БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев фигурант катары каралган үч кылмыш иши бириктирилгени боюнча түшүндүрмө берди.
Буга чейин аталган соттун судьясы Азирет Медеров үч кылмыш ишин бириктирип, сотко чейинки бир өндүрүш катары кароону чечкени кабарланган. Бирок ал эмнеге мындай чечим кабыл алганын түшүндүргөн эмес.
Маалыматка караганда, судья Медеровдун карамагында Алмазбек Атамбаев менен мурдагы биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиевдин Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция боюнча иши болгон. Ошол эле учурда судья Мирлан Термечиковдун колунда Атамбаев жана башка алты адам айыпталган кылмыш иши бар эле. Кеп Аламүдүн аймагындагы 0,55 гектар жана "Дастан" ААКсына тиешелүү 2,7 гектар жердин мыйзамсыз ээлениши боюнча болуп жатат. Термечиков өз токтому менен бул ишти кесиптеши Азирет Медеровго өткөргөнү айтылат.Мындан тышкары, Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишинде айыпталуучулар судья Марат Сыдыковго ишенбөөчүлүк көрсөтүлүп, иш Медеровго өткөрүп берилген.
Маалымат кызматтан билдиришкендей, КРдин Жазык-процесстик кодексинин 145-беренеси бир нече кылмыш ишин бир өндүрүшкө бириктирүүгө мүмкүндүк берет.
Ошондой эле бул жерде үч иште тең мурдагы президент Алмазбек Атамбаев айыпталуучу болуп жаткандыктан, бардык процесстердин бириктирилгенин кошумчалашты.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын кол менен 100 пайызга санап бүттү. Бул тууралуу БШКнын сайтында көрсөтүлөт.
Анда 2474 шайлоо участкасындагы бюллетендер автоматтык санактан да, кол түрүндө эсептөөдөн да толугу менен өткөнү жазылат. Бир шайлоо участкасындагы шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган.Добуш берүүгө 3 563 574 шайлоочунун ичинен 1 401 726 жаран катышкан. Бул жалпы шайлоочулардын 39,33 пайызын түзөт.
Натыйжада Садыр Жапаров добуштардын 79,23 пайызына ээ болуп алдыга озуп чыккан. Экинчи орунда Адахан Мадумаров 6,78 пайыз, үчүнчү орунда Бабыржан Төлбаев 2,36 пайыз менен турат.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо Садыр Жапаров утуп чыкты. Ал 16 атаандашын артта калтырып, шайлоого катышкан кыргызстандыктардын дээрлик 80 пайыз добушуна ээ болгон. Андан кийинки сапта жетиден кем пайыз алган Адахан Мадумаров. Калган талапкерлер үч пайызга да жетпеген добуш алышты.
Жапаров саясатка түз эле түзөтүү колониясынан келди. Мурдагы эл өкүлү мамлекеттик кызматкерди барымтага алган деген айып менен жазасын өтөп жаткан. 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылыктан улам башталган элдик толкундоолордун экинчи күнүндө аны тарапташтары бошоткон. Алты күн өтпөй Жапаров премьер-министрлик кызматка бекиген. Дагы беш күндөн кийин президент Сооронбай Жээнбековду отставкага кетүүгө мажбурлап, өзү мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу болуп калган. Бийликке "түрмө аркылуу" келген башка өлкөлөрдүн башчыларын эске салууну чечтик.
Кубалык революционер жана мамлекеттик ишмер 1953-жылы Сантьяго-де-Куба шаарындагы Монкада аскердик казармаларга жасалган ийгиликсиз чабуулдан улам камалган. Дал ошондо алгач ирет "Эркиндик же өлүм!" деген айтылуу ураан жаңырган.
Көтөрүлүш аёосуз басылып, Фидель Кастро аскердик трибуналга чыккан. Он беш жылга кесилген, бирок 1955-жылдын май айында коомдук пикирдин басымы алдында козголоңчуга ырайым берилген. Ошол эле жылы ал Мексикага жер которот.
Кастронун доору Кубада 1959-жылы, тагыраагы, революция жеңип жана Фульхенсио Батистанын диктатурасы кулатылганда башталган. Январда Кастро армиянын командачылыгын өз көзөмөлүнө алып, ал эми февралда өкмөт башчысынын ордун ээлеген. Өлкөнү дээрлик жарым кылым, 2008-жылга дейре жетектеп турган. Акыркы жылдары мамлекетти башкаруудан четтеп, бийликти иниси Рауль Кастрого өткөрүп берген. Ал киши да кезегинде көтөрүлүшчүлөр армиясында күрөшкөн.Балкандардагы эң белгилүү саясатчылардын бири Иосип Броз Тито мамлекет башына келгенге чейин темир тор аркасына эки ирет түшкөн. Адегенде бул Биринчи дүйнөлүк согуш убагында болгон, ага болочоктогу жол башчы Австрия-Венгрия императордук армиясынын курамына чакырылган.
Тито эмне себеп менен, кандай шарттарда кесилгени так белгисиз. Бир версияга ылайык, козголоңго азгыргандыгы, дагы бир версияга ылайык, ал орустар менен качууга ниети үчүн камакка алынганы айтылат. Кандай болгон күндө да көп өтпөй толук акталып чыккан.
Экинчи жолу 1928-жылы беш жылдан ашуун мезгилге кесилип, жазасын оор шартта өтөгөн. 1934-жылы март айында абактан чыгат. Азаттыкка чыккан соң Югославиянын Коммунисттик партиясынын жетекчилеринин бири болгон.1948-жылы премьер-министр жана Тышкы иштер министрлигин аркалаган, ал эми 1953-жылы Тито президент болуп шайланат. Бул кызматты өмүрүнүн аягына дейре, тагыраагы, 1980-жылдын май айына дейре ээлеген.
