Вероника Исаева Өнөр жай мамлекеттик комитетинин төрага орун басары болду

© Фото / пресс-служба ГКПЭНӨнөр жай, энергентика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган Вероника Исаева. Архив
Өнөр жай, энергентика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган Вероника Исаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тиешелүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгон. Жаңы жетекчинин өнөр жай тармагында 15 жылдык тажрыйбасы бар.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Вероника Исаева Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгон. Кечээ аны комитеттин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев эмгек жамаатка тааныштырган.

Вероника Исаева акыркы үч жылда жеке бизнесте өнөр жай долбоорлорун ишке ашырып келген. Жалпысынан бул тармакта 15 жылдык тажрыйбасы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0