БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. ШКУ өлкөлөрүнүн ортосунда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен оор жүктөрдүн үзгүлтүксүз ташылышына шарттарды түзүү жана көзөмөл өткөрүү жайларынын толук кандуу иштеши маанилүү. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 19-кеңешмесинде айткандыгын маалымат кызматы билдирди.
Жыйын видеоконференция форматында өткөн.
"Кыргызстан өлкөлөр ортосундагы товар алмашууда "жашыл коридор" механизмин пайдаланууну кеңейтүү жолу менен көзөмөл-өткөрүү жайлары аркылуу жүк ташуучу автотранспорттордун кирип-чыгуу тартибин, процедурасын жөнөкөйлөштүрүүнү кароону сунуштайт", — деген Новиков.
Мындан тышкары, премьердин милдетин аткаруучу санариптик технологияларды, анын ичинде электрондук соода жүргүзүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.
Новиков сөзүн жыйынтыктап жатып, кыйын кырдаалда өз ара колдоо көрсөтүү жакшы коңшулук мамилеге жана жалпы кызыкчылыкка жооп берерин айткан.
"Учурдагы негизги нерсе ─ калктын денинин сактыгы, социалдык-экономикалык туруктуулуктун сакталышы жана жарандарыбыздын эртеңки келечегине ишеними", — деген премьер-министрдин милдетин аткаруучу.
Ошондой эле ал ШКУга мүчө-мамлекеттерге Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөштө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия референдумдагы бюллетендерди кол менен эсептөөнүн жыйынтыгын чыгарды.
Бардык 2474 шайлоо участогунан протоколдор келип, анын үчөөндөгү добуш берүү жокко чыгарылды. Бирок себеби айтылган жок.
Референдумга 1 миллион 401 миң 450 киши катышкан. Бул жалпы шайлоочулардын (3 миллион 563 миң 574 киши) 39,33 пайызын түзөт.
Эске салсак, БШК шайлоонун расмий жыйынтыктарын жарыялай элек. Буга чейин бюллетендерди кол менен эсептөөнүн негизинде Садыр Жапаров алдыда экени айтылган.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын кол менен 100 пайызга санап бүттү. Бул тууралуу БШКнын сайтында көрсөтүлөт.
Анда 2474 шайлоо участкасындагы бюллетендер автоматтык санактан да, кол түрүндө эсептөөдөн да толугу менен өткөнү жазылат. Бир шайлоо участкасындагы шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган.Добуш берүүгө 3 563 574 шайлоочунун ичинен 1 401 726 жаран катышкан. Бул жалпы шайлоочулардын 39,33 пайызын түзөт.
Натыйжада Садыр Жапаров добуштардын 79,23 пайызына ээ болуп алдыга озуп чыккан. Экинчи орунда Адахан Мадумаров 6,78 пайыз, үчүнчү орунда Бабыржан Төлбаев 2,36 пайыз менен турат.