Жыйындагы аткаминерлер. Архив

Жаңы түзүлгөн Конституциялык кеңешменин курамына кимдер кирди. Тизме

1131
(жаңыланган 15:51 20.11.2020)
Жаңыдан түзүлгөн кеңешменин төрагасы болуп Бекбосун Бөрүбашев дайындалып, ага эки орун басар бекитилген.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзүү боюнча жарлыкка кол койду.

Анын курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар кирген. Ал эми кеңешменин төрагасы болуп Бекбосун Бөрүбашев дайындалып, ага эки орун басар бекитилди.

Президенттин маалымат кызматы курам 90 адамдан турарын билдирген. Бирок алар берген тизмени эсептегенде, жалпы саны 89 чыгып жатат.

Конституциялык кеңешменин курамына киргендер:

  • Бекбосун Бөрүбашев — Конституциялык кеңешменин төрагасы, Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык жана конституциялык укук кафедрасынын жетекчиси, юридика илимдеринин доктору, профессор;
  • Канат Керезбеков — Конституциялык кеңешменин төрагасынын орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясы;
  • Осмон Тогусаков — Конституциялык кеңешменин төрагасынын орун басары, Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, мүчө-корреспонденти;

Мүчөлөрү:

  • Абсалам Абдраимов — жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча эксперт;
  • Сайкал Автандилова — ИИМ академиясынын мамлекеттик-укуктук тартип кафедрасынын доценти, юридика илимдеринин доктору;
  • Салайдин Айдаров — Жогорку Кеңештин депутаты, "Кыргызстан" фракциясы;
  • Абдылдажан Акматалиев — Улуттук илимдер академиясынын коомдук илимдер бөлүмүнүн төрагасы, академик;
  • Медер Алиев — көз карандысыз эксперт;
  • Нурбек Алимбеков — Жогорку Кеңештин депутаты, "Кыргызстан" фракциясы;
  • Кеңешбек Алымбеков — Кыргыз экономикалык университетинин профессору, техника илимдеринин доктору;
  • Урмат Аманалиев — Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын профессору, юридика илимдеринин доктору;
  • Автандил Арабаев — Жалал-Абад мамлекеттик университетинин юридика факультетинин деканы, юридика илимдеринин доктору, профессор;
  • Чолпонкул Арабаев — Улуттук илимдер академиясынын саясий изилдөөлөр жана экспертиза борборунун директору;
  • Нооманжан Аркабаев — Жогорку Кеңештин экс-депутаты;
  • Абылабек Асанканов — Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун директору;
  • Бөкөнбай Атабеков — коомдук ишмер;
  • Кемел Ашыралиев — коомдук ишмер;
  • Батыркул Баетов — Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин профессору, экономика илимдеринин доктору;
  • Мар Байжиев — Улуттук киноакадемиянын академиги, Кыргыз эл жазуучусу;
  • Эдил Байсалов — Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчиси;
  • Нуржан Бардинова — Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы;
  • Кенжебек Бокоев — Жогорку Кеңештин депутаты, "Республика — Ата-Журт" фракциясы;
  • Жаныбек Бокоев — Кыргыз улуттук университетинин профессору, юридика илимдеринин кандитаты;
  • Венера Болтобаева — "ЛАРК аналитикалык изилдөөлөр борбору" коомдук фондунун директору;
  • Чынара Ботоева — ИИМ Академиясынын мамлекеттик укук тартиби кафедрасынын жетекчиси;
  • Жумабек Жаилов — Кыргыз-түрк "Манас" университетинин профессору, экономика илимдеринин доктору;
  • Марат Жаманкулов — юстиция министри;
  • Абубакир Жураев — Кыргыз-Россия Славян университетинин дизайн жана архитектура боюнча математикалык негиз кафедрасынын жетекчиси, физика-математика илимдеринин доктору, профессор;
  • Адыл Естебесов — өкмөттүн аппаратында укуктук камсыздоо бөлүм башчысынын орун басары;
  • Акылбек Жапаров — Жогорку Кеңештин депутаты, "Бир Бол" фракциясы;
  • Турдубек Жапаров — Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын доценти, экономика илимдеринин доктору;
  • Адыл Жунус уулу — Жогорку Кеңештин депутаты, "Республика — Ата-Журт" фракциясы;
  • Курманкул Зулушев — башкы прокурор;
  • Байтемир Ибраев — мурдагы башкы прокурор;
  • Махамаджан Иминов — президенттин аппаратында укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
  • Эсенгул Исаков — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
  • Нурлан Исмаилов —  "Ала-Тоо" эл аралык университетинин юриспруденция кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин кандидаты, доцент;
  • Таалайбек Исманов — Кыргызстандын эл аралык университетинин дистанттык окутуу мультимедиалык институтунун доценти, юридика илимдеринин доктору;
  • Алмаз Кадыралиев — Экономика университетинин доценти;
  • Марат Кайыпов — коомдук ишмер;
  • Гүлбара Калиева — Жогорку соттун төрайымы;
  • Аалы Карашев — Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясы;
  • Байгазы Кенжебаев — Жогорку Кеңештин депутаты, "Кыргызстан" фракциясы;
