Текебаев: окуучум туура баа берди, жаңы Конституциянын долбоору — "урод"

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Өмүрбек Текебаев. Архив
ЖК депутаты Өмүрбек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү азыркыдай парламент Кыргызстандын тарыхында болбогонун айтып, алар убагында Атамбаевди, кийин Жээнбековду дагы колдоп турушканын ортого салды.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын эли Конституциянын азыркы долбооруна макул эмес. Бул тууралуу депутат Өмүрбек Текебаев жаңы Баш мыйзамдын долбоорун талкуулап жаткан жарандык коомдун жыйынында билдирди.

Эл өкүлү азыркыдай парламент Кыргызстандын тарыхында болбогонун айтып, алар убагында Атамбаевди, кийин Жээнбековду дагы колдоп турушканын кошумчалады.

"Акылына кирет десе, кечээ Жапаров президент болуп турганда өлкөнүн тагдырын радикалдуу өзгөртө турган мыйзамды көрбөй туруп кол коюп, референдум жасайбыз деп салды. Эгер ушул акыркы кадамы болбосо, парламент Конституция кабыл алса болот деп элди ынандырсам болот эле. Бул парламент калган авторитетин, калган саясий легитимдүүлүгүн нөлгө түшүрдү. Ооба, юридикалык жактан укуктары бар, бирок менин коллегаларым кадыр-баркын калтырбады. Баш мыйзамдын долбоорун депутаттар өздөрү эле жасаган жок да, анда өкмөттүн, мамлекеттин жетекчилери бар", — деди Текебаев.

Ошондой эле ал ушул парламент стабилизатор, легитимизатор болуп жаткандан кийин кадыр-баркын сактап калганга аракет жасаса болмоктугун белгиледи.

"Конституциялык кеңешме кылып талкуулап, анан бир жыйынтыкка келсе эл өзү кабал алат эле го. Эми бул парламенттин курамы өзү кабыл алса дагы, референдумга алып чыкса дагы эл макул болбойт. Кечээки чыккан долбоор жөнүндө бир-эки ооз сөз. Менин окуучум Алмамбет Шыкмаматов "долбоор "урод" деп так баасын койду да, тез аранын ичинде артка чакырып алуу керектин айтты. Бул долбоор коомчулукка коркунуч келтирбегендей болуш керек", — деди депутат.

Кыргызстандын экс президенти Роза Отунбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Донорлор бизге сыртын салып коюшу мүмкүн. Отунбаева жаңы Конституция тууралуу
Аны менен катар Текебаев Венеция комиссиясы чыгарган корутундусунда Конституция бул юридикалык документ эмес, биринчи кезекте элди ынандыра турган саясий документ болушу керектигин көрсөткөнүн белгиледи. Зордоп, алдап өткөрүп алган Конституциянын аягы жакшы менен бүтпөйт деп эскертип жатканын айтты.

Белгилей кетсек, жаңы Конституция долбоору Жогорку Кеңештин сайтына 17-январь күнү кечинде коомдук талкууга коюлду. Референдумду 10-январда президенттик шайлоо менен биргеликте өткөрүү сунушталып жатат.

Жаңы Конституция жана референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун 80 депутат демилгелегени көрсөтүлгөн. Бирок анын ичинен айрымдары автор эмес экенин айтып чыгышты, кээ бири кол тамгасын артка чакыртып алууда.

Президенттин укуругун узартууга багытталган Конституциянын жаңы долбоорунун негизги учурларын Sputnik Кыргызстандын материалынан окуй аласыздар. 

Жаңылыктар түрмөгү
0