Ооздуктап коёлу! Зулпукаров президент болчулар ашыкча каралоого өткөнүн айтты

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевРасширенное заседание Комитета по бюджету и финансам Жогорку Кенеша
Расширенное заседание Комитета по бюджету и финансам Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү талапкерлер адам өмүрүнө коркунуч келтире турган чакырыктарды жасап жатканын билдирип, аларды тартипке чакырууну сунуштады.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Президенттик шайлоого аттанып жаткандар соцтармак жана ЖМКлар аркылуу бири-бирин ашыкча каралоого өтүп кетти. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров айтып, аны токтотууну өтүнүп, президенттин жана өкмөттүн ЖКдагы өкүлдөрүнө кайрылды.

Эл өкүлү талапкерлер бири-бирине карата адам өмүрүнө коркунуч келтире турган чакырыктарды жасап, улутуна, тегине асылып жатканын билдирди.

"Буларды кичине тартипке чакырып койбосок болбойт. Кыргызстан эли мамлекет башчысын тандоо алдында турат. Кээ бир беделдүү сайттар жоопкерчилик жок экен деп эле каалагандай фейк материалдарды чыгарып жатат. Муну ооздуктап, жөнгө салып койбосок болбойт. Бир саясатчынын кызыкчылыгы үчүн жалган маалымат тарата берүү келечекте сөз эркиндигине чоң зыян келтирет", — деди Зулпукаров.

Ошондой эле ал "президенттин ЖКдагы мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев кармалгандан кийин Зулпукаровго каршы көрсөтмө берди" деген такталбаган маалымат ЖМКга чыкканын да белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0