Акча каражаттары. Архив

Президенттикке талапкерлердин фондуна канча акча түштү. Тизме

434
(жаңыланган 12:12 25.11.2020)
Президенттикке талапкер болгон ар бир жаран өзүнө караштуу фонд ачышы керек. Ага түшкөн каражат шайлоо кампаниясы учурунда пайдаланылат.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. БШК президенттикке талапкерлердин шайлоо фондуна түшкөн жана пайдаланылган каражаттар тууралуу маалымат (6-20-ноябрга карата) берди.

Жогоруда аталган мезгилде 19 талапкердин фонду иштеп жаткан.

БШКга талапкер болуу ниети менен 65 киши документин тапшырган, бирок анын ичинен алгач экөө арызын артка кайтарып алган.

Кийин калган 63 кишинин арасынан дагы 16сы ар кандай себептер менен жарыштан четтеди. Акыркы маалыматтар боюнча, учурда 47 киши өлкөнүн биринчи адамы болуу ниетин билдирди.

Каражаттар сом менен көрсөтүлгөн:

Арсланбек Малиев

  • 125 миң түшкөн, анын ичинен 119 миң 717 сом сарпталды.

Үрүстөм Кабылбеков

  • 25 миң сом түшкөн, учурда фонддо каражаты калган жок.

Аймен Касенов

  • 1 миллион 205 миң сом түшкөн, анын ичинен 1 миллион 54,2 миңи сарпталды.

Абдил Сегизбаев

  • 200 миң сом түшкөн, 12 миң 150 сому сарпталды.

Санжарбек Энназаров

  • 5 миң сом түшкөн, бир дагы сому сарптала элек.

Бабыржан Тольбаев

  • 1,2 миллион сом түшкөн, бир дагы сому сарптала элек.

Жеңишбек Байгуттиев

  • 199 миң сом түшкөн, 56 миң 396 сому сарпталды.

Эльдар Абакиров

  • 10 миң сом түшкөн, 9 миң 750 сому сарпталды.

Садык Шер-Нияз

  • 50 миң сом түшкөн, 9 миң 620 сому сарпталды.

Медер Болгомбаев

  • 30 миң сом түшкөн, 29,5 миңи сарпталды.

Кубанычбек Исабеков

  • 5 миң сом түшкөн, бир дагы сом сарптала элек.

Арстанбек Абдылдаев

  • 1 миллион түшкөн, 550 миң 305 сому сарпталды.

Рашид Тагаев

  • 100 миң сом түшкөн, 5 миң 860 сому сарпталды.

Адахан Мадумаров

  • 10,5 миң сом түшкөн, 10 миң 110 сому сарпталды.

Токтоайым Үмөталиева

  • 1,9 миң сом түшкөн, сарптала элек.

Канатбек Исаев

  • 354 миң сом түшкөн, ичинен 7 миң 350 сому сарпталды.

Бактыбек Калмаматов

  • 400 миң сом түшкөн, 36 миң 515 сому сарпталды.

Улукбек Кочкоров

  • 100 миң сом түшкөн, 49,9 миңи сарпталды.

Клара Сооронкулова

  • 60 миң сом түшкөн, 6 миң 150 сому сарпталды.

Эске салсак, 14-декабрга чейин каттоо жүргүзүлүп, президенттик шайлоо 10-январда өтөт.

434
Белгилер:
каражат, фонд, шайлоо, талапкер, президент, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021 (195)
Тема боюнча
БШК укук коргоо органдарына добуш сатуу жана админресурска каршы турууну үйрөтөт
Бүгүн дагы бир талапкер президенттик шайлоого катышуу ниетинен кайтты
НАТО желеги. Архив

"Талуу жерден согобуз": НАТО эмнени көздөп турат?

20
(жаңыланган 12:15 25.01.2021)
Аскердик контингентти көбөйтүү, армиялык инфраструктураны куруу жана эл аралык консолидацияны өрчүтүү... 2021-жылы НАТО Россиянын батыш чек араларына кысым көрсөтүүнү күчөтөт.

