Бекешев: көпчүлүк коалиция шайтанга да кызмат кылууга даяр экен

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖК депутаты Дастан Бекешев. Архив
ЖК депутаты Дастан Бекешев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү төрт жыл мурун түзүлгөн көпчүлүк коалиция жаңы келген президенттерди колдоп, эскисин жамандоодон кайра тартпай калганын эске салды.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Парламенттин көпчүлүк коалициясы шайтанга да кызмат кылууга даяр экен. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев парламенттин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү көпчүлүк коалиция төрт жыл мурун 3-ноябрда түзүлгөнүн айтып, ал Алмазбек Атамбаевди колдоп, анын досун премьер-министр кылганын белгиледи. Бирок ал президенттиктен кеткенден кийин жамандап, кол тийбестигин алып салып, Сооронбай Жээнбековду сүрөй баштаганын эске салды.

"Октябрь окуясынан кийин ошол эле көпчүлүк коалиция башкаларды колдоп жатат. Ким билет, эртең жаңы президентпи же милдетин аткаруучубу "Жээнбековду жамандагыла" десе көпчүлүк коалиция ошого да даяр. Коалицияга кирген депутаттардын 90 пайызы башка партиялар менен шайлоого катышкан. Азыр түшүнүксүз болуп калды, бүт баарын колдоп жатабыз. Кээ бир фракция лидерлери жаңы Конституцияга каршы чыкса, мүчөлөрү колдоп жатат. Айрымдары оппозициялык сөздөрдү айтууда. Бул көпчүлүк коалиция эртең шайтанга да кызмат кылууга даяр экен", — деди Бекешев.

Мындан улам ал фракция лидерлерин ушул маселени ойлонуп көрүүгө чакырды. Ошондой эле Бекешев учурда негизги ролду "Республика — Ата-Журт" ээлеп турганын айтып, көпчүлүк коалицияны ушул фракция жетектешин сунуштады.

Бүгүнкү күндө коалицияны КСДП фракциясы башкарат.

Жаңылыктар түрмөгү
0