Бөрүбашов: парламентаризмди тандаган күндө да Конституцияны өзгөртүү керек

© Фото / пресс-служба партии "Чон казат"Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев. Архив
Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары 10-январда президенттик шайлоо менен кошо мамлекеттик түзүлүштү аныктоо үчүн референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун карашкан.

БИШКЕК, 4-дек — Sputnik. Эгер референдумда жарандар парламенттик башкаруу формасына добуш бере турган болсо, азыркы Конституцияны баары бир жаңыртуу керек. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев маалымат жыйын учурунда билдирди.

"Эл 10-январда "бизге парламенттик башкаруу керек" деген күндө дагы азыркы Конституцияны жаңыртуу зарыл. Бул Баш мыйзамдын көп кемчиликтери бар. Ал кемчиликтерди парламенттик башкаруу формасын колдоп жаткандар да, биз дагы билебиз. Башкаруу формасы боюнча маселе Конституцияда бир нече маселелердин бири гана", — деди Бөрүбашев.

Жогорку Кеңештин залы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жашоо керемет болбойт! Депутаттар парламентаризмден баш тартууга даярбы
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары 10-январда президенттик шайлоо менен кошо мамлекеттик түзүлүштү аныктоо үчүн референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун карашкан.

Маалым болгондой, аталган мыйзам долбоорунун автору — Акылбек Жапаров. Эгер ал кабыл алынса, анда кыргызстандыктар президенттик же парламенттик башкарууну тандашат.

Мыйзам долбооруна добуш берүү азырынча боло элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0