Жалал-Абад шаарына жаңы мэр шайланды

© Sputnik / Зульфия ТургуноваЖалал-Абад шаарынын кире бериши. Архив
Жалал-Абад шаарынын кире бериши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык кеңештин сессиясына 31 депутаттын 28и катышып, бардыгы тең бир добуштан Ормоковдун талапкерлигин колдоп берген.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын мэри болуп Эрнисбек Ормоков шайланды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Бүгүн, 3-декабрь күнү, өткөн шаардык кеңештин сессиясына 31 депутаттын 28и катышты. Бардыгы бир добуштан Эрнисбек Ормоковдун талапкерлигин колдоп берген.

39 жаштагы Эрнисбек Ормоков буга чейин шаардык кеңештин үч чакырылышынын депутаты, бир жолу төрагасы болгон.

Шаар башчылыгына экинчи талапкер Эрнист Зияйдинов шайлоо күнүндө талапкерлигин коюудан баш тартып, арызын кайтарып алган.

Жаңы шайланган мэр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо "Мекенчил" партиясынын тизмесинде болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0