Салык кызматы премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кыргыз-казак чек арасындагы Чалдовар көзөмөл-өткөрмө пунктун кыдыруу учурунда

Новиковдон кагуу жеп буйдалган жетекчи. Салык кызматы түшүндүрмө берди

269
(жаңыланган 15:02 01.12.2020)
Салык кызматы башка органдардын аракетсиздигинен улам өкмөт тарабынан коюлган тапшырмалар ишке ашпай жатканын айтып жатат.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Салык кызматы премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков тарабынан кыргыз-казак чек арасындагы "Чалдовар" көзөмөл-өткөрмө пунктун кыдыруу учурунда салыкчыларга айтылган сынга жооп иретинде маалымат таратты.

Буга чейин Новиковдун Салык кызматынын төрагасынын орун басары Искендер Асылкуловго суроо узатып, ал буйдалып калган видео тараган

Анда Салык кызматы мыйзамсыз ташып өтүүгө каршы күрөшүү максатында “Жыйынды пост” автоматташтырылган маалымат системасын (АМС) ишке киргизүү боюнча бардык керектүү иш-чараларды өз убагында аткарганы белгиленет. Ал эми көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын иштөөсүн камсыздоого Салык кызматынан тышкары 8 мамлекеттик орган жооптуу экенин айтууда.

“Өкмөттүн 3-ноябрдагы кеңешмесинде Чек ара кызматынын кызматкерлерин керектүү уюштуруу техникасы менен камсыздоо жана 15-ноябрга чейин “Жыйынды пост” АМСти колдонуу боюнча окутуу тапшырмасы берилген. Аны аткаруу үчүн Салык кызматы 13-ноябрда “Чалдовар” өткөрүү пунктуна керектүү жабдууну берген. Белгилей кетсек, Салык кызматы март айында эле “Жыйынды постту” ишке киргизүүгө даяр болгон. Бирок башка органдардын даяр эместигинен улам система ушул кезге чейин толук ишке киргизиле элек”, — деп айтылат маалыматта.

Аталган программа 16-18-ноябрь күндөрү сыноодон өткөрүлүп, анда дагы оңдоп-түзөө зарылчылыгы жаралган. Аларды жоюу башка мамлекеттик органдардын компетенциясына кирери белгиленди.

Ал эми жаңы орнотула турган кошумча видеобайкоо камераларынын жоктугу боюнча да жооп берип, аны орнотуу тапшырмасы Салык кызматына эмес, Чек ара кызматына берилгени айтылат.

“Бетамонт” салмак-габариттик контролдун динамикалык системасынын тийиштүү деңгээлде иштебегендиги тууралуу түшүндүрө турган болсок, Салык кызматы ал система менен маалыматтарды салыштыруу мүмкүн эместигин бир нече жолу маалымдаган. Анткени ал Транспорт жана жолдор министрлигинин балансында болуп, салмак-габариттик контролдоо адистери тарабынан тейленет. Бул маселе боюнча өкмөттүн аппаратына жана мамлекеттик органдардын дарегине 15тен ашуун кат жолдонгон. Башка органдардын аракетсиздиги үчүн Салык кызматы жооптуу эмес. Мисалы, электр энергиясынын өчүрүлүшү, суунун, интернеттин жоктугу жана башкага жооп бербейт”, — деген позициясын билдирди.

Өлкөгө кирген автоунаалардын саны тууралуу Салык кызматы, Чек ара кызматы, Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматтарындагы айырма боюнча ар бир мамлекеттик орган кызматтык функцияларына жараша каттоонун өзүнө таандык методикасын колдонорун айтты.

Мисалы:

  • Салык органынын кызматкерлери үчүнчү өлкөлөрдөн жана ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдөн жүк (товар) импортточу транспорттук каражаттарды белгилеп турат. Бирок ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдөн импорттоо же жеке максатта товар ташуучу автоунааларды гана каттоого алат;
  • Чек ара кызматы бардык, анын ичинде, үчүнчү өлкөлөрдөн кирүүчү транспорттук каражаттарды белгилейт;
  • Транспорт жана жолдор министрлиги салмак-габариттик көзөмөл аркылуу 18 тоннадан оор, жолдун кыртышын бузган жүгү (товары) бар автоунаалары гана тескейт.
269
Белгилер:
жооп, текшерүү, чек ара, Артем Новиков, Мамлекеттик салык кызматы
Газ түтүгүн куруучу кеме. Архив

"Түндүк агым-2" Германия менен АКШ алакасынын тагдырын чечет

90
(жаңыланган 21:20 21.01.2021)
Жо Байден өз инаугурациясына АКШнын негизги өнөктөшү Германиядан жагымсыз белек алды. Ал тыкыр таңгакталган, көйгөйлөрдүн маңызы менен байланган, эми алар менен жаңы администрация убара болот.

Кошмо Штаттар "Түндүк агым – 2нин" курулушуна катышып жаткан россиялык "Фортуна" түтүк коюучу ишканага каршы санкцияларды киргизген. Ошондой эле, германиялык ЖМКлардын маалыматы боюнча, Берлиндеги америкалык элчилик ФРГ өкмөтүн жаңы чектөө чаралары боюнча пландарынан кабарлаган.

