйзамдын долбоорун ар тараптуу талкуулоо жана бирдиктүү пикирге келүү үчүн түзүлдү. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов айтып, кайрылуу жасады.

Ал өз сөзүндө азыркы учурда өлкө өнүгүү жолунда кыйын мезгилди башынан өткөрүп жатканын белгилеген. Мамытов 2020-жылдын 5-6-октябрь күндөрүндөгү окуялар коомчулук кескин жана системалуу кайра өзгөрүүлөрдү талап кылгандыгын ачык эле көрсөттү деп эсептөөдө.

"Коррупция, кландар жана өнүкпөгөн партиялык система акыркы жылдарда өлкөнүн экономикалык өнүгүшүн токтотуп жаткан башкы деструктивдүү факторлордон болуп калды. Өлкөгө кыйла натыйжалуу болгон мамлекеттик башкаруунун моделин иштеп чыгуу аркылуу жаңылануу зарылдыгы айкын болду. Жакында эле жаңы Конституциянын долбоору коомдук талкууга чыгарылып, ал коомчулукта чоң талаш-тартыштарды жаратты. Үч элдик толкундоону башынан өткөргөн өлкө катары биз жарандардын бардык айтып жаткан пикирлерин түшүнүү менен кабыл алабыз", — деди президенттин милдетин аткаруучу.

Мамытов Баш мыйзамдын долбоорунда бардык тараптардын пикирлери эске алынарын, документтин ар бир пункту коомчулукту тартуу менен караларын, бул үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөрүн белгилеген.

Бишкектеги конституциялык палатанын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Венеция комиссиясынын кабатырланган бүтүмүнө Конституциялык палатанын жообу
"Буга байланыштуу Конституциянын долбоорун ар тараптуу талкуулоо жана бирдиктүү пикирге келүү үчүн Конституциялык кеңешме түзүлдү. Мен мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу катары тийиштүү жарлыкка кол койдум. Анын курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар кирди. Конституциялык жыйындын иши максималдуу түрдө ачык-айкын жүргүзүлөт. Ар бир жарандын пикири эске алынып, өлкөнүн бардык элин бириктирүүчү факторду, республиканын мындан аркы өнүгүүсүнүн кепилдиги боло турган Баш мыйзамдын макулдашылган долбоорун иштеп чыгабыз деп ишенемин", — деп айтылат кайрылууда.

Эскерте кетсек, 17-ноябрь күнү жаңы Конституциянын долбоору коомдук талкууга чыгарылган. Ал коомчулукта бир топ сын-пикирлерди жаратууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0