БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Апрелден ары мэрлик кызматка барбайм. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымында, 2021-жылдын апрель айында Бишкек шаардык кеңеши кайра түзүлүп, жаңы мэр келет.
"Азыр кыйын кырдаал, кыйын мезгилди баштан кечирип жатабыз. Акчанын жоктугунан, жетишсиздиктин айынан жаңы жылдагы кээ бир нерселерди токтотуп койдум. Ушул кыйын мезгилден чогуу чыгып кетели. Коронавирусту жеңип, кыштан аман-эсен чыгалы! Апрелге чейин колуман келишинче таза, түз иштеп, кээ бир коррупциялык иштерди ачып кетейин деп жатам", — деди Түлөбаев.
Мэрдин милдетин аткаруучу эл менен иштешүүгө даяр экенин айтып, шаардыктарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Москванын Пушкин атындагы аянтында макулдашылбаган акцияга чыккан адамдар кармала баштады. Бул тууралуу РИА Новостинин кабарчысы жеринен билдирди.
Полиция үн күчөткүч менен сүйлөп акциянын катышуучуларына социалдык дистанцияны сактоону, бет кап, кол кап тагынууну жана бул макулдашылбаган акция экенин эскерткен. Күч түзүмдөрү плакат көтөрүп чыккан жана жүзүн көрсөтпөй жүргөн адамдарды кармап жатат. Азырынча канча адам кармалганы туурасында так маалымат жок.
Россия ИИМи жана Башкы прокуратура аталган акциянын уюштуруучуларына жана катышуучуларына буга чейин бир нече ирет эскертүү берген. Муну провокация катары баалап, коомдук тартипти бузгандарга дароо чара көрүлөрү айтылган. Аны менен катар Башкы прокуратура мыйзамда тыюу салынган иш-чараларга келүүгө чакырган билдирүүлөрдү социалдык тармактан блоктоп салууну талап кылган.Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун акцияга белгилүү бир чагымчылдар чакырык таштап жатканын билдирди.
Ошондой эле мектеп окуучулары менен студенттердин акцияга чыгышына бөгөт коюу боюнча ата-энелерге өзгөчө көңүл бурулууда.
Россиянын шаардык бийликтери буга чейин коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаал оор болгондуктан массалык иш-чараларды өткөрүүдөн баш тартып келген.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. АКШ сенаты Пентагон башчылыгына Ллойд Остиндин талапкерлигин бекиткенин РИА Новости жазды.
Анын талапкерлигине 93 сенатор "макул" болсо, экөө "каршы" добуш берген.
Жарандык коргонуу министри кызмат ордуна жети жыл мурун пенсияга чыккан, тажрыйбалуу аскер адамдары гана ат салыша алат. Алар конгресстин атайын макулдугун алышы керек.
Остин 2016-жылы отставкага кеткен. Анын талапкерлигин сенаттын профилдик комитети колдоп берген.
Ал 67 жашта, төрт жылдыздуу генерал даражасына ээ. Остин коргоо мекемесин жетектеген биринчи афроамерикалык болмокчу. Германия, АКШ, Ирак мамлекеттеринде аскердик кызматын өтөгөн. Вашингтондун "Ислам мамлекети"* тобу менен күрөшүүсүнө салым кошкон.2016-жылы пенсияга чыккандан кийин ири куралдарды чыгарган Raytheon компаниясынын директорлор кеңешинде иштеп жаткан.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Индияда беш айда 40 килограммга арыктаган аял салмак таштоонун сырын ачты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
32 жаштагы Саана Шеттинин айтымында, дарыгерлер анын канында кант менен холестерин жогору экенин, булар ден соолукту талкалай турганын айтканда капалана нес болгон. Кийин ал өзүн колго алып, арыктоону чечкен. Анда анын салмагы 125 килограмм болчу.
Анын айтымында, салмак таштоонун сыры жеген тамактын түрүнөн эмес анын көлөмүнөн көз каранды.
"Ченеми менен жеш керек. Тамактын порциясына тыкыр көз салып жатып кыска убакытта чоң салмактан арыла алдым. Ошондой эле азыкты жакшылап чайнап туруп анан жутуш керек", — деген ал.
Мындан тышкары, дароо шекерден, ун азыктарынан жана вегетериандык эмес азыктардан баш тарткан. Буга кошумча жөө басып, йога менен алектенген.