Президенттикке талапкерлердин канчасы 1 миллион сомдон күрөө төлөдү. Тизме

Жазылуу
Бүгүн кол топтоо баракчасы менен шайлоо күрөөсүн тапшыруунун акыркы мөөнөтү. Учурда президенттикке 40тан ашуун талапкер бар.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Президенттикке талапкерлердин арасынан 14 киши шайлоого күрөө катары 1 миллион сомдон акча төлөштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Бүгүн (түн ортосуна чейин) кол топтоо баракчасы (кеминде 30 миң кол тамга керек) менен шайлоо күрөөсүн (1 миллион сом) тапшыруунун акыркы мөөнөтү.

Саат 11.00дөгү маалыматка караганда, төмөнкү талапкерлер 1 миллион сомдон төгүштү:

  • Аймен Касенов;
  • Бабыржан Тольбаев;
  • Адахан Мадумаров;
  • Садыр Жапаров;
  • Равшан Жээнбеков;
  • Рашид Тагаев;
  • Эльдар Абакиров;
  • Жеңишбек Байгуттиев;
  • Арстанбек Абдылдаев;
  • Курсан Асанов;
  • Бактыбек Калмаматов;
  • Мыктыбек Арстанбек;
  • Абдил Сегизбаев;
  • Улукбек Кочкоров.

Кол тамга топтоо баракчаларын тапшыргандар:

  • Бабыржан Тольбаев — 58 029 кол тамга;
  • Садыр Жапаров — 59 998;
  • Аймен Касенов — 46 270.

Алгач президенттикке талапкер болуу ниетин 65 жаран билдирген. Учурда алардын ичинен 40тан бир аз көбүрөөк киши калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0