1989-жылдын 29-декабрында Чехословакияда бийликке драматург, социалисттик түзүлүштүн айтылуу сынчысы Вацлав Гавел келген. Эч кандай саясий тажрыйбасы жок киши посткоммунисттик Чехословакиянын тун президенти болот. Ал эми өлкө экиге бөлүнгөн соң Чехияны жетектеп калат. Бийликке келгенче бир нече ирет камалып чыккан. Биринчисинде 1977-жылы мамлекеттик кызматкерге кол салганы үчүн айыпталган эле. Гавел абакта бир нече ай отурган, андан соң кылмыш ишин токтотушкан.
1979-жылы ал мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети үчүн кайра 4,5 жылга камалган. Натыйжада Гавел жалган жалаа менен дагы эки мөөнөттүк жаза алганы айтылат. Президент болуп шайлангандан жарым жыл мурун толук жазасын өтөп чыккан.
Катаал, ошол эле убакта калктын сүймөнчүгү болгон венесуэлалык лидер Уго Чавес 1992-жылдын башында президент Карлос Андрес Перести тактысынан кулатуу аракети үчүн түрмөгө түшкөн. Анын жашыруун кыймылы тарабынан уюштурулган аскердик төңкөрүш 18 кишинин өмүрүн алып, полковник Чавес бийликке багынып бергенче 60 киши жаракат алган.
Болочок президент эки жыл абакта отурган, кийин "Бешинчи республика үчүн кыймыл" деп аталган партиясын түзөт. Чавес өкмөттү күч менен кулатууга бекем ишенген. Бирок тактикасын өзгөртүүгө аргасыз болуп, 1998-жылы президенттик шайлоого өз талапкерлигин коёт. Шайлоочулардын 56 пайыз добушуна ээ болуп, жыйынтыгында бийликке тынч жол менен келген. Элдин ишениминен тайбаган Чавес кийин үч жолу — 2000, 2006 жана 2012-жылдары президенттикке кайрадан шайланып келген.
Апартеид режимине каршы турган айтылуу күрөшчү Түштүк Африка Республикасынын президенти болгонго чейин 27 жыл абакта отурган.
Алгач ирет 1956-жылы камалган. Мандела жана Африкалык улуттук конгресстин 156 активисти мамлекетке чыккынчылык кылды деп айыпталган. Бирок Манделага тагылган айып төрт жылга созулган соттук процесстин жыйынтыгында алынган.
Көп өтпөй Мандела саботаж жана өкмөттү күч менен кулатууга аракет жасаган деген айып менен кайрадан абакка кирет. 1964-жылы ага өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылат.
Аны 1990-жылы, Түштүк Африка Республикасына жаңы башчы келгенде гана бошотушкан. Эркиндикке чыккандан төрт жылдан кийин Мандела президенттик шайлоодо жеңип чыгып, бул кызматты 1999-жылга чейин аркалаган. 1993-жылы "апартеид режиминин аякташына тынч жол менен кошкон салымы жана Түштүк Африкада жаңы демократиянын негиздерин түптөгөнү үчүн" Нобелдин тынчтык сыйлыгына татыган.
Садыр Жапаров туурасындагы кызыктуу фактылар менен бул шилтеме аркылуу таанышсаңыз болот.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бир тууган инисинин жүрүм-турумуна нааразы болгон аял кайрылган.
Баары бүткөнсүп, эми компьютердик клубдарга да барып турарын келин айтып даттанууда. Ал да тажадым дейт. Бир күнү жашап жаткан бөлмөсүн сатып салса эмне болот деп да кабатырланабыз. Ушундай жагдайда психологго жекече кайрылууга болобу? Же жыйынтык болбойбу...
Гүлнара Жасоолова, психолог:
— Каттагы жигиттин эжесинин "жубайлар ажырашып, балдар атасыз калбасын" деген бир туугандык тынчсыздануусун түшүнүп жатам. Эгер адам жеке жүрүм-турумун, кылган ишин өзү көзөмөлгө алуу менен туура эмес жолдо баратканын сын көз менен карай алса жакшы. Анда кеңеш алуу үчүн психологго кайрылууга болот. Иниңиз үй-бүлөсүнө кайсы бир деңгээлде зыян алып келип жатканын же балдарына толук кандуу ата боло албай жүргөнүн алгач түшүнүшү керек. Антпесе психологго кайрылгандан пайда чыкпайт. Муну менен катар адамдын жеке каалоосу да болушу шарт.Негизинен жашоодо көп нерсе тарбияга байланыштуу. Баланы кичинесинен эле өтө камкордукка алып, "тигини кий, биякка бас, сабагыңа бар" деп карай берсе ошого көнүп алат. Үйлөнткөндөн кийин "жашашсын" деп бөлмө да алып бергениңерди жазыпсыздар. Адам жакындарынын жетегине, алардын жардамына, жөлөп-таяганына ыңгайлашып алса, ар нерсеге башын оорутпай жүрө берет. Силер азыр санаа тартып тынчсызданып жатасыздар, бирок иниңизге азыркы жүрүм-туруму нормалдуу эле сезилиши мүмкүн. Анткени башкалар ал үчүн камкордук жасап, көйгөйүн чечип бергенге көнгөн. Үй-бүлө курганда да кожоюн катары жоопкерчиликти сезе албай калганынын себеби ошол. Бул жигитке жардам берүү үчүн алгач өзүнүн демилгеси, өзгөрүүгө каалоосу болушу зарыл. Андан кийин гана психолог жардам бере алат.