Кандай башкарууну каалайсыз? Референдум боюнча мыйзам долбоору ЖКда каралууда

Жазылуу
Башкаруу формасын аныктоо боюнча мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Акылбек Жапаров экени белгилүү болду.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруу формасын) аныктоо боюнча референдум өткөрүүнү дайындоо жөнүндө" мыйзам долбоору парламентте каралып жатат.

ЖК депутаты Жанар Акаевдин айтымында, эртең менен бул маселе күн тартибине киргизилип же парламенттин сайтына дагы жарыяланган эмес. Кокусунан эле кароого киргизилип калганын жана комитеттерден дагы өтпөгөнүн белгиледи.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Janar Akaev (@janarakaev)

Аталган мыйзам долбооруна демилгечи Акылбек Жапаров экени белгилүү болду. Ал чыгып баяндама жасап, референдумду президенттик шайлоо менен кошо өткөрүү сунушталып жатканын айтты.

Бул мыйзам долбоору парламенттик же президенттик башкарууга өтүүнү аныктоо үчүн референдум аркылуу элдин тандоосуна коюуну шарттайт.

Белгилей кетсек, буга чейин мурдагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров да жаңы Конституцияны кабыл алуу кийинкиге жылдырылганын айтып, президенттик шайлоо менен кошо референдум өткөрүп, эл кандай башкарууну тандай турганын аныктап алууну сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0