Өзгөртүүгө учураган Баш мыйзам: Конституциялык кеңешме түзүлдү

© Фото / пресс-служба Верховного суда КРКыргызстандын конституциясы. Архив
Кыргызстандын конституциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакировго жана президенттик аппараттын жетекчисине жүктөлгөн.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда Конституциялык кеңешме түзүлөт. Президенттин маалымат кызматы мамлекет башчынын милдетин аткарып жаткан Талант Мамытов жарлыкка кол койгондугун билдирди.

"Конституциялык кеңешме конституциялык түзүлүштүн негиздерин өркүндөтүүнүн; адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндигинин; мамлекеттик бийлик системасынын; мамлекеттик бийликтин бутактарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды оптималдаштыруунун жана чектөөнүн концепциясын, ошондой эле жогоруда аталган багыттардан келип чыгуучу башка маселелерди талкуулоону жүргүзсүн. Анын жыйынтыгы боюнча "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" КРдин мыйзам долбоору тууралуу сунуштарды Жогорку Кеңешке киргизсин", — деп айтылат жарлыкта.

Конституциялык кеңешменин Улуттук илимдер академиясынын имаратында иштей турганы айтылып, анын катчылыгынын функциялары Юстиция министрлигине жүктөлгөн.

Жарлыктын аткарылышын Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров жана президенттик аппараттын жетекчиси көзөмөлдөмөй болду.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирери айтылган.

Кыргызстандын экс президенти Роза Отунбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Донорлор бизге сыртын салып коюшу мүмкүн. Отунбаева жаңы Конституция тууралуу
Эскерте кетсек, жаңы Конституция долбоору Жогорку Кеңештин сайтына 17-январь күнү кечинде коомдук талкууга коюлду. Референдумду 10-январда президенттик шайлоо менен биргеликте өткөрүү сунушталып жатат.

Жаңы Конституция жана референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун 80 депутат демилгелегени көрсөтүлгөн. Бирок анын ичинен айрымдары автор эмес экенин айтып чыгышты, кээ бири кол тамгасын артка чакыртып алууда.

Президенттин укуругун узартууга багытталган Конституциянын жаңы долбоорунун негизги учурларын Sputnik Кыргызстандын материалынан окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0