ЖК социалдык өнүктүрүү министри кызматына Ализа Солтонбекованы колдоду

© Фото / пресс-служба правительства КРАлиза Солтонбекова. Архив
Ализа Солтонбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламенттен колдоо тапкан Солтонбекова буга чейин эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп иштеген.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Ализа Солтонбекованын талапкерлигин жактырды.

Анын талапкерлиги бүгүн парламенттин жалпы жыйынында каралды. Эл өкүлдөрү бир добуштан колдоп, каршы чыккандар болгон жок.

Депутаттар 2020-2021-жылдардын бюджетин бекитүүдө. ЖК жыйынынан түз эфир - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар 2020-2021-жылдардын бюджетин бекитүүдө. ЖК жыйынынан видео
Солтонбекова 2018-жылдын ноябрь айынан ушул күнгө чейин эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп иштеп келген. 

Белгилей кетсек, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров 27-октябрда жумуштан бошотулгандан кийин анын ордуна жаңы эле кызматын тапшырган вице-премьер Аида Исмаилова сунушталган. Бирок анын талапкерлигин ЖК депутаттары колдобой койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0