БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевди таап жоопко тартууну талап кылды.
Парламенттин жыйынында сүйлөгөн депутат алар кыйын учурда элди таштап кеткени үчүн катаал жазага татыктуу экенин билдирди.
"6-7-октябрда эл кооптуу абалда калып, дүйнөдө терроризм күч алып жаткан маалда Опумбаев менен Жунушалиев калкты, мекенди таштап качып кетти. Эмнеге экөөнө кылмыш ишин козгоп, кармап келип суракка албайт. Булар аскер адамдары болгондуктан эң жогорку деңгээлдеги жазага татыктуу. Экөөнү тең кармап келип жоопко тартууну талап кылам. Алардын ордуна буйрук аткарган тергөөчүлөр жооп береби?" — деди Орозова.
Эске салсак, 5-6-октябрдагы элдик толкундоодон кийин ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев кызматын таштап кеткен. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров алар кайда экени белгисиз деп айтып, изделип жатканын билдирген.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү темир жол линияларын электрлештирип, Казакстанга кеткен тепловоздорду электровоз поезди менен алмаштырууну пландап жатат. Бул туурасында "2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын бекитүү жөнүндө" өкмөттүн токтом долбоорунда жазылган.
Луговой — Балыкчы темир жол бөлүгү Кыргызстанды Казакстан жана башка өлкөлөр менен байланыштырган негизги транспорттук артерия болуп саналары белгиленет. Секция бир жолдуу, эксплуатациялык узундугу 321,5 чакырымды түзөт. Анын 60,3 чакырымы Казакстанга, 261,2 чакырымы Кыргызстанга туура келет. Луговой станциясы коңшу өлкөнүн Жамбыл облусунда жайгашкан.
"Луговой — Балыкчы участогун электрлештирүү долбоорун ишке ашыруу темир жол каттамынын мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган. Ошондой эле отунга болгон көз карандылыкты жана айлана-чөйрөнүн булгануусун төмөндөтөт. Электрлештирүүгө жумшалган каражат эксплуатациялык чыгымдарды үнөмдөөнүн эсебинен төлөнөт. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга жана темир жол участкасын электрификациялоону ишке ашырууга эл аралык каржы институттарын тартуу пландалууда", — деп жазылат токтом долбоорунда.
Луговой — Балыкчы участогу электр тартууга өткөндө жүк ташуучу, жүргүнчү ташуучу тепловоздор паркы электровоздор менен алмаштырылат.
"Луговой — Балыкчы темир жол участогун электрлештирүү" долбоорун 2023-2025-жылдары ишке ашыруу пландалууда. Техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоого каражат булагы табылганы айтылды. Ал эми долбоордун өзүн аткарууга "Кыргыз темир жолу" ишканасынын өздүк каражаты, насыялар жана инвестициялар менен алуу каралган.
Быйыл май-июнь айларында альянс кансыз согуш убагынан берки ири – Defender Europe 2021 машыгууларын өткөрөт. Масштабы боюнча кем калышпаган Россия менен Беларустун сентябрга белгиленген "Запад-2021" биргелешкен машыгуулары аларга жооп болот. Булардын баары эмне менен аяктаарына Андрей Коц сереп салган.
Defender Europe 2021 окууларында мурдагыдай эле Чыгыш Европа жана Прибалтикадагы коргонуу жана чабуул коюу операцияларына көнүгүшөт. Машыгуулардын "уламышына" ылайык, НАТОнун күчтөрү Калининград облусуна чабуул коюп, Россиянын батыш облустарын бөгөттөшөт, ошондой эле "орустардын топтоштурулган чабуулун" чагылдырышат.
Өткөн жылдардан айырмаланып 2021-жылы Чыгыш Европага эмес, Түштүк Европага өзгөчө көңүл бурулат. Машыгуулар Черногория, Косово жана Албанияга пландалган. Болгария жана Румынияда абадан коргонуу тутуму боюнча жана "жер – жер" классындагы ракеталарды атууга машыгышат. Венгрия "согуш" үчүн терең тыл катары кызмат кылат.
Америкалыктар Европага бир далай күчтөрдү, анын ичинде 1-кавалериялык жана 82-аба-десанттык дивизияларын жеткирет. Атлантика аркылуу ар кыл багыттагы жүздөгөн бирдик аскердик техника жөнөтүшөт. Мындан тышкары, Флорида штатынан 53-пехоталык бригаданы алып барышат. Америкалыктар машыгуулардан кийин куралдардын бир бөлүгүн мурда да кайталангандай, Европада дагы "унутуп" калышары ажеп эмес. Адистердин пикиринде, Пентагон ушундай жол менен аймактагы чабуулдук мүмкүнчүлүктөрүн жыл сайын көбөйтүп келет. Defender Europe 2021ге жооп иретинде Россия жана Беларусь быйыл сентябрда "Запад-2021" машыгууларын өткөрмөкчү.
