Талант Мамытов Улуттук энергохолдингдин жетекчисин кабыл алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТалант Мамытов Улуттук энергохолдингдин жетекчиси менен жолукту
Талант Мамытов Улуттук энергохолдингдин жетекчиси менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук энергохолдингдин жетекчиси бардык ата мекендик энергетика компаниялары пландык оңдоп-түзөө иштерин өз маалында жыйынтыктап, жылытуу сезонуна толугу менен даяр экенин айтты.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчынын милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААК башкармалыгынын төрагасы Нурбек Козубековду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчынын милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААК башкармалыгынын төрагасы Нурбек Козубековду кабыл алды
Мамлекет башчынын милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААК башкармалыгынын төрагасы Нурбек Козубековду кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Мамлекет башчынын милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААК башкармалыгынын төрагасы Нурбек Козубековду кабыл алды
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКозубеков энергетика компанияларынын күз-кыш мезгилине, учурдагы өлкөнүн энергетика секторунун астында турган милдеттерге даярдыгы жөнүндө маалымат берген
Козубеков энергетика компанияларынын күз-кыш мезгилине, учурдагы өлкөнүн энергетика секторунун астында турган милдеттерге даярдыгы жөнүндө маалымат берген - Sputnik Кыргызстан
2/2
Козубеков энергетика компанияларынын күз-кыш мезгилине, учурдагы өлкөнүн энергетика секторунун астында турган милдеттерге даярдыгы жөнүндө маалымат берген
1/2
Мамлекет башчынын милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААК башкармалыгынын төрагасы Нурбек Козубековду кабыл алды
2/2
Козубеков энергетика компанияларынын күз-кыш мезгилине, учурдагы өлкөнүн энергетика секторунун астында турган милдеттерге даярдыгы жөнүндө маалымат берген

Козубеков энергетика компанияларынын күз-кыш мезгилине, учурдагы өлкөнүн энергетика секторунун астында турган милдеттерге даярдыгы жөнүндө маалымат берген.

Анын маалыматы боюнча, бардык ата мекендик энергетика компаниялары пландык оңдоп-түзөө иштерин өз маалында жыйынтыктап, жылытуу сезонуна толугу менен даяр.

Ошону менен бирге 23-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14,1 миллиард куб метрди түзөрү белгиленди. Бул көрсөткүч 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,4 миллиард куб метрге аз.

ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте митингге чыккан энергетиктер эмнеге нааразы? Видео
Президенттин милдетин аткаруучу Мамытов күз-кыш мезгилинде калкка электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүнү камсыз кылуу зарылдыгын баса белгилеген. Ошондой эле өлкөнүн алыскы аймактарына өзгөчө көңүл бурууга чакырган.

Мамлекет башчынын милдетин аткаруучу чакан ГЭСтерди курууга чет өлкөлүк инвестиция тартуу боюнча иштерди күчөтүү, ал үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү, иштеп жаткан ГЭСтерди реабилитациялоо жана өлкөнүн жалпы эле энергетикалык мүмкүнчүлүктөрүн сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу керектигине көңүл бурган. Ошондой эле Мамытов энергиянын атаандаш булактарын, анын ичинде күндүн жана шамалдын энергиясын пайдаланууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Мындан сырткары, ал CASA-1000 долбоорунун алкагында бардык иш-чараларды өз убагында жүзөгө ашыруу зарылдыгын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0