Немец бийлиги муну "өкүнүү менен кабыл алып", башка билдирүү жасаган жок. Бул андан мурун болгон маанилүү окуянын ажырагыс уландысы болуп калды. Бул жагдайга Ирина Алкснис сереп салган.

АКШ мамлекеттик катчысынын мурдагы орун басары жана шайлоодо Жо Байдендин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Николас Бернс газ түтүгүнө каршы жана анын курулушун токтотууга америкалык санкцияларды бир убакта тоңдурууну демилгелеген. Анткени жаңы администрация "Германия өкмөтү жана долбоорго катышкан башка өлкөлөр ортосунда ишеним жана эстүүлүк менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө" ээ болушу кажет. Бернс мында жеке демилгесин эмес, Вашингтондун сунушун ортого салганы айдан ачык. Бирок немецтер ага кол шилтеп койду. Бундестагдын энергетика боюнча комитетинин жетекчиси Клаус Эрнст германиялык энергетикалык саясатты Кошмо Штаттар менен талкуулоону "таптакыр орунсуз" деп атады. "Түндүк агым – 2нин" курулушу Европанын жеке иши, бардык зарыл уруксатын алган, ошондуктан аягына тез чыгарылууга тийиш" экенин баса белгиледи.

Демократтар соңку он жылдыктардагы америкалык тышкы, көбүнесе глобалисттик деп мүнөздөлгөн саясатты кайрадан жандандырууга ниеткер. Ортодо Дональд Трамптын президенттик мөөнөтү аны үзгүлтүккө учураткан. Ал бирдей деңгээлдеги эки маанилүү — процедуралык-институционалдык жана идеологиялык курамга ээ.

Идеологияга ЛГБТ-прогрессинен тарта экологияны эсепке алуу менен адамзаттын этти пайдалануудан баш тартуусуна чейинки эң либералдык-алдыңкы демилгелердин көлөмдүү комплекси жооп берет. Институционалдык бөлүгү да коомго жакшы тааныш, улут үстүндөгү уюм, документ жана процедуралардын системасы болуп саналат.

Мындай негизде АКШ дүйнөгө өзүнө пайдалуу шарттарды таңуулоо жана глобалдык лидерлигин биротоло аныктоо үчүн өз үстөмдүгүн бир топ жыл бекемдеп келген деген пикир кеңири тараган. Бир нерсе туура эмес нук алганы эбак түшүнүктүү болгон. Ойноп жана өздөрүнө карата адилетсиз системада утуп чыгууну өздөштүрүп алышкан өлкөлөрдүн саны улам арбып барат.

Россия жана анын Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерин өз пайдасына ийгиликтүү колдонушу – мунун өзгөчөлүгү эмес, көрүнүктүү үлгүсү. Кошмо Штаттарын көптөгөн эл аралык келишим жана уюмдардан эч буйдалбастан чыгаруу менен Дональд Трамп ушул нерсени төрт жыл бою бышыктап келди. Чындыгында ошол келишимдер Америкага түк пайдасыз.

АКШнын аз сандагы артыкчылыктуу өнөктөштөрү, алардын бири – Германия, өзгөчө бонустарга ээ экенин болжоо кыйын деле эмес. Андан эптүүлүк менен пайдаланууну да жакшы билишери айдан ачык.

Дал ушул себептен чындыкты түз айткан, Германиянын өз суверенитетин акырындап, тынч калыбына келтирүүнүн ыраатка салынган схемасын талкалаган жана Американы өз кызыкчылыгына пайдаланышына жол бербеген Трамп Берлинге ыңгайсыз эле. Дал ушул себептен ФРГ бийлиги Байдендин АКШнын жаңы президенти катары келишин эргүү менен кабылдады. Бул пропагандисттик жана жайбаракат кулуардык-лоббисттик саясий процесс менен толук айкалышкан, анын шарапатында Германияга пайдалуу күн тартибин, немецтер үчүн ыңгайлуу форматтагы алакаларды кайтарууну убадалайт.

"Түндүк агым— 2" долбоорунда азыр дал ошондой көрүнүш. Акыркы айларда океадын ары жагынан киргизилген санкциялар газ түтүгүн курулушунун коопсуздугун болушунча камсыздоо үчүн кадамдар жасалган. Ошол эле "Фортуна" ишканасынын кожоюндары алмашты. Мекленбург — Алдыңкы Померания жеринин парламенти тарабынан долбоордун операциялык ишмердигин илгерилете турган фонд түзүлгөн.

Эң кызыгы, бул түзүм аркылуу немец бийлиги "бир ок менен эки коенду аткысы" бар. Курулуштун өзүн колдоодон тышкары аларга маалыматтык-идеологиялык коштоо камсыз кылынат. Жаңы уюм "Мекленбург — Алдыңкы Померания жеринин климатын жана айлана-чөйрөсүн коргоо" фонду деп аталгандыктан, расмий максатына ылайык, "Германиянын климаттык максаттарына жетүүсүнө" көмөктөшмөкчү. Муну менен экологиялык күн тартиби да колго алынат, себеби өлкө ичинде дал жашылдар тарабынан "Түндүк агым – 2ге" чабуул коюлуп келет эмеспи.