  • Чолпон Койчуманова — Борбор Азиядагы улуттук илимдер академиясынын гуманитардык изилдөө борборунун башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор;
  • Кадыр Кошалиев — журналист, коомдук ишмер;
  • Улугбек Курманкожоев — Россия эл достугу университетинин юриспрунденция багыты боюнча магистр;
  • Данияр Курманов — Жогорку Кеңештин аппаратында юридика бөлүмүнүн башчысы;
  • Сыргак Кыдыралиев — Борбор Азиядагы Америка университетинде доцент, физика-математика илимдеринин кандидаты;
  • Умбеталы Кыдыралиев — Жогорку Кеңештин депутаты, "Республика — Ата-Журт" фракциясы;
  • Ирина Летова — Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетинде докторант;
  • Болот Малабаев — көз карандысыз эксперт;
  • Алимардонбек Мамасаидов — жактоочу, юридика илимдеринин кандидаты;
  • Марлен Маматалиев — Жогорку Кеңештин депутаты, "Республика — Ата-Журт" фракциясы;
  • Гүлмира Маматкеримова — көз карандысыз эксперт;
  • Токон Мамытов — акыйкатчы;
  • Гүлкан Молдобекова — Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясы.
  • Ысманалы Мукасов — Улуттук илимдер академиясынын улуттук жана чет элдик философия бөлүмүнүн башчысы;
  • Мелис Мураталиев — "Бакдөөлөт" фондунун жетекчиси;
  • Сыртбай Мусаев — Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Лингвистика жана манас таануу институтунун директору, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, филология илимдеринин доктору, профессор;
  • Нурдин Мотуев — журналист, коомдук ишмер;
  • Темирбек Нурматов — ТИМдин Дипломатиялык академиясынын эл аралык мамилелер жана укук кафедрасынын доценти, юридика илимдеринин доктору;
  • Аманбай Өмүрзаков — "Фонд Регист" ЖЧКнын башкы директору;
  • Бектурган Орозбаев — Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун директорунун орун басары;
  • Каныбек Осмоналиев — физика-математика илимдеринин доктору;
  • Улан Примов — Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясы;
  • Бактыбек Райымкулов — Жогорку Кеңештин депутаты, "Республика — Ата-Журт" фракциясы;
  • Билим Райымкулов — Адвокаттар кеңешинин төрагасы;
  • Бахтияр Салиев — өкмөттүн алдындагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иши жана этностор аралык мамилелер агенттигинин директору;
  • Нур Саралаев — Улуттук илимдер академиясынын философия, Укук жана социалдык-саясат изилдөөлөр институтунун директору, философия илимдеринин доктору;
  • Асанбек Сарыбаев — коомдук ишмер;
  • Кынат Сманалиев — Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетинин деканы, юридика илимдеринин доктору, профессор;
  • Жумагүл Сооданбекова — коомдук ишмер, академик;
  • Нурбек Сыдыгалиев — Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Мекен" фракциясы;
  • Лейла Сыдыкова — Кыргыз-Россия Славян университетинин проректору, юридика илимдеринин доктору;
  • Нурлан Сырдыбаев — Жогорку Кеңештин депутаты, "Өнүгүү — Прогресс" фракциясы;
  • Болот Токсонбаев — Кыргыз экономикалык университетинин доценти, экономика илимдеринин доктору;
  • Болот Токтобаев — Кыргыз улуттук университетинин мамлекеттин тарыхы, укук жана теория кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин доктору;
  • Садирдин Төралиев — коомдук ишмер;
  • Назира Турсунбаева — Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык жана конституциялык укук кафедрасынын доценти;
  • Турсунбек Акун — мурдагы акыйкатчы;
  • Бактыбек Турусбеков — Жогорку Кеңештин депутаты, "Бир Бол" фракциясы;
  • Жыргалбек Турускулов — Жогорку Кеңештин депутаты, "Республика — Ата-Журт" фракциясы;
  • Максат Чакиев — Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору;
  • Казыбек  Шайымбетов — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
  • Улан Шамшиев — көз карандысыз эксперт;
  • Нурлан Шерипов — юридика илимдеринин доктору, профессор, конституционалист;
  • Зайырбек Эргешов — Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы директору;
  • Эркин Эсеналиев — коомдук ишмер;
  • Абдумажит Юсуров — Жогорку Кеңештин депутаты, "Өнүгүү — Прогресс" фракциясы.
1131
Белгилер:
реформа, конституция
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум (42)
Тема боюнча
Текебаев: окуучум туура баа берди, жаңы Конституциянын долбоору — "урод"
Өзгөртүүгө учураган Баш мыйзам: Конституциялык кеңешме түзүлдү
Мамытов Конституциялык кеңешме эмнеге түзүлүп, кандай иштей турганын айтты
УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев. Архив

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары алтын аткезчилиги боюнча суракка чакырылды

36
(жаңыланган 23:02 27.11.2020)
Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев УКМКга алтын аткезчилиги боюнча тергөө амалдарына катышуу үчүн чакырылды. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, иштин чоо-жайы тууралуу тергөө амалдарынан кийин айтылат.

Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

Учурда ал президенттикке талапкерлердин бири Абдил Сегизбаевдин штабын координациялап жатат.

36
Белгилер:
аткезчилик, алтын, Дүйшөнбек Чоткараев, УКМК
Тема боюнча
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканага түштү
УКМК башчысы Матраимовдун өкүл баласын кабыл алды. Видео
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов. Архив

Президенттин милдетин аткаруучу орус тилин макамдан ажыратуу идеясы боюнча үн катты

164
(жаңыланган 21:24 27.11.2020)
Буга чейин Конституциялык кеңешменин мүчөсү Садирдин Төралиев орус тилин расмий тил макамынан ажыратууну сунуштаган. Төралиевди бул үчүн соцтармак сынга алган.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Кыргызстанда тил маселесинин тегерегиндеги саясий оюндарга жана ар кандай жалаа жабууларга жол берилбей турганын айтты.

Буга чейин Конституциялык кеңешменин мүчөсү Садирдин Төралиев орус тилин расмий тил макамынан ажыратууну сунуштаган. Мындай пикирин ал "кыргыз жаштары эне тилинде сүйлөбөй калды" деп түшүндүргөн. Төралиевди бул үчүн соцтармак сынга алган.

Төмөндө Мамытовдун билдирүүсүн толугу менен сунуштайбыз:

“Кыргызстанда тил маселесинин тегерегиндеги саясий оюндарга жана ар кандай жалаа жабууларга жол берилбейт. Тилдик фактор коомубуздагы туруктуулуктун жана улуттар аралык ынтымактын фактору катары каралышы зарыл.

Мекенге болгон сүйүү жана берилгендик эне тилге болгон сүйүүдөн башталат.

Көз карандысыздык жылдарында кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары ордун жана кадыр-баркын бекемдөө жаатында көптөгөн иштер жасалды. Борбордук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш кагаздарында кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары иштешин камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Мамлекеттик тилди колдонуунун укуктук негиздери өнүгүүдө. Атайын окуу китептери, сөздүктөр жана окуу куралдары, видео жана аудио-материалдар даярдалып, окутуунун заманбап ыкмалары киргизилүүдө.

Эң негизгиси, тил саясаты көп улуттуу мамлекетти жана ачык жарандык коомду өнүктүрүүгө, кыргыз тилинин бириктирүүчү ролун күчөтүүгө жана башка этностордун тилдерин өнүктүрүүгө багытталган.

Орус тили кыргызстандыктарга абдан жакын тил болуп саналат. “Орус жана кыргыз тилдери — бир куштун эки канаты“ деп бекеринен айтылбайт. Ал азыркы Кыргызстандын аймагында 19-кылымдын ортосунан тартып кеңири тараган. Биздин тоолуу аймактын социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсүндө маанилүү ролду ойногон.

Тарыхый жактан да орус тили кыргыз маданиятынын жана билим берүү тутумунун калыптанышында эбегейсиз прогрессивдүү ролду ойногон. Дал ушул орус тили аркылуу кыргыздар дүйнөнү таанып жана, тескерисинче, дүйнө кыргыздарды тааныган. Мунун эң сонун мисалы — Чыңгыз Айтматовдун улуу чыгармалары.

Кыргызстандан Россияга эмгек миграциясынын негизги агымы өлкөнүн аймактарынан барат. Бул кыргызстандыктардын расмий тилди билүүнү каалоосунун бир себеби.

Кыргызстан менен Россия дайыма дос болуп келген жана дос болуп кала берет. Биздин өлкөлөрдүн тарыхый жолу көп жагынан окшош. Кыргызстандын негизги стратегиялык өнөктөшү — Россия.

Бүгүнкү күндө, ЕАЭБдин алкагында, орус тили евразиялык бирикмеде коммуникациянын негизги каражаты экенин эске алганда орус тилин билүүгө болгон муктаждык өсүүдө.

Расмий тил биздин өлкөлөрдүн мындан аркы өз ара кызматташуу жолуна жакшы негиз болуп берет деп ишенем.

Ошондуктан мен Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнүн кыргыз тилин мамлекеттик тил, ал эми орус тилин расмий тил катары бекитүү чечимин кубаттайм.

Биздин негизги милдет — өлкөдө жашаган бардык этностордун тилдерин сактоо менен, Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоонун маанилүү фактору катары мамлекеттик тилдин толук масштабдуу иштешин камсыз кылган, өз эне тилинде, мамлекеттик, расмий жана башка тилдерде эркин сүйлөгөн кыргызстандыктардын жаңы көп тилдүү муунун калыптандырууну камсыз кылуучу натыйжалуу тил саясатын жүргүзүү», — деди президенттин милдетин аткаруучу.

164
Белгилер:
пикир, орус тили, Талант Мамытов
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум (42)
Тема боюнча
Орус тили расмий болуп кала берет. Конституциялык кеңешменин чечими
Артем Новиков депутаттарга кыргыз тилинде сүйлөп кайрылды. Видео
Мамдума депутаты: орус тили — КРде жашаган улуттардын пикир алышкан негизги тили