Бишкектин Октябрь районуна аким болуп Караколдун экс-мэри келди

© Фото / пресс-служба мэрии КараколаБишкектин Октябрь районуна жаңы аким болуп дайындалган Данияр Арпачиев. Архив
Бишкектин Октябрь районуна жаңы аким болуп дайындалган Данияр Арпачиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин жетекчи коррупциялык иштерге шектелип кармалган болчу. Кызматка ушундай кадрды алып келгени үчүн Түлөбаев кечирим сураган.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Бишкектин Октябрь районуна жаңы аким болуп Данияр Арпачиев дайындалганын шаар мэриясы билдирди.

Маалыматта тиешелүү буйрукка калаа башчысынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгону айтылды.

Эскерте кетсек, мурунку аким Константин Куценко коррупцияга шектелип Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалган.

Ал эми Арпачиев буга чейин Каракол шаарынын мэри, Тоң районунун акими болуп иштегени маалым.

Жаңылыктар түрмөгү
0