Бишкек шаардык кеңешинде жаңы коалиция түзүлдү. Курамы

© Фото / Михаил ДудинБишкек с высоты птичьего полета — столичная мэрия
Бишкек с высоты птичьего полета — столичная мэрия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы коалиция шаардык кеңештин учурдагы төрагасы Жаныбек Абиров менен анын орун басары Руслан Жакышовду колдоду.

БИШКЕК, 24-ноя. – Sputnik. Бишкек шаардык кеңешинде жаңы көпчүлүк коалициясы түзүлдү. Бул тууралуу шаардык кеңештен кабарлашты.

Мурунку премьер-министр жана президенттикке талпакер Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жапаров дайындаган кадрлар. Кызматка келген достору, үзөңгүлөштөрү
Жаңы коалицияга "Республика — Ата-Журт", КСДП жана "Мекеним Кыргызстан" кирди. Алар шаардык кеңештин учурдагы төрагасы Жаныбек Абиров менен анын орун басары Руслан Жакышовду колдошту.

Буга чейин коалицияда "Өнүгүү — Прогресс" дагы бар болчу. Бирок алар азыр "Кыргызстан" сыяктуу эле оппозицияда.

Мурдагы коалиция 19-ноябрда тараган. Анын курамынан "Республика — Ата-Журт" менен "Мекеним Кыргызстан" чыгып кеткен, себеби белгисиз.

Шаардык кеңештин бүгүнкүгө пландалган сессиясы 2-декабрга жылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0