Министр Казакбаев КРдеги кытайлык ишкерлер менен жолукту. Эмне талкууланды

© Фото / пресс-служба МИД КРТышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жана өлкөдө иш алып барган кытайлык компаниялардынөкүлдөрү менен жолугушуусу учурунда
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жана өлкөдө иш алып барган кытайлык компаниялардынөкүлдөрү менен жолугушуусу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ТИМ башчысы мамлекеттик аппаратка кардиналдуу реформа жасоо боюнча өкмөттүн жаңы пландарын айтып берген.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жана өлкөдө иш алып барган кытайлык компаниялардын, биргелешкен ишканалардын жана ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолукту.

© Фото / пресс-служба МИД КРВстреча министра иностранных дел КР Руслана Казакбаева с представителями ведущих китайских компаний с участием ЧПП КНР в КР Ду Дэвэнь
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жана өлкөдө иш алып барган кытайлык компаниялардын, биргелешкен ишканалардын жана ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
1/3
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жана өлкөдө иш алып барган кытайлык компаниялардын, биргелешкен ишканалардын жана ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолукту
© Фото / пресс-служба МИД КРВстреча министра иностранных дел КР Руслана Казакбаева с представителями ведущих китайских компаний с участием ЧПП КНР в КР Ду Дэвэнь
Жолугушуу ТИМ тарабынан демилгеленип, 30 өкүл катышкан - Sputnik Кыргызстан
2/3
Жолугушуу ТИМ тарабынан демилгеленип, 30 өкүл катышкан
© Фото / пресс-служба МИД КРВстреча министра иностранных дел КР Руслана Казакбаева с представителями ведущих китайских компаний с участием ЧПП КНР в КР Ду Дэвэнь
Анда Казакбаев кытайлык инвесторлор жана ишкерлер Кыргызстанда өтө кыйын кырдаал болуп жатканына карабай, жаркын келечеги бар экенине ишенүү менен соода жана инвестициялык алакаларды улантып жатканын белгилеп өттү. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Анда Казакбаев кытайлык инвесторлор жана ишкерлер Кыргызстанда өтө кыйын кырдаал болуп жатканына карабай, жаркын келечеги бар экенине ишенүү менен соода жана инвестициялык алакаларды улантып жатканын белгилеп өттү.
1/3
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жана өлкөдө иш алып барган кытайлык компаниялардын, биргелешкен ишканалардын жана ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолукту
2/3
Жолугушуу ТИМ тарабынан демилгеленип, 30 өкүл катышкан
3/3
Анда Казакбаев кытайлык инвесторлор жана ишкерлер Кыргызстанда өтө кыйын кырдаал болуп жатканына карабай, жаркын келечеги бар экенине ишенүү менен соода жана инвестициялык алакаларды улантып жатканын белгилеп өттү.

Жолугушуу ТИМ тарабынан демилгеленип, 30 өкүл катышкан. Анда Казакбаев кытайлык инвесторлор жана ишкерлер Кыргызстанда өтө кыйын кырдаал болуп жатканына карабай, жаркын келечеги бар экенине ишенүү менен соода жана инвестициялык алакаларды улантып жатканын белгилеп өттү.

АКШ доллары жан Кытайлык юань. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан карыз төлөөдө жеңилдик берүүнү Кытайдан дагы бир ирет сурады
Ошондой эле министр кытайлык кесиптеши менен 16-ноябрдагы телефон аркылуу сүйлөшүүдө өкмөт Кыргызстанда иштеген кытайлык компаниялардын жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча тийиштүү чараларды кабыл аларын билдиргенин айткан.

Ошондой эле тараптар "Торугарт" жана "Эркеч-Там" кыргыз-кытай чек ара көзөмөл-өткөрмө пунктуларынан жүк ташуунун агымын көбөйтүүгө өзгөчө көңүл бурган.

"Министр жолугушууда кыргыз тарап КРдеги инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу шарттарын жакшыртуу боюнча саясат жүргүзүп жатканын билдирди. Аны менен катар мамлекеттик аппаратка кардиналдуу реформа жасоо боюнча өкмөттүн жаңы пландарына өзгөчө көңүл бурду. Аны менен катар кытайлык компанияларды шек жараткан өнөктөштөр менен кызматташуудан оолак болуп, КРдин тийиштүү ведомстволору менен түздөн-түз диалог түзүүгө чакырды", — деп айтылат маалыматта.

Андан соң кытайлык ишкерлер көйгөйлүү маселелерин ортого салып, суроолорун узатып, бизнеске ыңгайлуу шарт түзүү боюнча каалоолорун айткан. Ошону менен бирге коронавирус жана өлкөдөгү саясий туруксуздуктун терс таасиринен улам ишкердик жүргүзүүгө жеңилдиктерди берүүнү сурашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0