Путин Кыргызстан, Беларусь жана Карабахтагы окуялар боюнча оюн айтты

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилей кетсек, саммитти быйыл Россия уюштуруп жаткандыктан, жыйын Путиндин жетекчилигинин алдында өтүүдө.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. ЖККУга мүчө мамлекеттерде кырдаал жалпы жонунан тынч болгон жок. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун саммитинде билдирди.

Белгилей кетсек, саммитти быйыл Россия уюштуруп жаткандыктан, жыйын Путиндин жетекчилигинин алдында өтүүдө.

"ЖККУга мүчө мамлекеттерде кырдаал анчалык тынч болгон жок. Айтайын дегеним, Тоолуу Карабах районунда ЖККУга мүчө мамлекеттин катышуусу менен кан төгүлгөн кагылышуу болду. Бул жерде Беларустагы шайлоодон кийинки окуялар, Кыргызстандагы ички саясий кырдаал тууралуу да кеп болуп жатат", — деди Путин.

Ал Тоолуу Карабахтагы кагылышууну жана кан төгүүнү токтотуу үчүн Россиянын кийлигишүүсү зарыл болгонун белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0