Быйыл май-июнь айларында альянс кансыз согуш убагынан берки ири – Defender Europe 2021 машыгууларын өткөрөт. Масштабы боюнча кем калышпаган Россия менен Беларустун сентябрга белгиленген "Запад-2021" биргелешкен машыгуулары аларга жооп болот. Булардын баары эмне менен аяктаарына Андрей Коц сереп салган.

Машыгуу майданы — Европа

Defender Europe 2021 окууларында мурдагыдай эле Чыгыш Европа жана Прибалтикадагы коргонуу жана чабуул коюу операцияларына көнүгүшөт. Машыгуулардын "уламышына" ылайык, НАТОнун күчтөрү Калининград облусуна чабуул коюп, Россиянын батыш облустарын бөгөттөшөт, ошондой эле "орустардын топтоштурулган чабуулун" чагылдырышат.

Өткөн жылдардан айырмаланып 2021-жылы Чыгыш Европага эмес, Түштүк Европага өзгөчө көңүл бурулат. Машыгуулар Черногория, Косово жана Албанияга пландалган. Болгария жана Румынияда абадан коргонуу тутуму боюнча жана "жер – жер" классындагы ракеталарды атууга машыгышат. Венгрия "согуш" үчүн терең тыл катары кызмат кылат.

Америкалыктар Европага бир далай күчтөрдү, анын ичинде 1-кавалериялык жана 82-аба-десанттык дивизияларын жеткирет. Атлантика аркылуу ар кыл багыттагы жүздөгөн бирдик аскердик техника жөнөтүшөт. Мындан тышкары, Флорида штатынан 53-пехоталык бригаданы алып барышат. Америкалыктар машыгуулардан кийин куралдардын бир бөлүгүн мурда да кайталангандай, Европада дагы "унутуп" калышары ажеп эмес. Адистердин пикиринде, Пентагон ушундай жол менен аймактагы чабуулдук мүмкүнчүлүктөрүн жыл сайын көбөйтүп келет. Defender Europe 2021ге жооп иретинде Россия жана Беларусь быйыл сентябрда "Запад-2021" машыгууларын өткөрмөкчү.

Апта башында Беларустун коргоо министри Виктор Хренин "чогуу машыгуулар жогорку урбанизацияланган жерлерде бирдиктүү штурмдук бөлүктөрдүн биргелешкен аракеттеринин жаңы ыкмаларын сыноого", ошондой эле "курал жана техниканын жаңы жана заманбап үлгүлөрүнүн майнаптуулугун баалоого" мүмкүндүк берерин айтып чыкты.

Минскиден белгилешкендей, стратегиялык машыгуулар "Беларусь менен Россиянын коргоо мекемелеринин бекем союздук мамилелерин жана союздук мамлекеттин аскердик коопсуздугун камсыздоого карата бирдиктүү көз караштарын чагылдырат".

Күч көрсөтүү

Эки тарап тең машыгуулардын кайсы бир мамлекет жана аскердик блокко каршы багытталбагандыгы жөнүндөгү көнүмүш дипломатиялык билдирүүнү пайдаланышкан жок.

Калининградга НАТО күчтөрү тарабынан чабуул жасоону машыгуу жана россиялык аскерлерди шаардагы кармашка даярдоо кимдин  ким менен согушарынан так кабар берип турат. Албетте, толук масштабдуу куралдуу жаңжалдын мүмкүндүгү аз, бирок абдан реалдуу. Адистердин пикиринде, 2021-жылы НАТОнун аракеттерине АКШдагы бийликтин алмашуусу түз таасир этет. Дональд Трамптын тушундагы төрт жыл ичинде түндүк атлантикалык блоктун биримдиги кыйла чабалдай түшкөн.

