Артем Новиков Кыргызстандын түштүгүнө жана Ферганага барат

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков. Архив
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш сапар 7-9-декабрга пландалган. Анын жүрүшүндө Новиков өндүрүш объектилеринин иши менен таанышат. Андан тышкары, чек ара маселеси боюнча Ферганадагы жыйынга катышат.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Иш сапар 7-9-декабрга пландалган. Анын жүрүшүндө Новиков өндүрүш объектилеринин иши менен таанышат. Ошондой эле Кадамжай районундагы оорукананын курулушун көрүп, Исфана шаарында аэропорттун оңдолгондон кийинки ачылышында болот.

"Мындан тышкары, ал 8-декабрь күнү Ферганада (Өзбекстан) өтө турган Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арага жакын облустарынын жетекчилеринин кеңешмесине катышат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Иш-сапардын аягында өкмөт башчынын милдетин аткаруучу "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү жайынын иши менен таанышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0