БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Президенттикке талапкерлердин экөө кол топтоо баракчасын тапшырып, бир нечеси шайлоо күрөөсүн төктү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
Ал бүгүн кол топтоо баракчасын тапшыруунун (эң аз дегенде 30 миң) жана шайлоо күрөөсүн (1 миллион сом) төгүүнүн акыркы күнү экенин эскертти.
"Кечээки күнгө карата беш же алты талапкер шайлоо күрөөсүн төктү. Ал эми кол топтоо баракчасын эки киши тапшырды. Кол топтоо баракчасын кечээ кечинде Бабыржан Төлбаевдин өкүлдөрү көрсөтсө, бүгүн эртең менен Садыр Жапаровдун адамдары алып келди. Бул экөө тең шайлоо күрөөсүн төккөн талапкерлердин ичинде", — деди Бекматов.
Төрайымдын орун басарынын айтымында, президент болом деген талапкерлердин саны 45ке азайды.
БШКнын маалымат кызматы кол топтоо баракчасын тапшырган талапкерлердин толук тизмесин кийинчерээк бере турганын айтты.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. УКМК экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди кармады. Бул тууралуу күч органдарынан өздүк булактар билдирди.
Маалыматка караганда, ал мыйзамсыз жол менен байыган деп шектелип жатат. УКМК Абылгазиевди баш коргоо чарасы каралганга чейин эки суткага СИЗОго камакка алганы айтылууда.
Индонезиянын Ява аралында Семеру жанар тоо атылып, анын күлү менен түтүнү 5,6 чакырым бийикке сапырылды.
Вашингтондо АКШнын шайланган президенти Жозеф Байдендин инаугурациясы өттү.
Гаитиде Порт-о-Пренседе вуду модасынын көргөзмөсү өттү.
Бразилия коронавирус пандемиясынан катуу жапа чеккен мамлекеттердин бири болду. Өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны 8 миллион 697 миң 368ге жетип, 214 147 адам көз жумган.
Бишкекте православдар Крещение майрамын белгилешти.
Нью-Делиде (Индия) Республика күнүнө карата өтүүчү парадга даярдыктар көрүлүүдө.
АКШнын Невада штатында көркөм муз тебүү боюнча өлкө чемпионаты өттү.
Гватемалада Гондурастан барган мигранттар менен полициянын ортосунда кагылышуу болду.
Москвада Алексей Навальныйды колдогон санкцияланбаган нааразычылык акциясы өттү.
Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайында UFC 257 мелдешинде ирландиялык Конор Макгрегор менен америкалык Дастин Порье кармашты. Порье беттештин экинчи раундунда Макгрегорду сулата чаап утту.
Кыргызстандагы "Орловка" тоо-лыжа базасында лыжа менен тоодон түшүү боюнча Борбор Азиядан келген спортчулардын катышуусунда FIS эл аралык турнири жана өлкө чемпионаты өттү.
19-январда Бишкекте православдар Крещение майрамын белгилешти. Салт боюнча Крещение майрамы сыйынуу менен башталып, андан соң сууга чөмүлүп чыгышат
Россиянын Великий Новгородундагы Волхов дарыясында аялдар Крещение майрамында сууга түшүүдө
Байкал көлүндөгү муз
Индонезиянын Ява аралында Семеру вулканы атылып, анын күлү менен түтүнү 5,6 чакырым бийикке сапырылды
Knights Guard хоккей командасынын кыздары Лас-Вегастагы оюн алдында музду тазалап жатышат
Израилдин Иордан өрөөнүндөгү токтоп турган фермадагы крокодилдер
АКШ президенти Дональд Трамп жана биринчи айым Мелания Трамп Флоридадагы Мар-а-Лаго резиденциясына учар алдында президенттик учакка отуруп жатышат. Дональд Трамп ноябрда өткөн президенттик шайлоодо демократ Жозеф Байденге жеңилген. Трамп атаандашы Байдендин инаугурациясына катышпай турганын айткан
АКШнын жаңы шайланган президенти Жозеф Байден Вашингтондо өткөн инаугурацияда ант берип кызматына расмий киришти. Өз сөзүндө Байден салтка айлангандай эле бардык америкалыктар үчүн бирдей президент болорун убада кылды
18-22-январь күндөрү "Орловка" тоо-лыжа базасында лыжа менен тоодон түшүү боюнча Борбор Азиядан келген спортчулардын катышуусунда FIS эл аралык турнири жана өлкө чемпионаты өттү. Спортчулар лыжа менен тоодон ылдый жолдогу табигый жана жасалма тоскоолдуктардан өтүп мелдешти
Бразилиянын Манаус шаарында адамдар COVID-19 жуккан туугандарына кычкылтек баллондорун толтуруу үчүн кезекте турушат. Бразилия коронавирус пандемиясынан катуу жапа чеккен мамлекеттердин бири болду. Акыркы маалыматтарга ылайык, өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны 8 миллион 697 миң 368ге жетип, 214 147 адам көз жумган.
Чилидеги Конгильо улуттук паркындагы түркүн түстүү жарыктар
Нью-Делиде (Индия) Республика күнүнө карата өтүүчү парадга даярданып жаткан бийчилер. 26-январда Индияда башкы улуттук майрамы белгиленет. 1950-жылы ушул күнү өлкө Конституциясын кабыл алып, муну менен Британиянын колониясы статусунан Республика статусуна өткөнүн бекемдеген
Америкалык спортчу Алиса Лю Невада штатында көркөмдөп муз тебүү боюнча АКШнын чемпионатына катышып жатат
Гондурастык мигранттардын Гватемала полициясы менен кагылышы
Вьетнамдагы Шондонг үңкүрүндөгү туристтер
Москвадагы санкцияланбаган нааразычылык акциясынын катышуучулары
Порт-о-Пренседе (Гаити) вуду мода көргөзмөсүндөгү моделдер
UFC мушкери, америкалык Дастин Порье уюмдун эки салмактагы экс-чемпиону ирландиялык Конор Макгрегорду нокаутка түшүрдү. Беттеш 24-январда Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайында UFC 257 мелдешинде болду. Порье беттештин экинчи раундунда Макгрегорду сулата чаап, утту
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германия Кыргызстанга 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү карызын кечүүгө даяр. Болгону Кыргызстан ал каражатты ипотекалык кредитке жумшашы керек. Бул тууралуу журналисттерге Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду.
"Жалгыз Германия карызды жоюу боюнча макулдугун берди. Документке кол коюла элек, бирок сүйлөшүүлөр болду”, — деди Татиков.
Ал кошумчалагандай, бул каражат эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшалат деп күтүлүп жатат.