Ак үйдүн мурдагы кожоюну эң оболу америкалык кызыкчылыктарды көздөй турганын жашырбай, ал түгүл альянстын курамынан чыгуу мүмкүндүгүн да кыйытып келген. Мындай риторика Европаны катуу тынчсыздандырып, Европа биримдигинин армиясы жөнүндөгү маселени кайра көтөргөн. Жаңы президент баарын оңдоого тырышары айдан ачык.

"Россия менен НАТОнун ортосундагы мамиле быйыл начарлайт, — деп эсептейт Геосаясий көйгөйлөр академиясынын биринчи вице-президенти Константин Сивков. — Байден альянсты калыбына келтирип жана мобилдештирүүнү көздөйт. Ал эми бул үчүн тышкы душман зарыл. Кытай өтө ыраак болгондуктан Россия бул ролго баарынан ылайык келет. Сырткы кастын образы Вашингтонго америкалык коомдун башын бириктирүү үчүн да зарыл".

Акча табуу

Анткен менен эксперттер чындыгында НАТОнун Россияга карата көрүнүктүү агрессивдүү пландары жок деп эсептешет. Ал эми альянсты дагы кеңейтүү америкалыктар үчүн — акча табуунун жана Европаны өзүнө дагы бекем кармоонун ыкмасы. Вашингтон Трампка чейинки доорго кайтып, Эски дүйнөнүн (Европа, Азия жана Африка) иштерине кийлигишүүнү күчөтөт.

"Менимче, быйыл НАТО аскердик уюмдан кандайдыр глобалдык корпорацияга айланууну көрсөтөт, — деп түшүндүрөт саясат таануучу-американист Сергей Судаков. — Альянстын негизги көйгөйү – каржылоо мурдагыдай эле актуалдуу. Ким акысын төлөсө, ошонун обону созулат эмеспи. Уюмдун бюджетинин үчтөн бир бөлүгүн АКШ камсыздайт, бул эч кимге жашыруун эмес. Чыгымдары триллион доллардан ашып кеткенин биз жакшы билебиз. Эң оболу Вашингтондун айынан... Европа мамлекеттери аскерлер үчүн кургак азыктарга чейин АКШдан күтүшөт. Муну эбегейсиз америкалык коргоо бюджети колдойт, анткени НАТОнун кызыкчылыгына иштеген корпорациялар ири киреше табышат".

Эксперт түндүк атлантикалык альянстын ишмердиги эмитен эле бир чөнтөктөн экинчисине салып жаткандай көрүнөрүн да белгиледи. Вашингтон НАТОго каражат бөлөт, союздаштары ага америкалык техника жана куралдарды сатып алат, башка аргасы жок.

Байдендин тушундагы АКШ үчүн Европа аскердик өндүрүмдү өткөрүүчү негизги рыноктордун бири бойдон калат. Демек, океандын ары жагынан антироссиялык риториканын күчөшүн күтө берсе болот. Бирок адистердин көпчүлүгү Вашингтон жана Брюсселде күчү жагынан дүйнөдөгү экинчи армиянын күчүн чындап сыноо чечилери арсар деген ойдо.

20
Белгилер:
сокку, машыгуу, Аскер, НАТО, Россия
Тема боюнча
"От менен ойногондой". НАТО эмнеге Россиянын чек арасында машыгат?
АКШнын Москвадагы элчилиги. Архив

Россиянын ТИМи АКШнын мыйзамсыз акцияны колдогонун кескин айыптады

91
(жаңыланган 23:01 24.01.2021)
АКШнын элчилиги буга чейин Россиянын 38 шаарындагы нааразылык акциялардагы билдирүүлөргө байкоо жүргүзүп турганын билдирип, митингчилер тарапты колдогон.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын санкцияланбаган митинг боюнча билдирүүсүнө пикир билдирди. РИА Новости белгилегендей, буга чейин Америка элчилиги Россиянын 38 шаарындагы нааразылык акциялардагы билдирүүлөргө байкоо жүргүзүп турган.