Апта башында Беларустун коргоо министри Виктор Хренин "чогуу машыгуулар жогорку урбанизацияланган жерлерде бирдиктүү штурмдук бөлүктөрдүн биргелешкен аракеттеринин жаңы ыкмаларын сыноого", ошондой эле "курал жана техниканын жаңы жана заманбап үлгүлөрүнүн майнаптуулугун баалоого" мүмкүндүк берерин айтып чыкты.Минскиден белгилешкендей, стратегиялык машыгуулар "Беларусь менен Россиянын коргоо мекемелеринин бекем союздук мамилелерин жана союздук мамлекеттин аскердик коопсуздугун камсыздоого карата бирдиктүү көз караштарын чагылдырат".
Эки тарап тең машыгуулардын кайсы бир мамлекет жана аскердик блокко каршы багытталбагандыгы жөнүндөгү көнүмүш дипломатиялык билдирүүнү пайдаланышкан жок.
Калининградга НАТО күчтөрү тарабынан чабуул жасоону машыгуу жана россиялык аскерлерди шаардагы кармашка даярдоо кимдин ким менен согушарынан так кабар берип турат. Албетте, толук масштабдуу куралдуу жаңжалдын мүмкүндүгү аз, бирок абдан реалдуу. Адистердин пикиринде, 2021-жылы НАТОнун аракеттерине АКШдагы бийликтин алмашуусу түз таасир этет. Дональд Трамптын тушундагы төрт жыл ичинде түндүк атлантикалык блоктун биримдиги кыйла чабалдай түшкөн.
Ак үйдүн мурдагы кожоюну эң оболу америкалык кызыкчылыктарды көздөй турганын жашырбай, ал түгүл альянстын курамынан чыгуу мүмкүндүгүн да кыйытып келген. Мындай риторика Европаны катуу тынчсыздандырып, Европа биримдигинин армиясы жөнүндөгү маселени кайра көтөргөн. Жаңы президент баарын оңдоого тырышары айдан ачык."Россия менен НАТОнун ортосундагы мамиле быйыл начарлайт, — деп эсептейт Геосаясий көйгөйлөр академиясынын биринчи вице-президенти Константин Сивков. — Байден альянсты калыбына келтирип жана мобилдештирүүнү көздөйт. Ал эми бул үчүн тышкы душман зарыл. Кытай өтө ыраак болгондуктан Россия бул ролго баарынан ылайык келет. Сырткы кастын образы Вашингтонго америкалык коомдун башын бириктирүү үчүн да зарыл".
Анткен менен эксперттер чындыгында НАТОнун Россияга карата көрүнүктүү агрессивдүү пландары жок деп эсептешет. Ал эми альянсты дагы кеңейтүү америкалыктар үчүн — акча табуунун жана Европаны өзүнө дагы бекем кармоонун ыкмасы. Вашингтон Трампка чейинки доорго кайтып, Эски дүйнөнүн (Европа, Азия жана Африка) иштерине кийлигишүүнү күчөтөт.
"Менимче, быйыл НАТО аскердик уюмдан кандайдыр глобалдык корпорацияга айланууну көрсөтөт, — деп түшүндүрөт саясат таануучу-американист Сергей Судаков. — Альянстын негизги көйгөйү – каржылоо мурдагыдай эле актуалдуу. Ким акысын төлөсө, ошонун обону созулат эмеспи. Уюмдун бюджетинин үчтөн бир бөлүгүн АКШ камсыздайт, бул эч кимге жашыруун эмес. Чыгымдары триллион доллардан ашып кеткенин биз жакшы билебиз. Эң оболу Вашингтондун айынан... Европа мамлекеттери аскерлер үчүн кургак азыктарга чейин АКШдан күтүшөт. Муну эбегейсиз америкалык коргоо бюджети колдойт, анткени НАТОнун кызыкчылыгына иштеген корпорациялар ири киреше табышат".
Байдендин тушундагы АКШ үчүн Европа аскердик өндүрүмдү өткөрүүчү негизги рыноктордун бири бойдон калат. Демек, океандын ары жагынан антироссиялык риториканын күчөшүн күтө берсе болот. Бирок адистердин көпчүлүгү Вашингтон жана Брюсселде күчү жагынан дүйнөдөгү экинчи армиянын күчүн чындап сыноо чечилери арсар деген ойдо.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин директору И.Ш.М. мыйзамсыз байыганы аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, кармалган жетекчи мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө, көптөгөн бодо малга ээлик кылган. Булардын наркы тапкан кирешесине дал келбейт.
"Мыйзамсыз мүлктөрүн жашыруу максатында жакын туугандарына жана аффилирленген жактарга көмүскө түрдө каттаткан. Атап айтканда, үч особнягы, шаардын чок ортосунан 20 батирлүү дагы бир особнягы жана кымбат баадагы автоунаалары болгон. Ошондой эле туугандары менен чет мамлекетке эс алууга байма-бай барып турганы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
УКМКнын билдиришинче, Жол чарба департаментинин директору ири жолдорду куруу үчүн жыл сайын өткөрүлчү мамлекеттик сатып алуулар аркылуу активдерин көбөйткөнү болжолдонууда. Республикалык маанидеги курулуштар үчүн мамлекеттик бюджеттен үч миллиарддан ашык каражат бөлүнөрү белгиленет.
Учурда Транспорт жана жолдор министрлигинин бюджеттик каражаттарга жооптуу жана жемкорлукка тиешеси бар башка кызмат адамдары аныкталып жатканы кошумчаланды.