2010-2011-жылкы өткөөл мезгилдеги президент Роза Отунбаева. Архив

Отунбаева: азыркы парламент кыргыз элинин алдында бети жоктук кылып жатат

140
(жаңыланган 12:22 20.11.2020)
Экс-президент Конституция бул коомчулук менен бийликтин ортосунда келишим экенин эске салып өттү.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Азыркы чакырылыштын депутаттары кыргыз элинин алдында бети жоктук кылып жатат. Бул туурасында 2010-2011-жылкы өткөөл мезгилдеги президент Роза Отунбаева жаңы Конституция долбоорун жарандык коомчулук менен талкуулоо учурунда билдирди.

Отунбаеванын айтымында, бул чакырылыштагы парламент бир нерсеге керек болгон үчүн гана "жашап" жатат. Тагыраак айтканда, бюджетти бекитип бериши зарыл.

"Кечээ депутат Каныбек Иманалиев айткандай, бир нече долбоорлор артка кайтарылды, өнүгүүгө шартталган кредиттерди ала албай жатабыз. Мени бүгүнкү күндө парламент "жашоо берилген" үчүн гана жашап жатканы өкүндүрөт, алар убактысын текке кетирип, кыргыз элинин алдында бети жоктук кылып жатышат", — деди Отунбаева.

Ошондой эле ал Конституция бул коомчулук менен бийликтин ортосунда келишим экенин белгиледи.

"Мен Садыр Нургожоевич мырзанын "2010-жылкы Конституция бир адамга жана бир топтко багытталып жазылган" деп айтканын жакшы түшүнө албай жатам. Уксаңыздар, биздин амнезиябыз жок (өткөн окуяларды эстей албай турган оору — ред.), ага эл аралык баа берилгенин баары жакшы билет. Антип айтканы таптакыр чындыкка дал келбейт", — деди Отунбаева.

Ошондой эле ал азыр бийлик бар энергиясын жаңычыл аракеттерди жаратууга жумшашы керектигин, ал эми мындай Конституцияны өткөрбөй турганын айтты.

Белгилей кетсек, жаңы Конституция долбоору Жогорку Кеңештин сайтына 17-январь күнү кечинде коомдук талкууга коюлду. Референдумду 10-январда президенттик шайлоо менен биргеликте өткөрүү сунушталып жатат.

Жаңы Конституция жана референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун 80 депутат демилгелегени көрсөтүлгөн. Бирок анын ичинен айрымдары автор эмес экенин айтып чыгышты, кээ бири кол тамгасын артка чакыртып алууда.

Президенттин укуругун узартууга багытталган Конституциянын жаңы долбоорунун негизги учурларын Sputnik Кыргызстандын материалынан окуй аласыздар.

140
Белгилер:
демилге, Парламент, конституция, Роза Отунбаева
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум (38)
Тема боюнча
Исаев: жаңы Конституциянын автору — Садыр Жапаров, ага депутаттардын тиешеси жок
Социалдык фонддун жетекчиси Медер Ирсалиев. Архив

Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиев эки айга тергөө абагына камалды

31
(жаңыланган 13:51 24.11.2020)
Ирсалиев кол алдындагы кызматкерлерден мыйзамсыз акча талап кылган деп шектелип, 19-ноябрда кармалган.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Биринчи май райондук соту Социалдык фонддун жетекчиси Медер Ирсалиевдин баш коргоо чарасын тандады.

Маалыматка ылайык, Ирсалиев УКМКнын тергөө абагына 17-январга чейин камалды. Соттун мындай чечими 20-ноябрда кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Соцфонддун төрагасын УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы 19-ноябрда кармаган. Ирсалиев кол алдындагылардан мыйзамсыз акча талап кылган деп шектелүүдө. Анын алдында ушундай эле айыптоо менен Социалдык фонддун аппарат жетекчиси Акылбек Байдылдаев да кармалган.

31
Белгилер:
тергөө, камоо, Медер Ирсалиев, Социалдык фонд
Тема боюнча
УКМК: ИИМдин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды
Жаңы дайындалган Октябрь районунун акими коррупцияга шектелип кармалды
Мурдагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт

Жапаров референдумга Конституция эмес, башка маселени алып чыгууну сунуштады

720
(жаңыланган 10:38 24.11.2020)
Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дагы кандай система менен өтүшү керектигин элдин тандоосуна коюу тууралуу пикирин айтты.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Мурдагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров жаңы Конституцияны кабыл алуу кийинкиге жылдырылганын айтып, алгач эл кандай башкарууну каалап жатканын билип алууну сунуштады.

Анын айтымында, мындай суроо менен президенттик шайлоодо референдум өткөрүлүшү керек.

"Былтыр депутат Курманкул Зулушев "Парламенттик же президенттик башкарууну каалайсыңбы?" деп референдум өткөрүүнү Жогорку Кеңештин кароосуна киргизген. Мен ошол суроону президенттик шайлоого кошуп референдумга койсо деп суранып кетет элем. Көчөгө чыгып эки тарап болуп кыйкырышып жатышат, жалпы элдин пикирин угалы. Андан кийин ошого карап бүгүн талкууланып жаткан Конституцияны кабыл алалы", — деди Жапаров.

Ошондой эле ал экинчи графа менен "ЖК депутаттарын шайлоо бир мандаттуу жана партиялык тизме мененби же мурдагыдай эле партиялык тизме боюнча болсунбу?" деген суроону да элдин тандоосуна коюуну сунуштады. Аралаш шайлоодо 35и бир мандаттуу, 55и партиялык тизме менен парламентке келет.

720
Белгилер:
башкаруу, тандоо, эл, шайлоо, референдум, Садыр Жапаров
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум (38)
Тема боюнча
Конституциялык кеңешмеде Кыргызстандын аталышын өзгөртүү сунушталды
Курултайды элдин 51 пайызы колдойт. Конституциялык кеңешме эмнени талкуулады
Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы тынчтык митинги өтүүдө

Антонина Шевченконун учакты башкарып, асманда калкыган видеосу

0
UFC уюмунун кыргызстандык мушкери Антонина Шевченко бир моторлуу учакты өзү баштарып, чакан авиациядагы жолу тууралуу кеп кылган берүү даярдалды.

"Путь Пилота" YouTube каналына "Пантера" каймана аты бар мушкер кыздын чакан авиациядагы жолу, өзү сатып алган учагы жана кантип учкуч болуп калгандыгы тууралуу айтып берди.

Спортчунун айтымында, ага учкуч болуу идеясы келгенине көп болгон. Бирок ал кыялын ишке ашырууну АКШга барганда көздөй баштаган. Былтыр февраль айында Лас-Вегас шаарында учкучтар мектебине барган. Алгачкы ирет сентябрь айында өз алдынча учуп, декабрда жеке учкучтун сертификатын алган.

Антонина Шевченко — UFC уюмунун кыргызстандык мушкери, белгилүү спортчу Валентина Шевченконун бир тууганы.

0
Белгилер:
Берүү, видео, Учкуч, Антонина Шевченко
Тема боюнча
Майянын кашын жарып салды. Шевченко чемпиондугун коргогон беттештин видеосу