Жо Байдендин командасы кабылган бул жагдай оңой эмес. Трамп жасачу кадамдарга бара алышпайт, тагыраак, стратегиялык өнөктөшүнө кескин, катаал чараларды көрүү менен дүйнөнү дүңгүрөтчү жаңжалды уюштурууга даабайт. Бул батыш биримдигин калыптандыруунун эрежелерине каршы келет, демократтар бийликке дал ошолорду бетке кармай бийликке кайтып жатышпайбы. Анан да Берлин Вашингтонго берилүү менен жана терең идеологиялык союздаштыкты көрсөтүүдө. Бул Россияда Алексей Навальныйдын камалышына карата үндөшкөн реакциясы менен дагы бир ирет айгинеленди.

Иштин кадыресе эле ыкмалары кулуардык өз ара жана басымды акырындап күчөтүү менен эки айга созулчудай. Немецтер эл аралык-бюрократиялык машакатты жаратууда өтө эпчил келишет. Ал убакка чейин "Түндүк агым – 2" курулушу аяктап, ал эми америкалыктар "жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап" абалында калышат. Натыйжада Жо Байден президенттик кызматка киришкен күндөн тарта жаңы администрация өз ишинде кабыл алынгыс трампизм менен идеологиялык жактан туура, бирок таптакыр майнапсыз либералдык глобализмдин бирин тандап алууга аргасыз болот. Анткен менен Германиянын да өз кыйынчылыктары бар. Кечээ жакында эле "Газпром" саясий кысымдардан улам долбоордун токтоп калышына же ал тургай жокко чыгарылышына алып келчү тобокелдиктер жөнүндө эскертти. Эң оболу бул көз карандысыздыкка жана геосаясий жактан күчтөнүүгө умтулууда антироссиялык карта ойноону (Навальныйдын ууланышы түрүндө) туура тапкан Берлинге тишелүү. Бул кадамы менен ал Россия мындай нерсеге катуу жооп берерин дагы унуткан өңдүү...

90
Белгилер:
эреже, долбоор, мамиле, Германия, АКШ, Газ, Түндүк агым - 2
Тема боюнча
Демократияны алгачкылардан болуп Европа кыйратабы? Абалга сереп

Клинтон айым Трампты Путин менен байланышта деп күнөөлөдү. Себеби эмнеде

185
АКШда кайрадан "орус изин" издеп жатышат. Капитолий чабуулга кабылганда АКШнын экс-мамкатчысы буга Россиянын тийиштиги бар деген кинени айтып чыкты.

Учурулган "өрдөктөргө" таянсак, Трамп ал күнү Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Клинтондун буга далили барбы? АКШ эмне үчүн кайрадан өзүнүн ички көйгөйлөрүнүн себебин тыштан издейт? Америкалык миллиардерди саясий жактан анча жактыра бербеген Клинтонду эмнеге "өчөшкөн айым" деп аташты? Жоопту видеодон көрүңүз.

185
Белгилер:
президенттик шайлоо, Дональд Трамп, Хиллари Клинтон, АКШ
Тема боюнча
Оңдолгус ката! АКШдагы митингге тиешеси бар деп айыпталган Россия жооп берди
Көк чай. Архив

Адис узак өмүр сүрүү үчүн төрт эрежени эстен чыгарбоону эскертти

0
Нутрициолог кант диабетинин экинчи түрүнө кабылуу тоболкелчилигин азайтуу үчүн көк чайды көп ичүүнү сунуштаган.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Нутрициолог Марк Гилберт Express басылмасына берген маегинде ден соолукту бекемдеп, узак өмүр сүрүү үчүн туура тамактануу керектигин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Адистин айтымында, биринчи кезекте калориялуу азыктарды азайтуу керек. Анткени калориясы төмөн тамак рациону картаюуну жайлатып, рак, Альцгеймер жана кант диабети илдеттерин алдын алат.

Нутрициолог организмге D витамини өтө зарыл экенин белгилеп, ал иммунитет менен тыгыз байланышта болоруна токтолгон.

"Жемиштерди көп жегиле. Себеби ал жүрөктүн иштөөсүн жакшыртып, иммунитетти бекемдеп, кан басымын түшүрөт. Жемиштер холестериндин топтолушун да алдын алат", — деген адис.

Нутрициолог кант диабетинин экинчи түрүнө кабылуу тоболкелчилигин азайтуу үчүн көк чайды көп ичүүнү сунуштаган.

Бул эрежелерди бир аз убакыт эле сактаган учурда адамдын ден соолугу бир топ жакшыра турганы айтылды. Ал эми аларды дайыма аткарса, адамдын узак жашоо мүмкүнчүлүгү көбөйөт.

0
Белгилер:
кеңеш, ден соолук, өмүр
Тема боюнча
Кайсы суусундук рак оорусун алдын алат? Далилденген изилдөө