Садык Шер-Нияз президенттик шайлоого катышуудан баш тартты

© Sputnik / Табылды КадырбековЦеремония прощания с акыном-импровизатором Элмирбеком Иманалиевым
Церемония прощания с акыном-импровизатором Элмирбеком Иманалиевым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай чечимге ал дагы бир талапкер Садыр Жапаров менен жолуккандан кийин келгенин билдирди. Экөө бүгүн "Ала-Арча" резиденциясында сүйлөшкөн.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Президентикке талапкер Садык Шер-Нияз жарыштан четтеди. Бул тууралуу ал парламенттин маалымат кызматынын мурдагы жетекчиси Ибраим Нуракун уулунун Facebook аркылуу түз эфиринде суроолорго жооп берип жатып айтты. 

Мындай чечимге ал дагы бир талапкер Садыр Жапаров менен жолуккандан кийин келгенин билдирди. Тараптар бүгүн мамлекеттик резиденциядагы Садыр Жапаровдун үйүндө, чай үстүндө баарлашкан. Жолугушууну уюштурууга саясатчы Алмамбет Шыкмаматов демилгечи болгон.

“Биз беш нерсе боюнча позициябызды такташтык. Бул —  билим берүү, сот реформасы, маданиятты өнүктүрүү, курултай институту жана парламентаризм. Көп эле жааттарда экөөбүздүн позициябыз негизинен келишери белгилүү болду. Болгону парламентаризм боюнча эки башка пикирде экенбиз. Ал президенттик башкарууну бааласа, мен парламентаризмди туу тутам”, — деди Шер-Нияз.

Ошондой эле ал эмне себептен талапкерлигин алып салганын түшүндүрдү.

“Жапаров фаворит талапкерлердин бири. Аны менен маданият тармагын көтөрүүдө биргелешип иштешсек болорун түшүндүм. Мага ал эч кандай кызмат сунуштаган жок. Бул чечимим кошоматтык дагы эмес”, — деди ал.

Сөзүнүн аягында мурдагы депутат Шер-Нияз Садыр Жапаров бийликке келип кала турган болсо, маданият өкүлдөрү менен тез-тезден жолугуп, бул тармакты көтөрүүгө чоң маани берерин убадалаганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0