Элчилик "тынчтык митингине чыккандардын укуктарын жана пикирин эркин билдиргендерди" колдоорун, ал эми Россия бийлигинин көргөн чарасын ал укуктарды басмырлоого багытталганын кошумчалаган.

АКШнын Москвадагы элчилиги дипломатиялык эрежелердин чегинен чыгып, Россиянын шаарларындагы мыйзамсыз митингдерди колдогон билдирүүлөрүн социалдык тармактарга такай жарыялап келет.

Мекеме АКШ бийлиги ички көйгөйү, анын ичинде Америка коомчулугундагы социалдык теңсиздиктен келип чыгуучу бөлүнүп-жарылуулар менен алектениши керектигин белгилейт. Чындыгында бардык адептүүлүктү көз жаздымда калтырган америкалык дипломатиянын радикалдык элементтерди тукуруу аракети ийгиликсиздикке жана эки тараптуу мамилеге терс таасирин тийгизет. АКШ элчилигинин жетекчилиги Россиянын Тышкы иштер министрлигинде олуттуу сүйлөшүүгө туура келет.

Бийликтин эскертүүсү

Россиянын Ички иштер министрлиги жана Башкы прокуратурасы 23-январда Москва жана бир катар шаарларда өткөн нааразычылык акциялардын уюштуруучуларына да, катышуучуларына да жоопкерчилик тууралуу бир нече жолу эскерткен. Алар чагымчылдык, коомдук тартипке коркунуч катары баалап, "дароо четтетилиши керек" деп эсептешет.

Ошол эле учурда Башкы прокуратура интернет аркылуу мындай акцияларга чакырык жасоо мыйзамга каршы келерин белгилеп, аларды блоктоону талап кылган.

"Акцияга "белгилүү бир чагымчылдар" тукурганын, алардын аракети бизге жакшы маалым", - деген президенттин пресс-катчысы Дмитрий Песков.

Мектеп окуучуларына жана студенттерге өзгөчө көңүл бурулуп, ата-энелерге аларды мындай иш-чараларга аралаштырбоону суранат.

Кремль мындай иш-чараларга катышкандардын аракети окуу жайдын жетекчилиги тарабынан түрдүү бааланарын белгилейт.

91
Белгилер:
нааразычылык, билдирүү, митинг, Россия, АКШ
Тема боюнча
Москвада полиция макулдашылбаган акцияга чыккандарды кармай баштады
Нуска китеп борборунун жетекчиси Анаркан Садыкулова

Садыкулова: жаман китеп болбойт

0
(жаңыланган 12:28 25.01.2021)
"Нуска" китеп борборунун жетекчиси Анаркан Садыкулова "жаман китеп" деген түшүнүк жоктугун,  жаман окурман болушу мүмкүн экендигин айтты.
Садыкулова: жаман китеп болбойт

Китеп жазып жаткан авторлор өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлобой, окурмандын пикирин эске алуу менен китептин мазмунуна, түпкүлүгүнө да маани берсе жакшы болот эле. Мындай оюн Анаркан Садыкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ар бир китептин өзүнө тиешелүү окурманы болот.

"Жаман китеп болбойт. Биз жерип жаткан китептин ичинде деле тарбия же кандайдыр бир туура багытты көрсөткөн тарабы сүрөттөлөт. Мисалы, бирөөнүн басып өткөн катасы аркылуу башканы оңдогонго болот. Бул китеп жаман деп ыргытып жиберген туура эмес. Бирок китеп жазып, элге пайда келтирем дегендер кичине ойлонуп, түпкүсүнө маани бериши зарыл", — деди Садыкулова.

Маектеш, ошондой эле, жаштар арасында кыргыз адабиятын окугандар абдан аз деген пикирин кошумчалады.

0
Белгилер:
жаштар, билим, китеп
Тема боюнча
Өлкөдө көзү азиздер үчүн окуу китептер басып чыгарылды